Жакында эле Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевге экономикалык өнүгүү боюнча математикалык негиздерге кошкон олуттуу салымы үчүн деп Кондратьев атындагы алтын медаль берилди. Анын изилдөөлөрүнүн дүйнөдөгү жана Кыргызстандын экономикасына тийгизип жаткан таасири жөнүндө ВВС кызматы суроо салган.
Акаев Кыргызстандагы экономиканын азыркы абалы өтө оор экенин айтат (бирок ушул оор абалга өзү пайдубал тургузуп кеткендигин эскербейт). Акыркы жети жылдын ичинде Кыргызстандын элитасы экономиканы таптакыр унутуп, саясат менен алек, бийлик, байлык үчүн күрөш жүрүп жатат деп айыптайт. «Саясат мени кызыктырбайт. Мен азыр экономикалык өнүгүү моделдеринин үстүндө иштеп жатам, андыктан сөзсүз Кыргызстандагы экономика кызыктырат»,- дейт ал.
«Шарттар түзүлүп берилип, сизге «Кыргызстандын экономикасын иликтеп бериңиз» деген сунуш түшсө, мекениңизге кайтат белеңиз?» деген суроого Аскар Акаев: «Мен дайым даярмын. Ата Журтка кызмат кылып, жардам беришибиз керек. Эгер жол ачылып, ошондой шарт түзүлсө, сөзсүз кеңеш айтып, жардам бергенге дайым даярмын»,- деп жооп кайтарыптыр.
ВВС кызматы негедир Кыргызстандын экономикасынын азыркы оор абалына Аскар Акаев өзүн күнөөлүү сезеби же жокпу деген суроо салбаптыр.
акайдын баласын приздент бакийдин баласын пример кылсак кр 1айда онугуп кетет себеби алар жаш политиктер!
Окунучтуусу Акаевге убагында "айлананды кара, озунду кара" - деп айткан адамдын чыкпаганы... бирок " лучше поздно чем никогда" деп коюшат го...
15 жылда озунун чонтогун кампайтып туруп качып кетти. Аялы баласы эле эмес озу да куноолу. Эми эмне кылып жардам берет имиш.
Мен эки экс президентибизди тен колдобойм. Бироо
Birok janagi ui-buloosunun sajasatka kiriship ketkeni katachilik bolup kaldi.
Akaev tich,ech kimdi attirbay ele ketip kaldi ani azir ech kim izdoogo bergen jok,al emi Bakiev kancha eldi sizdatip ketti.
Bakievdi koldogondor ech nerseni tushunbogon karangi elder....
Олкону башкарып жарытпайт себеби олкодо 6мл адам болсо 3млиону аял!