5 ЗЫЯРАТЧЫ КӨЗ ЖУМДУ...
№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж
2012-жылы Меккеде ажылыкка барган Кыргызстандын 5 ЖАРАНЫ зыяратта жүргөн учурда каза тапты.
- «Азия өнүктүрүү банкы» Кыргызстандын энергетикалык секторун оңдоодон өткөрүүгө 55 МИЛЛИОН доллар бөлөт.
- Кыргызстанда 29-октябрдан 4-ноябрга чейинки аралыкта 4700дөн ашык инфекциялык оорулуу катталды.
- Орусиядан буйрутма азайгандыгына байланыштуу, Кыргызстанда тигүүчүлүк өндүрүшү 21 ПАЙЫЗГА азайды.
- «Кыргызгидросталь-конструкция» ААКсы 1,7 МИЛЛИОН сом салыкты төлөөдөн баш тартты деген фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
- Бишкекте 5-ноябрда ШВЕЙЦАРИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИ ачылды.
- 5-ноябрда Жети-Өгүз районунда атасы мас абалында бычактап салган 2 ЖАШАР БАЛА чарчап калды.
- ЭМИЛБЕК КАПТАГАЕВ этникалар аралык мамилелер боюнча А.Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды.
- Быйыл 9 айдын ичинде Корея мамлекетине Кыргызстандан 1406 АДАМ иштөөгө кетти.
- Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо 16-НОЯБРДАН 24ҮНӨ ЧЕЙИН мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө болот.
- Москвада «РИА НОВОСТИ» маалымат агенттигинин редакторуна кол салды деп шектелип, Кыргызстандын үч жараны кармалды.
- Токмокто жылына 500 МИҢ ТОННАЛЫК мунайды кайра иштетүүчү завод курулат.
- Саясий баяндамачы АРКАДИЙ ДУБНОВ Кыргызстандагы окуяларга байланыштуу: «Саясатчылардын аялдарды ачкачылыкка чыгарып, алардын артына жашынуусу уят иш!»- деди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0