
Облустук администрация КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы менен биргеликте иш-чара уюштурушту. 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатка жаштар кызуу катышып беришти. Активдүү жаштарга куттуктоо сөздөр айтылып, алардын ишин баалап Ардак грамоталар менен катар чакан белектер да тапшырылды. Жолугушууда жаштар, жогоруда аталган министрликтин өкүлдөрү жана КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов менен пикир алышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.