ШАДИЕВ ДАГЫ АКТАЛДЫ...
№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж
-
ЭЛЬМИРА ИБРАИМОВА Эсептөө палатасынын төрайымы болуп шайланды.
-
«Континент» басмаканасынан 1900 ашыкча шайлоо бюллетени табылды. Бул боюнча БШК кабарлады.
-
Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын тоолорунда 600 ГЕКТАРДАН ашык аянттагы кургак чөп жана бадал күйүп кетти.
-
Кыргызстан энергетикалык секторун кайра калыбына келтирүү үчүн «Азия өнүктүрүү банкынан» 40 МИЛЛИОН ДОЛЛАР грант алат.
-
2013-жылы кыргызстандыктардын орточо айлык маянасы 13,4 МИҢ СОМДУ түзөрү күтүлүүдө.
-
13-ноябрда Бишкекте Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги тарабынан 35 ЖАШ ТҮГӨЙДҮН үйлөнүү үлпөт тою өткөрүлдү.
-
25-ноябрдан 10-декабрга чейин аялдарга зордук көрсөтүүгө каршы 16 КҮНДҮК АКЦИЯ өтөт.
-
14-ноябрда ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА өрттөн бир кампадагы 3 тонна күрүч, 150 түк чөп, 400 түк саман, 1 тонна көмүр жана 100 түк пахта күйүп кетти.
-
Жогорку Сот 14-ноябрда радиактивдүү көмүр иши боюнча мурдагы Энергетика министри АСКАР ШАДИЕВДИ актады.
-
Ошто террорчулар менен байланышы бар, жашыруун иштеп жаткан басмакана аныкталып, 94 ТҮРДӨГҮ жасалма документтер табылды.
-
Жогорку Сот 15-ноябрда депутат Туратбек Мадылбековдун уулу ЭЛЬДАР МАДЫЛБЕКОВДУ үй камагына чыгарды.
-
14-ноябрда 99 жашында Кыргыз илимдер академиясынын академиги КУРМАН-ГАЛИ КАРАКЕЕВ дүйнөдөн кайтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0