Бүгүнкү күндө боёктордун жардамы менен кааласаңыз чачыңызды сарыга, кызылга боёп аласыз. Илгери заманбап боёктор жок кезде табигый жол менен алынган боёкторду пайдаланышчу. Эмесе, бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой келген табигый чач боёгу кына (хна) тууралуу кеп козгойлу.
ЭМНЕДЕН ЖАСАЛАТ?
Кына – лавсония өсүмдүгүнүн кургатылган жалбырагынан даярдалат. Лавсония бул – ысык климатта өсүүчү бийик бадал. Анын орточо бийиктиги 2 метрди түзөт. Түнкүсүн өзүнө гана тиешелүү жыт бөлүп чыгарат. Түндүк Африкада өтө көп таралган. Ал эми Индия, Мисир өлкөлөрүндө жана Сауд аралдарында аны атайын өстүрүшөт. Илгери араб элдери аны дары катары колдонушкан. Жалбырагынан боёк жасалса, гүлдөрүнөн май алынат.
КОЛДОНУУ
-
Кынаны чач боёк катары тааныйбыз. Ал чачты жалтыратып, кызыл күрөң түскө боёйт.
-
Чачтын өсүүсүн тездетет жана бекемдейт.
-
Майлуу чачтардын майынан арылтат.
-
Индиялыктар майрам күндөрү денелерине сүрөт, оюу тартууда колдонуп келишет.
-
Элдик медицинада кына кеңири пайдаланылып келген. Мисалы:
1.араларды, теридеги тытыктарды айыктырууда пайдаланылат.
2.Сөөктөр, бел омурткасы ооруганда кына сыйпоо сунушталат.
3.Кынанын эритмесин сууга аралаштырып оозду чайкоо менен оозулдан арылууга болот.
4.Кына пастасын сүртүп турсаңыз, тырмактарыңыз жалтырак болот.
5.Чечек оорусунда денедеги ыйлаакчаларга кына пастасын жаап койсо, тез күбүлүп түшөт.
6.Кынанын жыты баш оорудан айыктырары айтылып келет.
7.Курт-кумурска жолобосун деген жерлерге бир аз кына сээп коюуга болот.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз.