ОшТУнун СТУДЕНТИ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ
№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж
6-ноябрдан 11-ноябрга чейин Уфа шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда Ош технологиялык университетинин автоунаа факультетинин 4-курсунун студенти Медетбек Бектемиров алтын медалдын ээси болуп кайтты. Мелдешке дүйнө жүзү боюнча 22 мамлекет катышып, анын ичинен Кыргызстандан барган Медетбек 68килограмм салмак менен дүйнө чемпиондугун ээледи. Жаш спортчунун машыктыруучусу Каныбек Абытовдун айтымында, Медетбек буга чейин Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болгон. Жакында эле Иран Ислам Республикасында өткөрүлгөн мелдеште да эки алтын медалдын ээси болууга жетишкен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
21
Сизге эскертүү!
Сайтта жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!