
15-ноябрь күнү Ысык-Көл облусу боюнча»Ысык-Көл мырзасы жана периси-2012» кароо-сынагы болуп өттү. Бул жолку сынак башкалардан кыйла айырмаланып, катышуучулар кыргыз улуттук кийимдерин кийип, аларга улуттук үрп-адат, каада-салт көргөзүү тапшырмасы берилген. Баш байгеге кыздар арасынан Элнура Калыкова, мырзалар арасынан Элдияр Жапаров ээ болуп, жеңүүчүлөргө Каракол тоо-лыжа базасына эс алууга жолдомо берилди. Кыздардан 1-орунга Айпери Аскерова, 2-орунга Айгерим Темиралиева, 3-орунга Чолпон Кемелова татыктуу болду. Ал эми мырзалардан Арген Айманбаев 1-орунга ээ болду.