7-8-декабрь «Супер сулуу – 2012» сынагынын финалчылары жана алардын жакындары, күйөрмандары үчүн маанилүү күн экени талашсыз. Анткени ал күндөрү Спорт Ордосунун чоң сахнасында кыздар арасында таймаш жүрүп, мыкты деп тандалган бийкеч чет өлкөгө жолдомо утуп алмакчы. Концерт жакындаган сайын ар бир катышуучуну толкундануу, коркуу жана кубануу сезимдери чулгап турганы анык. Биз бир да күндү текке кетирбейли деп кыздардын концерттик кечеге даярдыгын баштадык. Эреже боюнча сулуулар сынакта коктейль көйнөгүндө басуу жана өзүн-өзү тааныштыруу, бикиничен чыгуу, көңүл отун тутанткан чыгыш бийи жана кече көйнөгүн көрсөтүүсү керек. Андыктан бийкечтердин баары даярдыкка жең түрө киришти. Подиумда басуу боюнча «Дизайн мода» моделдик агенттигинин директору Замира Ибраимова кыздарга кеп-кеңешин айтып, сабак берүүдө. Ал эми бийди аталган моделдик агенттиктин бийчи кызы үйрөтүүдө.
