А.КЕЛДИБЕКОВ: «ТАШИЕВДИ ТҮРМӨДӨ КАРМООГО БОЛБОЙТ»
№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

6-декабрь күнү ЖКнын чоң отурумунда депутат Ахматбек Келдибеков УМККнын СИЗОсунда отурган Камчыбек Ташиевдин абалына кайдигер карабоо керектигин айтып чыкты. «Камчыбек Ташиевди камакта кармаганга болбойт деген медициналык аныктама бар. Анын ашказан жарасы бар. Бирок Ташиев «мени чыгарып бергиле деп суранбайм» деди. Ал медициналык клиникада дарыланышы же үй камагына чыгарылышы керек. Бул боюнча маселе көтөрүшүбүз кажет, андай тагдыр ар бирибиздин башыбызга келип калышы мүмкүн»,- деди Келдибеков.
Ошондой эле депутаттар УМККнын тергөө изоляторунда кармалып отурган Садыр Жапаровдун 6-декабрь туулган күнү экенин айтышып, ага бекем ден соолук каалап, өздүк майрамы менен куттукташты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Ушул кээбир доопуросторду такыр тушунбойм!