
1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 30-ноябрда Орусияда өткөн «Ишен жана аткар!» деген ураандагы концерт-акцияга Кыргызстандын атынан "обу жок кызмын" деген эпатаждуу ырчы Каныкей катышып келди. Аталган иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Өзбекстан, Украина жана Молдовадан өкүлдөр чакырылган. Концертке Орусиянын Прохор Шаляпин, Виктория Пьер-Мари, Николай Дроздов, Оксана Федорова өңдүү аттуу-баштуу адамдары катышкан. «Катышуучулардын баары менин кийизден тигилген көйнөгүмө таң калып, үнүмө кызыгышты» дейт ырчы. Эмне демекчибиз, таң калтырганыңды уланта бер, Каныкей.
Shekerbek - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
талантына таазим кылыш керек. кыргыздын атын далайга таанытат деген ишеним бар. мен деген дуйнолук ырчылар баары кайсар болушкан болуш керек.
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
евровид-ге жазылып тургандай европа олколору гана катышатко менимче биз азияда жашайбыз алар чакырган чакта да биздин окмот каржылай албайт