
Эсиңизде чыгар, 5-декабрда Нурлан Мотуев «кыз зордуктады» деген шек менен Бишкек ШИИББи тарабынан камакка алынып, 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Алия аттуу 21 жаштагы кыздын арызынын негизинде кылмыш иши козголуп, Мотуев «ошол кызды зордуктаган» деп айыпталууда.
Нурлан мырза кеңсебизге өзү жалгыз эмес, Айзат аттуу жаш кызды ээрчитип келип, «бул менин сүйлөшкөн кызым» деп тааныштырды. Айтымында, ал 18 жашта. Козголгон кылмыш иши боюнча: «Ооба, ал кыз менен жакшы таанышмын, үйүмө барганы да чын. Бирок мен аны зордуктаган эмесмин. Ошол күнү көчөдөн жолуктук, карасам, үшүп калыптыр. «Жүрү, кафеге барып чай ичели» десем, «жок, кафеден элдин баары бизди карай берет экен, сиздин үйүңүзгө баралы» деди. Макул деп үйгө алып бардым. Көп өтпөй «курбум чакырып жатат» дегенинен эшикти өзүм ачып берип узатып койдум. Анан сыртка чыксам, милиция кызматкерлери келип калышты. Бул атайын пландалган иш. Ал кыз «үйдөн качып чыктым» деп жатат, 2 кабаттуу темир эшик кулпулануу болсо, кантип качып чыга алмак эле?»- дейт Мотуев.
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
кыздын козун карасанар, козунон эле корунуп турат, байкушту100% кыстап эле алып келген.
Мотуевди да бийликтегилер бир айласын таппай жоготушу керек болуп жатат да,а бул жерде кыздагы, Мотуев дагы ойлонбой бул ишти кылып алышты, Кудай сактасын эми.
угуп,ажырашканын билип туруп,дагы уялбай турган турпатын суйом,тийем деп коет...