Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
УНААДА ЖҮРҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ
	
		
	
№529 21-Декабрь-27-Декабрь, 2012-ж 
- 

Аялдамада автобус, маршрутка же троллейбус күтүп турган учурда аялдамадан четтеп, жолдун жээгине чыкпа. 
 
- 
Унаага киргенде кармагычты кармаганды унутпа. 
 
- 
Эч качан эшигине жөлөнүп турба. Эгер эшик ачылып кетсе, кулап кетесиң.
 
- 
Айдоочуга ашыкча суроолорду берип же анын жанына жакын турууга болбойт. Ал сага алаксып, жолду көрүүгө тоскоолдук жаралат.
 
- 
Терезени ачып колуңду же башыңды чыгарбагын. Сырттагы башка машинага урунуп калышың ыктымал.
 
- 
Бирөөнүн унутуп кеткен сумкасын, баштыгын же буюмун көрсөң, айдоочуга айтууну унутпа.
 
- 
Унаа толук токтоп, айдоочу эшикти ачканда гана сыртка чыгуу керек.
 
- 
Эгер бара турган жериң жолдун аркы өйүзүндө болсо, күтө тур. Жолдон чоң кишилер менен чогуу өткөнүң оң.
 
 
 
 "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
 
Рейтинг: 
 
2