Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

НЕМИСТЕН ЭМНЕБИЗ КЕМ?

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж


Жолугууга белгиленген убакыттан эрте же маалында келген кишини «немиссиң го» деп коёбуз. Жер үй сатып алам дегендерге «бул үйдү немис курган» деген сөздөн ашыкча жарнаманын кереги жок. Ушундай ой жараткан немистердин мекенине үч күндүк сапардан бир үзүм...

ФЕДЕРАТИВДҮҮ ГЕРМАНИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ
1990-жылы негизделген
Башкаруу түрү – Парламенттик республика
Аянты – 357 миң 21 чарчы чакырым
Калкы – 82 миллиондон ашуун. Калкынын 90 пайызга чукулу христиан динин тутунушат
Валютасы – Евро (1 евро=62 сомдун тегереги)

АЮУ – БЕРЛИНДИН СИМВОЛУ
10-декабрь күнү Бишкек шаарынын «Манас» аэропортунан көтөрүлгөн учак Германиянын борбору Берлинге алты саатта учуп жетти. Жерден алыс көрүнгөн жылдыздар иллюминатордон кол сунчудай сезилип, айрыкча Польшанын үстүнөн учуп бара жаткан убакта Жетиген (анын фигурасы аюуну элестеткендиги менен таанымал) жылдыз тобу Берлинге чейин ээрчип барды. Жергиликтүү саат менен кечки алтыда конгонубузга карабастан, туш тарапты эбак караңгылык каптаган. Анткени Берлинге жарытарлык күн деле тийбейт экен, алар үчүн ар бир жаркырап тийген күн өзүнчө чакан майрам. Таңы кеч агарган, түнгө тез чумкуган калаа бизди ызгаар суугу, себелеп жааган кары менен тосуп алды.
Айтмакчы, борбордун аталышы да аюу деген сөздөн келип чыккан дешет. Бул жаныбар Берлиндин гербинде да башкы орунду ээлеген. Кайсы дүкөнгө баш бакпа, турист бир аюусуз чыкпайт. Мейли, бул сувенир же оюнчук болсун. Жыл сайын борбордо өтүп турган аюулар скульптурасынын көргөзмөсү да салтка айланган.

ТАЗА, ТЫКАН, КООЗ ШААР
Биз «Тегель-Норд» аэропортуна кондук. Ал жерден автобуска отуруп, ашып барса он беш мүнөт өтпөй шаардын борбордук бөлүгүнө кирип келдик. Адатта өнүккөн мамлекеттердин чоң-чоң шаарларын жол тыгыны менен кошо элестетүүгө көнгөнбүз. Ал эмес, акыркы жылдары бул көрүнүштөн Бишкек деле алдыга озуп чыгууда. Таң каларлык, бирок мейманканага чейин, андан кийинки күндөрү деле эч бир көчөдө жол тыгынын байкаган жокпуз. Берлиндиктерге транспорт кызматын автобус, трамвай, метро, анан такси көрсөтөт.
Жолдорду, анын жанындагы тротуарларын зымылдатып тазалап турушарын көп жерден көрдүк. Тайгаланып түшпөө үчүн жөө жүрүүчү жолдорго майда шагылдар төгүлгөн. Бизге окшоп абайлап баскандар жыргап калбаспы...
Дагы бир айырмачылык: Берлинде тыпыйган, аз бензин сарптаган машиналардын көптүгү. Европалык Союздун, дегеле дүйнөнүн эң бай мамлекетинин бири катары таанылган Германиянын тургундары жалаң кымбат баалуу жол тандабастарда жүрсө керек деп элестетчүмүн. Адашыпмын. А балким, байлыкка жетүүнүн бир жолу сарамжалдуулуктур деген ойго жетелендим.
Көчөлөрдү бойлой курулган үйлөрдүн ар бири өзүнүн өзгөчө архитектурасы менен суктандырбай койбойт. Бекеринен немистин үйү деп мактабайт экенбиз. Ар бир имарат өтө тыкан көрүнөт. Анын баары шаардын кооз көрүнүшүн шарттап турат. Асман тиреген имараттар деле саналуу, көбүнчө он кабатка жетпеген турак үйлөр жайгашкан.

СЫРА, ШОКОЛАД, КОЛБАСА ООЗ ТИЙҮҮНҮ УНУТПАҢЫЗ
Президенттик делегациянын сапары менен баргандыктан, журналисттер тобу кечки убактысын шаарды кыдырууга арнап жатышты. Берлиндеги соода борборлор Бишкекке салыштырмалуу эрте жабылып, кеч ачылары бизге, албетте, жакпады. Бирок 25-декабрда өтүүчү Рождество күнүнө карата шаардын туш тарабында жарманкелер ачылган. Сыра сатылуучу пабдар, колбаса менен сырдын павильондору, шоколад дүкөндөрү, немис нанынын жыты буркураган мештер – мунун баары туристтерди азгыруучу жайлар. Аларды Берлиндин бренди деп кабыл алууга болот. Эгерде Германияга барып калсаңыз, сөзсүз жогоруда айтылган азык-түлүк түрлөрүнөн ооз тийүүнү, куржунга сала келүүнү унутпаңыз. Анткени, чынында, даамы өзгөчө сонун. Баасы да сизди жагымдуу таң калтырат, биздикине салыштырмалуу бир топ арзан. Ошондой эле сырттан келгендер дарыканаларды түрө кыдырып косметологиялык каражат менен дары-дармектерди чөнтөгү кур калгыча сатып ала кетишет.

ОРОЙ СЕЗИЛГЕН НЕМИС КАЛКЫ
Элине келсек, көчөлөрдү кыдырып жүргөндө чачын ак бубак баскан, бирок тың жүргөн өтө көп кары-картаңдарды көрөсүң. Жаштары кайда деген суроого да жетеленесиң. Анткени Германия карып бара жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Ар бир бешинчи жаранынын жашы 65тен ашкан. А балким, азыркы өнүккөн өлкөгө жетүү үчүн бир кездеги муун өкүлдөрү бала-чаканы унутуп, кара жанын аябай иштеген калк болгондур. Анан да кийим-кечеси сапаттуу болгону менен, өтө жупуну жүрүшөт, анын жанында биз кычырап кийингендейбиз.
Союз тасмаларынын тарбиясы менен чоңойгонгобу, немистер оройдой сезилишти. Америкалыктарга окшоп бейчеки жылмая да беришпейт. Немисче сүйлөшүп жатышса, урушуп жаткандай туюлат.
Жалпы жонунан алганда убакытка так, адилеттүүлүгү жана кылдат мамилеси менен таанылган немис калкы жана алардын мекени биз үчүн үлгү-тажрыйба алуунун булагы болууга арзыйт. Германиядан үйрөнчүбүз өтө көп экенин Бишкектеги «Манас» аэропортуна конорум менен тазаланбаган тротуарынан тайгаланып топ эте кулап түшкөнүмдө сездим.

АРАКЕТ ЖЫЙЫНТЫК АЛЫП КЕЛЕБИ?
Президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон сапары, мейли бул немис-кыргыз алакасын жаңы нукка буруу, же жандантуу аракети катары баалайлы, жакынкы аралыкта канчалык жемиштүү болгонун байкайбыз. Анткени сапардын жүрүшүндө эмдиги жылы Германия президенти Йоахим Гаук, андан кийинки жылы канцлер Ангела Меркелдин келе тургандыгы айтылды. Эки башчы келгенге чейин Германиядан Кыргызстанга атайын эксперттер тобу келип, эки тараптын кызматташуу багыттарын, а балким, кайсы тармакка инвестиция кароо ыктымалдыгын да карашат чыгар.
10-12-декабрь күндөрү болуп өткөн президент Алмазбек Атамбаевдин сапары жалпы жонунан эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналды. Делегациянын курамы менен барган Биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева эки тараптуу документтерге кол коюп келишти. Алар: Кыргызстандын Германиянын алдында болгон 8,5 миллиондук карызынын конвертизациясы жөнүндө келишим жана саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу тууралуу бирдиктүү билдирүү. Тагыраагы, бул 28 миллион евро грантын бөлүү болуп саналат.
Эгерде, эки мамлекеттин ортосундагы цифраларга токтоло кетсек, 2012-жылдын 8 ай ичинде Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар алмашуу 138,6 миллион долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу ушул эле көрсөткүчтөн 64 пайызга жогорулаган. Анын ичинде экспорт 12 миллион долларды түзсө, импорт 126 миллион тегерегиндеги суммадан турат. Кыргызстандан Германияга металл, тамеки, химиялык материалдар экспорттолсо, Германиядан Кыргызстанга автомобилдер, алардын тетиктери жана башка жабдуулар ташылат.
Сапардын жүрүшүндө кызуу жана жандуу талкууга ээ болгон жолугушуу бул Конрад Аденауэр атындагы фонддун имаратында орун алды. Ошол күнү Берлин шаарында калың кар жаап жатканына карабастан, талкууга катышууну каалагандан көп болду. Айтмакчы, иш-чарага Германияда окуп-иштеп жүргөн мекендештерибиз да келишти. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаевдин айтымында, аталган мамлекетте 3 миңге жакын кыргызстандыктар жашайт. Алардын көпчүлүгү билимин жогорулатууга, кандидаттыгын-доктарантуралыгын жактоого келгендер болуп саналат.
Жыйынтыгында, эки өлкөнүн ортосундагы мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуунун акыркы сегиз жылдан бери боло электигин эске алсак, президент Алмазбек Атамбаев тышкы мамилелерде Кыргызстандын позициясын бекемдөө үчүн олуттуу киришкени байкалат жана бул темп улана берсе, анда мамлекет башчы эң жакын арада өлкөгө инвестиция тартуу боюнча пайдубал тургузуп баштагандыгына сапардын өзү да күбө болду.

Эльвира Караева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
24.12.2012. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ушулар менен кан тогушуп согушпадык беле, ошондуктан арабыздагы согуш ардагерлери тугонгучо немистерге коп жакындабай эле койолучу, болбосо алардын журогу ооруйт го.
24.12.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigulai, эмне алар тугонгучо дейсин? Алар эч качан олбойт очпойт т.б алар эмес АТАЛАРдесен болмок.Анан немецтер биздин душманыбыз да эмес.
27.12.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куштарбегим, istoriyany pushka mn tossonor, budushiu zambirek mn tsot, da unutpash kerek tarykhty birok onuguu uchun araket kylysh kerek, Ulut jaman emes adam jaman arabysdagy
24.12.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigulai, sen jindi bolbochu!!! Nemister menen ekonomikalyk jaktan bailanysh tussok degen kancha murunku SSSrdin respublikalary tilenip, kaalap turat!!! Sogush ottu kett!!! Nemister bashka mamletterdei osunun ele kysykchylygyn oulobout. Kerek bolso bashka mamlekettin tilin, madanijaty jogolboso eken dep alardy onukturgongo chon salymyn koshot! Germanija Rossija emes. Betine kulup, artyndan kaalaganyn senden alyp algan. Taryhta sogushtar otkon. Kek saktabash kerek!!!
24.12.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aigulai, nemister ozuloru da jaman korushot fashistterdi:-). ozum korup bilip ugup jashap kordum.
05.09.2013. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigulai, ошондо эмне биз учун кан жанын аябаган ата бабаларыбыздын эмгеги алар олгондо олот дегин келеби алар тугонгучо деп абдан эле туготконго шаштынгоо бизге караганда жашоодо омур сурууго алардын акысы коп
24.12.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Немис эли эмес, ошо кездеги фашизм, "улутчул актардын" саясаты, алар түзгөн систем душман болгон. Немис эли ошол замандын катачылыгын дүйнөлүк коомчулук алдында моюнга алып, алардын атынан кечирим сурап жүрбөйбү.
24.12.2012. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nemisterdin bir maga jakkan jeri SSSR menen bolgon sogushtaby je bashka sogushu bolobu student, okuuchulardy osdorunun akchasynyn esebinen mektep, universitetterde atayn osdorunun iniziativasy menen exkursijalardy ujushturup Germanijanyn sogushtardagy taryhyn tokpou chachpai achyk ele aytyp berishet!!! Orustar Stalindin emne kylganyn bashka kalktarga kairylbai kojolu kyrgysdrady kanchanchy jyly kancha jolu kyrganyn taryhka jasbait!!! Birok any kyrgys eli osu bilet!
24.12.2012. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emi Avstriaga kelip korup ketkile 3 kungo:-)
24.12.2012. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы башталыш, ийгиликтүү болсун!
24.12.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошону айтсаң, аларда бар 24 саат бизде да бар.
24.12.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо жакшы макала экен, чындыгында биз неместей болуп иштесек анда кыргызстан укмуш онуккон олколордон болмок, анткени бул жакта айыл чарбасы жогоркуу денгелдее онуккон ошонун негизинде алдынкы олколордун ээси болуп олтурат, ал эми каарыларына келсек 80 жаштагы чон эне десем туура болот болуш керек талаада трактор айдап зулдап иштеп журот,болницага жатып калсак 2 ай жатабыз го булар 2 кундо чыгып келет экен операция болгондор оло тан калдым!!!
24.12.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы кошумчалай кетсем рождествого оло даярданышат экен, 1 ай мурун ,эгер оз козунор мн корсонор жоммоко тушуп калгандай болосунар ал эми биз кыргыздар 1 балатыны онурак орното албайбыз , созумдун аягында бизда неместей болуп иштейликдемекмин ар бирибиз саясаты суйлобой!!!
25.12.2012. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nemec dese ele baary "jestokiy" kalk dep bilishet,birok bulardyn arasynda da kichi peyil,ak konuldoru kop, men 1 jyldai bolup kaldy bul jerge kelgenime,chyndygynda saramjal kelishet, maga jakkan jeri: nemecter kanikuldu,es aluunu(otpusk) ayabai soonun uyushturushat,kak ritual katary karashat,aldyn ala plandashyp, ar bir adam sozsuz "Urlaub"(es aluu je otpusk) alysh kerek dep bilishet, a kyrgyzdarda es aluunu dele unutup koebuz...
25.12.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алардын онугуусун эн негизги себеби ото мээнеткеч болушат принципиалдуу жана так. адилетту келишет ошондуктан биз деле ошону кылганга толук мумкунчулугубуз бар!
25.12.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Немецтердин онугуусуно немец ели гана себеп,
себеби алардын напси биздикиндей емес жана алкымы да капчыгыда кичине.Алы жараша жеп калганын олкосуго жумшайт.
А биздин алкымдан жана капчыктан еч нерсе артпайт.
Алпамыш ач коч королбайбыз бири бирибизди.
Олко онолгуча озум онолойун биздин башта башка еч нерсе жок.
26.12.2012. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Германиядай болуш учун дагы 77млн киши чогултуш керек.
26.12.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде, эки мамлекеттин ортосундагы цифраларга токтоло кетсек, 2012-жылдын 8 ай ичинде Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы товар алмашуу 138,6 миллион долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу ушул эле көрсөткүчтөн 64 пайызга жогорулаган. Анын ичинде экспорт 12 миллион долларды түзсө, импорт 126 миллион тегерегиндеги суммадан турат. Кытай,Туркия,РОссия,Казакстан эспорт импорт эле дейт бюджетке канча пай тушуп жатат и кайсыл жактарга колдону
26.12.2012. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз жалкообуз алар эмгекчил ниет кылалы биз болбосок да бала чакабыз ошондой жашоого жетишине
27.12.2012. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
немистер менен жакшы мамиле куруш керекпиз, биринчи орунга коюш керекпиз.
27.12.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ атан кору десе швецария болуп бутуп, эми германия болгону калганбыз гоо бирок кыялдар орундалат дечу беле...
27.12.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кыргыз екениме суйуном, бирок жеткен ишенчээк (бироого ишенип кутуп отура бермей- кудай бар болсо берет деп), жалкоо,оомараакпыз канча тилди оздоштуруп жатабыз - Оруссия мн орусча, англичандар - анлг, а Кыргыз тилин аракет да кылбай элебиз.
27.12.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хабар казахстандын каналында, казакча алпарган передача нукура казакча суйлошот. бир да орусча койшпой. Орусча нукура орусча. Биз же орус эмес же кыргыз емес тилибиз кеедей деп шылтап коюп - онуктурууго салым жок кундо кимибиз кандай жаргон мн суйлососк ошонубузга ыраазы бп журсок кайдан онугот ТИЛИБИЗ
28.12.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meris, казакча алпарган передача эмес телеберуу. Мына ушул жерде да орусча соз кошулган. Мындайда тил кайдан онукмок эле. Р.S. Макала жакты, бирок немистердей болуш кыйын гоо, кыргыз учун...коз жетпейт...
29.12.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буюрса Кыргызстан да бир кезде дуйно суктанган олко болоруна мен терен ишенем. Американ деле, Кытайын деле, Германия деле кандай олколор эле, бизден начар эмес беле. Акырындык менен биз дагы онугуп, бут дуйно биз менен акылдашкандай учур болот. Ал кез деле алыс эмес. Эн негизгиси адамгерчиликти бийик коюп, бири бирибизди сыйлап, иштерман болуп уйронолу.
31.12.2012. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен немистер менен коп эле иштешип калдым.алардын кийингени жакпайт жана тамактанганда балит болушат.кээде элементарный этиканы сакташпайт.
31.12.2012. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуусу 45 жаштан отуп эле калган бир немка менин жаш жигитимди тартып алды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: