ОРУСИЯ АСКЕРДИК БАЗА ҮЧҮН САЛЫК ТӨЛӨБӨЙ ТУРГАН БОЛДУ
№529 21-27-Декабрь, 2012-ж

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы Орусиянын аскердик базасынын макамы жана шарты тууралуу мыйзамга, ошондой эле эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу жөнүндөгү протоколго кол койду. Аталган мыйзам 13-декабрда ЖКнын депутаттары тарабынан 3-окууда кабыл алынган. Орусиянын базасы ЖККУнун куралдуу күчүнүн бөлүгү болгондуктан, база бардык салык төлөмдөрүнөн жана жердин ижара салыгынан кутулду. Бирок келишимге ылайык, база 2017-жылдын 29-январынан баштап жылына 4 502 495 доллар өлчөмүндө салык төлөй баштайт. Мыйзам кол коюлган күндөн тарта ишке киргизилет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
кана биздин мамлекет онуккон олколорго окшоп оскон болсо ошондо биз жардам сурабайт элек. Атамбай бирок туура чечим чыгарган. мен 4 колдоп колдойм.