Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АБАКТА ЖАТКАН ЖКнын ДЕПУТАТЫ САДЫР ЖАПАРОВдон КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ А.Ш.АТАМБАЕВге КАЙРЫЛУУ

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж


УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Кепти баштаардан мурда 7-8 жыл мурдагы тарыхка кыскача токтолуп, сиздин эсиңизге сала кетейин.
2005-жылы мен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келдим. 24-март күнү үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан элдин сүрүнөн корккон А.Акаев качып кетти. Артынан Москвага барып арызын жаздырып келип, Жогорку Кеңеште кабыл алып бердик. К.Бакиевди убактылуу президент кылып бекиттик. Ф.Куловду түрмөдөн чыгарып келдик. Президенттикке шайлоо күнү жарыяланды. Негизги талапкер болуп К.Бакиев менен Ф.Кулов каттоодон өтүштү. Сиз, Ө.Бабанов, Р.Ирсалиев жана мен болуп Ф.Куловдун талапкерлигин колдойбуз деп сиздин «Форум» имаратыңызды Ф.Куловдун республикалык штабы кылып түздүк. Сиз мени жана өзүңүз жакшы тааныган легендарлуу парламенттин депутаты Кыдыкбаев Бекбосун Кадырович экөөбүздү Ысык-Көл облусуна «ар бир район жана шаарларда штабдарды түзгүлө» деп жибердиңиз. Мен Ысык-Көл облусу боюнча жооптуу болуп бекидим. Биз бир аптанын ичинде облус боюнча штабдарды ачып, даярдап, бүтүп келип, сиздин «Форумдагы» кабинетиңизде үчөөбүз сүйлөшүп отуруп, мен сизге: «Алмазбек Шаршенович, шайлоо бүткөндөн кийин «Кумтөр» алтын кени боюнча маселени чечели, шайлоочулар дагы талап коюп калышты, «Кумтөр» өз элибиз үчүн иштеш керек, мамлекетке алалы»,- деген сунушумду бердим. Сиз: «Садыр иним, Акаевди эмнеге кубаладык, жеке эле «Кумтөр» эмес, башка канчалаган кен байлыктарды Акаевдин үй-бүлөсү минип отурушкан, биз ошон үчүн кубаладык да. Мен сени 100 пайыз колдойм, «Кумтөр» толук мамлекетке өтүш керек. Канадалыктар менен Акаевдер алтындын баарын ташып чыгып кетишти»,- деп айткан сөзүңүздү танбасаңыз керек. Буга Бекбосун Кадырович дагы күбө. Ошол күндөн кийин бир ай өтпөй тандем түзүлүп, жыйынтыгында К.Бакиев президент, Ф.Кулов премьер-министр болуп шайланышты, сиз Экономика министри болуп дайындалдыңыз.
Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары президентке, премьер-министрге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына өзүмдө болгон документтерди берип, калганын терең изилдеп чыгып, «Кумтөр» боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча кат жөнөттүм (архивде бар). Сиз 8 айча иштегенден кийин К.Бакиевге нааразы болуп, министрликти таштап кетип калдыңыз. Күндөрдүн биринде сиз Чүйдүн жайлоолорунун биринде эс алып жаткан жериңизге Ө.Бабанов экөөбүз барып, сиз үчөөбүз боз үйдө бир топко чейин сүйлөшүп отурдук. Мен ошол жерден дагы «Кумтөр» жөнүндө сөз козгогонумда, сиз: «Садыр иним, азыр чечилбейт, көрүп жатпайсыңбы, Акаев деген фамилия Бакиев менен эле алмашып калды. Биз чоң жаңылдык, баарын Бакиевдер басып алышты, эми алар кетмейин чечилбейт»,- деп арман кылдыңыз.
2012-жылдын 15-февралында «Кумтөр» алтын кениндеги коррупциялык, экологияга болгон жырткычтык мамилелерди текшерүү боюнча Жогорку Кеңештен комиссия түздүрүп, өзүм башында туруп дыкат текшерип келип, 1992-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки былыктарын, коррупциялык жана канадалыктардын экологияга болгон жырткычтык мамилелерин 800 беттен турган отчёт жана видеотасмага түшүрүлгөн фактылар менен чыгып, Жогорку Кеңештин алдында 20-июнь күнү отчёт бердим. Кыскача айтсам, «Кумтөр» алтын кени боюнча келишим Канада мамлекети менен эмес, жөнөкөй ишкерлери менен түзүлгөн. 1992-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин эл аралык нормаларга эле эмес, Кыргызстандын мыйзамдарына одоно түрдө каршы келип түзүлгөн бардык келишимдерден Кыргызстан тарап бир жактуу баш тартып, «Кумтөр» алтын кени толук мамлекетке өтсүн деген токтом долбоорун алып чыктым. Тилекке каршы, токтом долбоору өткөн жок. 36 эле депутаттын колдоосун тапты.
Мен бул токтомдун долбоорун маселени түшүнбөгөн колхозчу сыяктуу алып чыккан жокмун. 1992-жылдан берки келишимдерди, 1960-жылдардан берки эл аралык келишимдерди жана БУУга мүчө болуп кирген мамлекеттер (Кыргызстан, Канада дагы бар) аралык конвенцияларды дыкат иликтеп чыгып, андан сырткары эл аралык соттордо катышып жүргөн тажрыйбалуу, көз карандысыз юридикалык эксперттер жана өзүбүздүн кыргызстандык мен деген юристтери менен биргеликте отуруп текшерип көргөнүбүздө 1992-жылдан берки бардык келишимдер жеке эле эл аралык келишимдерге эмес, Кыргызстандын мыйзамдарына толук каршы келип, мурдагы президенттердин көрсөтмөсү менен түзүлгөндүгү кашкайып көрүнүп чыга келди. Буга дагы бир далил: Мен БУУга Тышкы иштер министрлиги аркылуу кат жөнөткөнмүн. БУУдан «бул келишимиңер биздин учётто жок, бул келишим мамлекеттер аралык келишимдерге жатпайт» деген мааниде кат келген, аны депутаттарга таркатып бергем. Мамлекеттер аралык келишим болуш үчүн эки мамлекет кол коюшуп келишим түзүш керек эле. Бул келишимдер жеке ишкер менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда түзүлгөн келишим болуп жатат. Демек, Кыргыз мамлекети бир тараптуу эле келишимдерден баш тартып койсо, бул – Кыргыз мамлекетинин өз иши. Бизди эч бир мамлекет «келишимдерден баш тартпагыла» деп мажбурлай албайт. Биз көз карандысыз мамлекетпиз.

УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Кечээ жакында теледен сүйлөп жатып, сиз «С.Жапаров 2009-жылы «комиссар» болуп иштептир, эмне үчүн ошондо көтөргөн жок. Бул келишим ошол мезгилде эле парламенттен ратификациядан өтүп, Конституциялык соттун чечими чыккан» дедиңиз.
Биринчиден: Мен «комиссар» болуп турганда комиссия түзгөнгө мыйзам жол бербесе же ошол кезде менде бүгүнкүдөй фактылар 100 пайыз топтоло элек болсо, мен эмнени көтөрөт элем?
Экинчиден: Парламенттер мурдагы президенттин көмүскө буйруктары менен ратификациядан өткөрүп берип жатышпайбы. Бул биздин мыйзамдарга туура келбесин студент деле түшүнүп турат. Себеби бул келишим эл аралык келишимге жатабы? Канаданын парламентинен ратификациядан өткөнбү деген суроону койгондо канадалыктар жооп бере албай жатышпайбы. Себеби өткөн эмес да. Биздин чиновниктер өзүлөрү эле акчага сатылып, «мегиле» деп ратификациядан дагы, Конституциялык соттун чечимин дагы, эл аралык нормаларга каршы келгендигине карабастан, жан талашып чечим чыгарып берип жатышпайбы. Мындан сырткары ошол эле Конституциялык сот менен «Ак жол» партиясы баш болгон парламентти Апрель окуясынан кийин «силер легитимдүү эмессиңер» деп таркатып жибердиңер го. Анан легитимсиз органдар бекитип берген келишим кантип легитимдүү болот?

УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Сиз мага окшогон чындыкты бетке айткан, ачык саясатчылардан коркпоңуз, тескерисинче, өзүңүздүн тегерегиңизде карегиңиз менен тең айланып жүрүшкөн куйту, өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон арам тамак, калпты чындай жеткирген эки жүздүү, креслосу үчүн сизди эле эмес, энесин кошо саткан коён жүрөк жан-жөкөрлөрүңүздөн корксоңуз туура болот. Себеби эки президент качканда ошолор биринчи сатканын өз көзүңүз менен көрдүңүз. Кача электе эле сиз менен тымызын кызматташып жүргөн чиновниктер бүгүн сиз менен иштешип, кызматта отургандарын сиз өзүңүз жакшы билесиз. Эми экономика жагына бир аз токтоло кетейин.

УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Мен адис экономист эмесмин, бирок эсептөө жагынан Кудайга шүгүр элемин. Сизге акыл үйрөткөндөй болбоюн, тек гана жөнөкөй фактыларды келтиргенге аракет кылайын.
Акыркы убакта «аш-тойлорду токтоткула» деген саясат жүргүзүп жатасыңар. Бул таптакыр туура эмес саясат деп эсептейм! Себеби аш-той деген – кыргыздын ата-бабаларынан бери келе жаткан салты. Аны токтотууга мүмкүн эмес. Андан көрө өлкөдөн уурдалып чыгып кетип жаткан алтын, күмүш жана башка ушул сыяктуу баалуу металлдардын уурдалышын токтотсоңор, ошол алда канча пайда алып келет. Кедейлер дагы байып, кыргызстандыктар 100 пайыз той берип калышса кана, атаганат! Бүгүнкү күндө байлар жана колунда барлар эле той беришет. Үчтөн, төрттөн жылкы союшат. Ал жылкыларды айылдык малын сата албай отурушкан жарандарыбыздан сатып алышып, аларга дагы пайда келтиришет. «Кумтөр» жок дегенде ошол айылдыктардын сата албай жатышкан малын, картошка жана башка мөмө-жемишин сатып алышса, бир аз да болсо жардам болбойт беле. Тескерисинче, Аргентина, Америкадан эт сатып алып келишет, анысынын баасы асмандын башы. Ошентип, баары биздин эсебибизден кетип жатпайбы.
Мындан сырткары бүгүнкү күндө өлкөдө 30 миңден ашуун окуучу балдарыбыз мектепке барбайт. Бир жыл мурун Роза Отунбаева өз оозу менен «30 миң бала окубайт» деп айтты эле. Демек, келечекте 30 миңден ашуун сабатсыз жарандарыбыз пайда болот, алардын ичинен бандиттер да чыкпайт деп кепилдик бере алабызбы? Андан көрө чет элдиктер уурдап кетип жаткан байлыктарыбызды токтотуп, ошол окуучуларыбызды бекер окутуп, жаштарды сапаттуу тарбиялоого жумшасак болбойбу? Сөзсүз болот эле, буга эрк гана керек.
1997-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин бир эле «Кумтөрдү» алалы. 260 тонна алтын алып кетишти. Бүгүнкү рыноктук баа менен эсептесек (1 тоннасы 55 миллион доллар) 14 миллиард доллардын тегереги болот. Бирок калыстык үчүн мен чындыкты айтып коюшум керек. 1997-жылдан 2003-жылдарга чейин алтындын рыноктук баасы бүгүнкү баадан арзаныраак болгон. Ошондуктан 14 миллиард эмес, 10 миллиард доллардын тегерегин түзөт. Бул сумманы өзүңүз премьер-министр болуп турганда Түркияга барган сапарыңызда ошол жактан «Кумтөрдөн» 10 миллиард доллардын алтынын алып чыгып кетишиптир, бизге 10 пайызы дагы калбаптыр» деп айтканыңыз эсиңизде болсо керек. Ал эми күмүш, жез, вольфрам, платина жана башка ушул сыяктуу баалуу металлдардын көлөмүн, баасын текшерген биздин мамлекет тараптан бир жан жок экенин комиссиянын текшерүү убактысында так аныктадык. Акыркы 15 жылда канадалыктар 1,5 миллиард доллар Кыргызстандын пайдасына бердик деп көрсөтүп, отчёт берип жатышат (комиссиянын отчётунда так көрсөтүлгөн). Бул суммага кайсылар кирет? Салык, соцфонд, эмгек акылар, тамак-аш сатып алуулар, техника сатып алуулар, тетик сатып алуулар, Ысык-Көл фондуна кеткен чыгымдар. «Кумтөрдөгү» канадалыктардын өз аялдары үчүн чет өлкөлөрдөн сатып келген ич кийимдеринин, косметикасынын (алалык, кол сумкалары) жана башка ушул сыяктуу чыгымдарынын баалары салыштырмалуу 10-15 эсе кымбат болгондугу кимдин гана кыжырын келтирбейт. Мындай чыгымдар канадалыктардын отчётторунда жүздөп саналат. Кыскасы, алтын казып алууга кеткен бардык чыгымдар жана кыргыз тараптын таза кирешеси деп 15 жылдан берки берген 44 миллион доллары дагы кирет. Демек, 260 тонна алтын казып алууда 15 жылдан берки бардык чыгымдар Кыргыз мамлекетинин эсебинен каржыланып, канадалыктар менен биздин мурдагы бийлик өкүлдөрү 8 миллиард доллардын тегерегиндеги акчаны сол чөнтөккө уруп коюшкан деп айтсак жаңылышпайбыз.
Бүгүнкү күндө дүйнөнү дүңгүрөтүп турушкан АКШ, Кытай жана Орусия мамлекеттери 1 килограмм алтын сыртка чыгарбастан, тескерисинче, жүздөгөн тонналап алтын сатып алышып, мамлекеттик алтын запастарын көбөйтүп жатышат. Мисалы, биздин стратегиялык өнөктөшүбүз Орусияны алалы, 2011-жылы эле
440 тонна алтын сатып алган. 2012-жылга 500 тоннадан ашуун сатып алуулар белгиленген деп экономисттери жар салышкан. Биздин Улуттук банк болсо жылына 25 килограмм алтын сатып алат. 1991-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов «өлкөдөн 1 килограмм алтын чыкпасын» деген жарлыкка кол коюу менен өз ишин баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин алтын сатуу, сатып алуу мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ошон үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик алтын запастарынын көлөмүнүн айырмасы пил менен кумурскадай.
«Эмне үчүн АКШ, Кытай жана Орусия мамлекеттери алтындын запасын эбегейсиз чоң көлөмдө сатып алып жатышат?» деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени бүгүнкү күндө дүйнөлүк ички дүң продукция 80 триллион долларга жетсе, баалуу кагаздар 2000 триллион долларга жетти. Эгер эртеңки күнү дүйнөлүк каатчылык болуп кетсе, баалуу кагаздар саман болуп калат. Биздин «Центеррадагы» 1,5 миллиард долларлык акциябыз илгерки СССРдин 30 тыйындык лотереялык билетине айланары турган иш. Муну экономика илимдеринин эксперттери, илимпоз, докторлору деле танбайт болсо керек.

УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Эртең кеч болуп кала электе биз өзүбүздүн корообузда жаткан
40 миллиард долларлык алтыныбызды сактап калышыбыз керек. Айрым саясатчы агаларыбыздын жана бийлик төбөлдөрүнүн айтымдарында, канадалыктар Эл аралык сотко беришсе,1 миллиард долларга чейин утулабыз дешет. Мейли, утулдук дейли. Сүйлөшүүлөр жолу менен алтындын эсебинен төлөп берели, ошондо да
40 миллиард долларлык алтындын запасын сактап калып жатпайбызбы. Бирок Эл аралык соттон утулбайбыз десек болот. Биздин жаратылышты талкалап, миңдеген жылдар бою сакталып келе жаткан беш мөңгүнү жок кылып салышканы үчүн аларды сотко берсек, үч эсе көп сумманы биз утуп алабыз. Себеби эл аралык нормаларда так көрсөтүлгөн, «кайсы мамлекетте алтын казылбасын, инвесторлор ошол мамлекеттин мыйзамдары менен гана иштешет» деп турат. Булар биздин бир дагы мыйзамды сактаган эмес, тескерисинче, өз билгендериндей иштеп келе жатышканын далилдеп бердик. Дагы бир мисал, экологиялык мыйзамдарды сактабай, жаратылышка жырткычтык мамиле кылган досторду токтоосуз камакка алса жарашат. Эмне үчүн биз өзүбүздүн 10 түп карагай уруксатсыз кыйып алган жарандарыбызды «экологияга зыян келтирдиң» деп камап, 3 жылдан 5 жылга чейин соттойбуз да, миллиарддаган долларга жаратылышыбызга зыян келтирген чет элдик досторду баштарынан сылап отурабыз?
Экологияга келтирилген зыян үчүн деп жылына 310 000 доллар төлөшөт экен. Бул сумма келтирилген зыянга салыштырмалуу деңиздин тамчысындай эле кеп. Анысы аз келгенсип, ал акча дагы Лондонго барып түшүп, ошол жакта сакталат экен. Эмне үчүн биздин Улуттук банкка түшпөйт же эмне биздин Улуттук банк акча сактай албайбы? Ушунча жылдан бери Улуттук банк пайдасын көрүп турса болот эле го.

УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Кыргызстандагы окуучудан же студенттен «алтын кымбатпы же экологиябы?» деп сурасаңыз, ойлонбой туруп «табият кымбат» дейт. А бирок инвестор деген аты бар канадалыктар алтын алабыз деп Кыргызстанды түбөлүктүү уулуу заттардын өлкөсүнө айландырып салса, буга ким жооп берет? Мисалы, мындан 14 жыл мурда Барскоонго 2 тонна цианид кулаганда жүздөгөн адамдар ден соолугунан азап тартып, ондогон адамдар каза болгон. Ошол эле мезгилде президент Акаев элди алдап, «Кумтөр» каражат бөлдү» десе, анын эколог министри көлгө түшүп, «цианид жок» деп жарнама жасаган. Булар тарыхтын ачуу чындыгы.
2 тонна цианид Ысык-Көлдө элдин миңдеген малынын ылаңдашына, жүздөгөн адамдардын оорушуна себепкер болгон. Ошол жылы көлгө эс алуучу келбей, облус бүгүнкү акча менен 1,5 миллиард сом чыгашага дуушар болгон. Моралдык зыяндын чеги жок. Ошондо азапты ким тартты? Эл тартты! Элге деп канадалыктардан өндүргөн акчаны ким жеп кетти? Акаев баш болгон бийлик жеди! Бакиевдик бийлик мындай мисалды он эсе көп кайталады. Отунбаеваны айтпай эле коёюн. Сиз эмне кылып жатасыз?
Деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктеги Кумтөрдө 360 гектар аянтты ээлеген хвостохранилищада 60 миллион куб же 90 миллион тонна болуп көрбөгөндөй уулуу заттардын калдыктары көл болуп килкилдеп турат. Мындан сырткары ар кандай уулуу химикаттардын таштандылары, мүшөк жана темир-тезектери миллиард тонна болуп кар алдында 20 жылдан бери көмүлүп келет. Мынчалык өлчөмдөгү уулуу заттар кайда барат?
90 миллион тонна болгон уулуу заттардын калдыктары тоо кыркалары менен булак болуп жер түбүнө кетсе, айрым бөлүгү Ара-Көл суусу аркылуу Нарынга куюлуп жатат. Кокус Кумтөрдүн айланасында катуу жер титирөө болсо, бул уулуу заттар ар кандай булак суулары аркылуу бир бөлүгү Ысык-Көлгө куйса, калганы Нарынга кирип кетүү коркунучу турат. Мындай коркунучту Петров көлү бүгүн-эртең жасайм дегендей турганын адистер он жолу эмес, жүз жолудан айтышты. Мындай кырсык болуп калышын америкалык көз карандысыз экоэксперт, доктор Дж.Моран да бир эмес, эки жолу аныктаган. Сиз мындай адистердин пикиринен чочулабайсызбы? Анда мен дагы бир жолу айта кетейин.
Эгерде бизде Ысык-Көлдүн үстүндө ушундай ууланган заттардын калдыктары 360 гектар жерди ээлеп турганын билсе, дүйнө эли Ысык-Көлгө кандай көз менен карайт? Эгер Кумтөрдө жер катуураак силкинсе, 90 миллион тонна уулуу зат суу менен бир жагы Нарынга, бир жагы Ысык-Көлгө куюлса эмне болобуз? Кыргызстанды гана эмес, Орто Азияны уулап жаманатты болсок, буга ким жооп берет? Канадалыктарбы же кыргыз бийлигиби? Сиз унутпаңыз, канадалыктар менен болгон келишим эл аралык мамиледе жок. Демек, андай кырсыкка кыргыз жана Кыргызстан гана жооп берет!
20 жылда Канада 260 тонна таза алтын ташып кетти. Бизге болсо 90 миллион тонна уулуу заттардын 360 гектарды ээлеген килкилдеген, коркунучтуу көлү калды. Алтыныбызды берип, табиятыбызды түбөлүккө талкалап салгандай биз ушунчалык маңкурт болдукпу?

УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Мындай балээ менен мен күрөшпөсөм, сиз күрөшпөсөңүз, анда ким күрөшөт? Кыргызстандын эртеңки келечегине ким жооп берет? Мени сиздин бийлик мунараңыз кызыктырбайт. Мени Кыргызстандын эртеңки келечеги ойлондурат. Кыргызстандын келечегин ойлогон адамды «бийлик талашты» деп камоо жаш баланын оюна да келбейт.
Мен 2 айдан бери «Кумтөр» үчүн, Кыргызстандын эртеңки келечеги үчүн камалып жатканыма өкүнгөн деле жокмун. Бүгүн «Кумтөр» үчүн үчөөбүздү камадыңыз. Биз сыяктуулар күн сайын жүздөп, миңдеп көбөйүп жатканын унутпаңыз. Анткени ар бир кыргызга Кыргызстандын эртеңи кымбат. Сиз Бакиевдин премьер-министри болуп тургандагы катачылыгыңызды бүгүн президент кезиңизде оңдоп салсаңыз, дагы бир жолу айтам, кыргыздар үчүн Түрк атадай түбөлүк урматка ээ болмоксуз. Ойлонуп көрүңүзчү. Эгерде ал жолго барбасаңыз, анда Кумтөрдөгү 90 миллион тонна уулуу заттарды, кар алдына миллиард тонна уулуу калдыктарды көмүп жаткан канадалыктардын сүйүктүү досу болуп каласыз.
«Кумтөрдөн» башка дагы жаңы ачыла турган алтын кендерге токтоло кетейин. Кечээ жакында 12 алтын кенин сынак, аукцион деп жарыяламыш болуп, чиновниктер жең ичинен сатып жатышат. Министрлериңиз ММКларга чыгып, «биз недра боюнча укмуш сонун мыйзамдарды кабыл алып салдык, катуу көзөмөл кылабыз» деп жатышат. Чынын айтсам, алтын тамгалар менен жазылган мыйзамдарды кабыл алышса да, ал мыйзамдар аткарылбайт, муну турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы. 20 жылдан бери «Кумтөр» боюнча аткарылбаган мыйзамдар 12 жаңы кенге аткарылып калабы? Биздин чиновниктер менен биргеликте ошол эле инвесторлор болгон пайданы коррупциялык жол менен уурдап чыгып кетишет.
Жыйынтыгында бир «Кумтөр» маселесин чече албай жатып дагы он эки «Кумтөр» жаратып алабыз. Буга бөгөт коюунун бир эле жолу бар. Терең изилдеген адам катары айтайын. Мисалы, 1 алтын кенде 10 тонна алтын бар дейли. Инвестор менен аукциону жок эле түз келишим түзүш керек. Мына ушул кендеги 10 тонна алтындын 40 пайызын (4 тонна алтынын) түздөн-түз мамлекетке төгөсүң. Калган 60 пайызын (6 тонна алтынын) сен аласың, бирок ушунун ичинде салык, соцфонд, эмгек акы жана башка ушул сыяктуу чыгымдардын баарын өзүң көтөрөсүң десек, инвесторлор каз катар тизилип калышат.
Муну инвесторлор өздөрү дагы айтышат. Мамлекетке да, инвесторлорго да жакшы, баштары оорубайт. Биздин чиновниктер ошондо уурдай албай калышат. Инвесторлор да аларга эч нерсе бербейт, себеби аларга баары бир, мамлекетке төгөбү же чиновниктерге береби. 40 пайызын түздөн-түз мамлекетке төгүп жаткандан кийин эч ким менен соодалашышпайт. Мына ушундай жол менен гана биз кен байлыктарыбызды сактап, ичмей-жемейди токтото алабыз. Айта берсем мындай фактылар, цифралар абдан эле көп, жаза берсем кагаз жетпейт. Ошондуктан сөзүмдү кыскартайын.

УРМАТТУУ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ!
Мамлекетибиздин сырткы карызы 3 миллиард долларга жеткенин сиз жакшы билесиз. Аларды төлөп баштоо мөөнөтү 2017-жылга туура келет. Кыргызда мындай жакшы сөз бар: «Эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе, амалыңдын кеткени». Эгер бюджет бүгүнкүдөй тартыштык менен жүрүп отурса, 2017-жылы эмне болорун айтыш кыйын. Ошондуктан бүгүнкү күндүн эле бюджетин ойлой бербестен, келечек муундардын дагы бюджетин унутпашыбыз керек. Макул, биз бүгүн Кудай маңдайыбызга жазган бүт алтындарыбызды аукционго коюп, ит бекер баада сатып жиберели, келечек муун эмне менен жашайт? «Кыргызстаныбыз кооз, туризм менен жашасак болот» деп төш кагабыз, кийин ууланган, талкаланган жаратылышыбызды көргөнү кайсы турист келет? Буга мисал, айрым япониялык коноктор керек болсо Ысык-Көлгө баргандан коркушуп, радиация нормадан ашыгыраак экен деп Бишкекте жүрүп кетип жатышпайбы, муну ким тана алат?
Ошондуктан, урматтуу президент, мындан 7, 8 жыл мурдагы позицияңыздан тайбай, «Кумтөр» алтын кенин мамлекеттин пайдасына чечишиңиз керек деп ойлойм. Себеби бүгүнкү күндө баары сиздин колуңузда. Эгер мамлекеттин пайдасына чечип, келерки 5 жылда сырткы карыздан кутултуп кетсеңиз, сиз Ататүрктөй кыргыз башы болуп тарыхта каларыңыз шексиз. Бул менин сизге үйрөткөн акылым эмес, жеке көз карашым. Кандай чечим кабыл аласыз, ал сиздин колуңузда.
Эми мага коюлуп жаткан кинелерге кыскача токтолоюн.
1-кине. Киев көчөсүндөгү №74-имараттын М.Бакиевдики экенин билип туруп сатып алган дешет. Эгер мени күнөөлүү катары сурашса, анда Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүн жана Башкы прокуратура кызматкерлеринин баарын сураш керек. Себеби 7-апрелден баштап эле Бакиевдердин республика боюнча бардык мүлктөрүн тоокканаларына чейин тизмеге түшүрүп, 150дөн ашык имаратын улут­таштырдыңар го, эмне муну көрбөй, билбей калдыңарбы? Анан ошончо киши 2,5 жылдан бери билбей жүрүшкөн имаратты жалгыз Жапаров эле билиш керек беле? Ошондуктан менин бул жерде күнөөм жок экенин, накталай акчага сатып алганымды прокуратура кызматкерлери өздөрү деле тастыктап отурушат.
2-кине. Бийликти күч менен басып алууга аракет жасашты дешет.
Биринчиден, бийликти күч менен басып алуучу адамдардын колунда курал болот, даярданышат, миңдеген спортчуларды топтошот. «Жыйырма бала менен дарбазадан секирип кирип басып алат» деген жомок экенин жөнөкөй адам деле түшүнүп турат.
Экинчиден, мен ошол учурда митингди өткөргөн адам катары элге кайрылып жатам, бүгүн парламентте 70ке жетпеген депутат бар экен, Чыныбай Турсунбеков баштаган 10 депутат командировкада жүрөт. Ошондуктан бул маселени 10-октябрга калтыралы деген сунушумду айттым. Анан кантип мен бийликти басып алууга аракет кылышым мүмкүн? Бийликти басып алуу үчүн алдын ала даярданат, тагыраак айтканда, атайын спортчулар, курал-жарак менен болгон учурда гана бийликти басып алууга аракет жасайт. Менде мындай жагдайлардын бири да болгон жок. Анан кантип «бийликти басып алабыз» деген ой болсун? Бул нерсе эч бир логикага сыйбайт.
Митингге чогулган адамдардын колунда эч нерсе болгон эмес. Ал жерге негизинен өзүнүн принциби бар мекенчил адамдар чогулган. ММКларда жазып жаткандай, мен эч кимди ал жерге акча берип алып келген эмесмин. Ал гана турсун партиялаш досторумдун бирин да бул митингге чакырган эмесмин, анткени бул аракет менин жарандык көз карашымдын негизи болчу.
Сөзүмдүн акырында айтарым, Акаев, Бакиев убагында да саясий туткундардын үй-бүлөсүн, бир туугандарын бүгүнкүдөй куугунтукташкан эмес! Ошондуктан менин үй-бүлөмдү, бир туугандарымды куугунтуктагандарын токтотушсун!
Жапаровдордун бирөөсү дагы мамлекеттен бир тооккана же комок дагы менчиктештирген эмес. Аукциондон утуп алуу же сатып алуулары бул башка маселе. Эгер кайсы бир прокурор Жапаровдордун мамлекеттен бир комок менчиктештиргендигин далилдеп берсе, мен өмүр бою камакта отурууга даярмын!
Менин жалгыз тилегим – дүйнөдөгү алтын запасы боюнча 7-орунда турган «Кумтөрдөгү» алтын бүгүн жана келечекте кыргыз мамлекетине, кыргыз өлкөсүнүн жыргалчылыгына кызмат кылсын. Албетте, ошол эле мезгилде бүгүнкүдөй адилетсиздиктин, кыргызды онго бөлгөн саясий сойкулуктун, Баш мыйзамды көзгө илбеген бийликтин зомбулугунун токтотулушун талап кылам! Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондо гана элибиздин жашоосу оңолорун унутпасак!
Чындык, адилеттүүлүк, мекенчил сезимде эл талабы менен жашоо менин тагдырымдын негизги урааны экенин дагы бир ирет айта кетем!

Урматтоо менен Садыр Жапаров



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
26.12.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарымына чейин эле окудум, аябай ынанымдуу болуп турат. Мен Жапаровго ишенип турам. Анын айткандары анык болсо, Кудай колдосун эле дегим келет.
26.12.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Атамбаев адилет чечим чыгарса болду. Колдо бар алтындын баркы жок деп, кыргыздар эле айткан окшойт. Цыгандар бекеринен алтын чогултушпайт да. А биздин алтындарыбыздын пайдасы канадец менен козун май баскан чиновниктерге, уусу элге тийип жатканы ичти ачыштырбай, ойлондурбай койбойт экен.
26.12.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С. Жапаров, эртерээк турмодон бошонуп, баштаган ишиниздин аягына чыгышынызды каалайм жана тилек кылам. Кыргызстаным, кыргыз элим,кыргыз берметтери, кыргыз тилим жаша, жаша, жаша!
26.12.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапаровдун айткандары,далилдерине ишенип калдым. Атамбаев экоо иштесе кандай болот эле.
26.12.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С. Жапаров эле куйуп жатат го бул Кумторго. Башкаларга баарыбирби? Атамбаев болсо "мне очень жаль что мы так живем..." деп эле отурат
26.12.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суранам Урматтуу Алмазбек Шаршенивич сиз эрктуу болушунуз керек!Эмне элиниз учун кызмат кылуу сизге бизге баарыбызга парз бирок ошол чоон мумкунчулук сизде бар сиз жасай аласыз жону жок байлык топтоо же ойун кулку сизди кызыктырбаса керек деп терен ишенгим келет!Оз кызыкчылын ойлогондор артында жаман соз,акараат,нааразычылык гана калтыра алышты оз атына.Келечек муундарга жол ачыныз! Мен озум окуучумун бирок мамлекетибиздин ушул абалы мени тынчтандырбайт келечектен умут кылсак болобу же жокпу??
27.12.2012. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С.Жапаров,Ташиевдин кылган кылыгы учун отурат,аны элдин баары корду,Ташиевди токто деп айтып атканына дагы кубо болдук.Жапаров туура айтат,эгер бирдеме болсо чиновниктердин башы оорубайт,чет олколордон уйлорду алып коюшкан,ошол жакка кетип калышат.Карапайым эл кыйналат.ууланып.Чет олкодо Ташиевдин,Келдибековдун,Ж.Жолдошевалардын,ж.б.коптогон,депутатар,чиновниктердин тамдары чет олколордо бар экен.Баштары оорубайт кетип калышат.Экология аларды кызыктырбайт,кудайдан коркушпайт,аларга акча еле кере
27.12.2012. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр аке башынан ойлонуп иш кылсаныз, эл учун куйуп бышып иштесениз эл алдында таза болмоксуз, кадыр баркыныз да жогору болмок. Жок эле дегенде озунуз туулуп оскон жердин жашоочулары сизди сыйлашат эле
27.12.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгерде бизде Ысык-Көлдүн үстүндө ушундай ууланган заттардын калдыктары 360 гектар жерди ээлеп турганын билсе, дүйнө эли Ысык-Көлгө кандай көз менен карайт? Эгер Кумтөрдө жер катуураак силкинсе, 90 миллион тонна уулуу зат суу менен бир жагы Нарынга, бир жагы Ысык-Көлгө куюлса эмне болобуз? Ал андан ары сууга аралашып Токтогул,Камбар-Ата гестерин иштен чыгарып жарыксыз калабыз.Андан ары Бир жагы Таджикстанга бир ж
27.12.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагы Озбекстан,Казакстанга да зыяны тийет.
27.12.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапаров эле куйуп жатат го. Алмаз байкем чымын чаккандай да болгон жок, ойлонуп баш оруткусу жок.Кеткиси келип калса керек!
28.12.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйбогон жерим кул болду!
28.12.2012. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuday sakta bir gana keldibekov emes bardik chinovnikterdin uyu bar chet olkodo, atambaevdikidaa. Kachip ketishet baari bir deme bolso. Misali Mina Dubai da sharshenovichtin uyu da bar agentsvodogu maalimattarda alingan, tekebaevdiki, kulovdukut, Ж.б. Aman ele bololuchu kuday sakta . Allah ozu saktasin ushul gana sozdu ayta alabiz karapayim kalk
28.12.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев эбакэле акаебакиев болуп калган озунор ойлоп коргулочу кумтордун20 жылдан берки отходу кайда кетипжатат ал биздин жогору жагыбызда былгып жатат хвостохранилище ачык асмандын астында бууланып жатат дамба открытый.кумторду жабышк-к элгетыйындай пайдасыжок экологияны 70пайызга талкалады.же россияга бериш к-к
28.12.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садырбрат алмаселени ташиевсиз эле башка куну атайын озунузчо кумтор проблемасы деп которуп чыксаныз эл колдойт эле.ташиев алжерде кумтор жонундо созкылган эмес сизкумторго жаныныз кейиптурса ал президенттин креслосуна кызыгып турган кумтор масе-н акуйдун астынан эмес ысыкколдон башташ к-к карапайым эл м-н кенешиш к-к чойронузго кайдагы бир бекерпоздорду чогултуп албай айылдан мен ондонгон адамдар м-н кенешип иш кылбайсызбы
28.12.2012. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх 2005 жылдан баштап ушинтип иштесен, азыр турмодо эмес парламеттин торундо олтурбайт белен
29.12.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягына чейин окудум да ынандым.Президент бир шанс берик,бир сроко берип,каттагы айтылгандарды аткарууа мумкунчулук берип корсо кантет экен.Эгер айткандары жон гана сулууланган эле тамгалар б.со кайра камап койсун.Антейин десен президентке мен нааразымын,иштегенине ичим чыкпай
29.12.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экенсиз, ак ийилет бирок сынбайт озунузду темирдей бекем карманыз.жанагы айтканыныз туура ал куйту эки жуздуу адамдарга караганда 100 эссе жогору турасыз.
04.01.2013. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматы азамат.. бирок ушу катты турмого отура електе жазса кандай болмок деймда??жоо кеткен сон кылычынды ташка чап.. депутаттар добуш бербесе Атамбаев жалгыз емне колунан келет??
15.03.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ishtep atkandardi ishtetishpeyt je ozuloru ishtebeyt
05.06.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колду саткан акмакта жапаров
11.06.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат биз сени менен бекемтур сынба сендей кыргыздын жигиттерт коп болсун
19.08.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкаларга ишенбесемда,ушул Ата журтчуларга ишенем!!!
26.10.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев эле эрктик м.н иш жургузуп койсо болот экен. Анткени, Кыргызстан бир канадалык жеке ишкер м.н эле келишим тузгон турбайбы... Садыр Жапаровдун далилдери баары жетиштуу жана ишенимдуу! Тек гана аткарыш керек!!! Бирок, Садыр Жапаров да бул билдирууну абака тушуп калып гана жазып жатат, а так кудай билет биз билбеген кээ бир чындыктар дагы эле комускодо калат беле? (билбегенибиз дагы деле коп) Бирок, ошентсе да ушул кайрылуунун негизинде Садыр Жапаровго мумкунчулук берип корсо деген ойдо э
11.01.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгон чындыкты жазган окшойт,азыркы бийлик дагы озунун кызыкчылыгы учун иштеп калды окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: