ТОРПОК УУРДАГАНДАР ТОРГО ИЛИНИШТИ
№530 28-декабрь-3-январь, 2012-ж

Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматынын билдиргенине ылайык, Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун эки жараны мал уурулукка шектелип кармалышты. Өткөн аптанын аягында Аламүдүн районундагы Арчалы айылынан торпок уурдалган. Бул мал уурулук фактысы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштери жыйынтыгын берип, көп узабай кылмышка шектүү деп Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунун 34 жана 22 жаштагы эки тургуну кармалды. Учурда алардын үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0