Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«БИЗГЕ КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАР КУЛ БОЛУШАТ ДЕП САБАШТЫ»

№532 11-17-январь, 2013-ж


Илгертеден эле «кыргыз-казак бир тууган» деген сөз калк арасында айтылып келет. Бирок азыркы учурда бул сөз актуалдуулугун жоготуп бара жаткандай сезилет. Кыргыздарды «баурдас» дешкен казак боордошторубуз бизди өздөрүнөн кем сезип, атүгүл кордогонго чейин барышкан учурларынан улам ушундай ойго кептелесиң...

КАЗАК-КЫРГЫЗ БИР ТУУГАНБЫ ЖЕ?..
Туура! Казак менен кыргыз байыртадан эле кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк болуп келишкен. Бири-биринин башына түшкөн кыйынчылыктарды чогуу тартышып, жакшылыктарына чогуу сүйүнүшүп, эриш-аркак жашаган эл. Ал эле эмес, тилдери да, каада-салты да окшош.
«Жаман эл жок, жаман адамдар бар» деген сөз бар эмеспи. Ошол сыңары Союз тарагандан тарта кээ бир боордошторубуздун жосунсуз жоруктары эки элдин ынтымагына доо кетирүүдө десек болчудай. Буга акыркы кездерде өзүбүздөн жарытылуу иш таппай, акча таап келүү үчүн иштегени барган мекендештерибизди кул кылып иштетишкен казактардын жоругу, атүгүл акындарына чейин кыргызды шылдыңдап ырдагандары далил.

«ТААНЫШЫМА ИШЕНИП БАРГАМ»
Өткөн жылдын декабрь айында интернет булактарына Казакстанга иштеп акча таап келгени барган жалгыз бой аялды казактар бети-башын көк ала кылып аёосуз сабап салгандыгы тууралуу видеотасма тарады. Биз ал айымды издеп таап, окуянын чоо-жайын өз оозунан уктук. Ур-токмокко кабылган Токмок шаарынын 46 жаштагы тургуну Бактыгүл Буржуева төмөнкүлөрдү айтып берди:

– 2012-жылдын 10-декабрь күнү жумуш издеп Гүлжан Абдрасулова деген тааныш келин жана 5 жаштагы уулум болуп Токмок шаарынан Казакстандын Кара-Кемер айылына чыкканбыз. Мурда ал жакка барып, балмуздак сатып иштеп келчүмүн. Бир казак тааныш жигит «жумуш бар» деп чакырган эле. Барсак, ашпозчунун жумушу экен. Ал жумушу бизге жакпагандыктан жана айлыгы өтө аздыгынан улам «иштебейбиз» дедик. Ал күнү кеч болуп калып, чакырган таанышыбыздыкына жатып, эртеси, 11-декабрда кетели деп жатсак эле эшиктен 3-4 эркек кирип келди. Арасынан колуна бычак кармап алган Тоша аттуу бир жаш жигит «силер эмнеге иштебейсиңер? Бул жакка келген кыргыздар эч качан кетпейт! Бизге кул болот. Мен сени кетирбейм, керек болсо сени сатам. Менде кардар бар» деп колундагы бычагын эки ирет мага шилтегенде тийбей калды. Анан чачымдан кармап жерге көтөрүп чаап, сабап, муунтуп кирди. Жанындагылары жөн гана карап турушту.
Саат эртең мененки 9 жарымдар чамасы болчу. Андан соң үчөөбүздү автоунаасына салып, ошол эле айылдагы Өтөгөн деген көчөдөгү өзүнүн үйүнө алып келди, номери 37 экен. Бизди үйүнө киргизген соң дагы сабады. Үйүндө улгайган эжеси бар экен. Болушуп койбостон ал да кошулуп, бизди экөөлөп сабашты. Биз качалы деп дарбазаны көздөй чуркасак, ал аял алдыбыздан тосуп, колундагы таягы менен бизди эшикке чыгарбай уруп калат. Баламдын эси чыгып, кыйкырып ыйласа, тиги аял желкесинен алып эки жолу жерге көмкөрөсүнөн ыргытты. Баламды «дааратканага салабыз» дешип, мага карап «атып салабыз, өзүңөрдүн көрүңөрдү өзүңөр казгыла!» деп колума күрөк карматышты. Анан колумдан сумкамды жулуп алып айрып, ичиндеги акчаларымды, болгон алтын-күмүш буюмдарымды алып коюшту. Дагы жакшы, тигилер сабап баштаганда эле документтеримди койнума салып катып койгом.
2-3 саат өткөндөн кийин гана ошол үйдөн бир абышка чыкты да «эй, эмне кылып жатасыңар?!» деди. Ал абышканы тиги экөө сөгүп, «оозуңду жаап, үйгө кир!» деп коюшту. Тиги абышканын колунда кичинекей бала бар экен, үйгө кирет, кайра чыгат. Акыры чыдабай кетип, «коё бергиле, уят! Болбойт мындай» деди. Аңгыча бир бала келип, тиги экөө аны менен сүйлөшүп алаксып калганда карыя бизге «чуркап барып тээтиги кызыл машинага отургула» деди. Биз качып барып кызыл машинага отура калганда тиги чал да чуркап келип машинасын айдады да, бизди Шор-Төбө деген жерге алып келип таштап койду.
Анан эптеп Кыргызстанга келдик. Гүлжан болсо документи жок Казакстанда калды. Келип «Тез жардамга» чалдык, алар көрүп «алып кетебиз» дешкенде макул болгон жокмун, себеби акча көп керек экен, үйдөн эле өз алдымча дарыландым. Андан соң Бишкекке барып, «Сезим» борборуна кайрылсам алар кабыл алышып, бирок «сиз Казакстанга сатылып кеткен жоксуз, өз ыктыярыңыз менен барган экенсиз» деп дарылабай коюшту.
Мындан 2 жыл мурун улуу балам 19 жашында көлгө чөгүп каза болгон. Андан көп өтпөй эле жолдошум да көз жумду. Жумуш жок кыйналганымдан акча табуу үчүн Казакстанга баргам. Алар кыргыздарды бекер иштетип көнүшкөн экен. Бизге экөө тең «силердин бийликтегилериңер эмне кылып жүрүшөт, кыргыздарды тентитип коюп?! Бизге келген кыргыздар кетчү эмес, эмнеге силер кетип каласыңар? Бардык жумуштарды жасап, бекер иштейсиңер!» дешти.

КАЗАКПЫ, КЫРГЫЗБЫ, УКУГУ БИРДЕЙ!
Каарманыбыз Бактыгүл айым күнөөлүү казак жарандарын жазага тартууга жардам берүүнү суранып КРнын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментине арыз менен кайрылган экен. Азыркы тапта ал арыз каралып жатабы же жокпу, ошону билүү максатында аталган департаментке кайрылдык. Этникалык кыргыздар менен иштешүү жана көчүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Сагынбек Кочкорбаев төмөнкүдөй жооп берди:
– Аталган жарандын арызы кабыл алынган. Биз мамлекеттик орган катары ал маалыматты тактап жатабыз. Толук маалымат алган соң ИИМге, биздин Алматы шаарындагы генералдык консулдукка жиберебиз. Биздин өлкөнүн жана Казакстандын ички иштер органдары ортосунда бири-бирине жардам берүү тууралуу атайын келишим бар. Алар менен биргеликте иштешип, чындап эле казак жарандары мыйзам бузган болсо, күнөөсүнө жараша сөзсүз түрдө чара көрүлөт.
Кошумчалай кетчү нерсе, биздин эмгек жана тышкы миграция иштери боюнча эл аралык миграциялык уюму менен биргеликте чет өлкөгө барып иштөөчүлөр менен тез байланышка шарт түзүү үчүн атайын 189 номериндеги телефонубуз иштейт. Ар бир чет мамлекетке иштегени же жөн эле бара жаткан кыргыз жараны ушул номер аркылуу бизге байланышып, акысыз түрдө кеңеш, маалымат ала алышат. Мыйзамдуу түрдө кантип чет мамлекетке барып, жумушка орношууга болору тууралуу маалымат билсе болот. Ошондой эле жарандарыбыз чет өлкөгө иштегени бара турган болсо, ал жакта мыйзамсыз иштерге кабылып калбаш үчүн кете электе бул жактан жашоо шартын, айлык акысын тактап алышы керек. Документтерин башка жаранга эч качан бербеши зарыл. Ошондо гана жарандардын өз укугу корголот.

Мына, окурман. Эми күнөөнү кимге оодарабыз? Жумушсуздуктун айынан мыйзамсыз түрдө иш издеп барган мекендештерибизгеби же аларды кордогон казактаргабы? Балким, казак бийлиги өздөрүнүн мындай былыктарын «бармак басты, көз кысты» кылып көз жаздымда калтырган үчүн ушундай көрүнүш күчөп жаткандыр... Мүмкүн, биздин каныбызга сиңген айкөлдүк, кенебестик мүнөзүбүздүн да кесепети чыгар?.. Тиешелүү мекемелер мекендештерибиздин чет өлкөлүктөргө кул болгонун токтотууга тез аранын ичинде чара көрүшү керек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Бизге келген кыргыздар кул болушат деп сабашты"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(94)
SUPER.KG видео
12.01.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
казактар ото начар калк чымкентте журсом казак кишилери суйлошуп калагнда кыргыз экенинди билип калсале болду силердин кыздарынар тошокто мындай андай деп жинге тийеберишетдаааааааа
SUPER.KG видео
12.01.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул айтып жаткан чиновниктин созуно эч ишенбейм колдорунан эч нерсе келбейт казактар пошел деп посылать этип койушат орустун бир жаранына тийип корсунчу болок жерде энесинин тойун корсотот Путин акан ысак шайбековдун "кайран эл"ыры эске тушот кор болгон кыргыз элине куйбой отурган креслосуна жабышкан атка минерлер кобойду
SUPER.KG видео
12.01.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
канча кылымдан бери ата-бабабыз сактап келген кыргыз элин 20 манкурт жок кыла турган болду го. бул жагынан казагы, тигил жагынан кытайы, тажиги, озбеги сабап кетип атат, деги биздин кимге алыбыз жетет?
SUPER.KG видео
12.01.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба,кыйратып жардам бересинер!креслодо отуруп алып асмандагы айды да алып берем кыргыз учун деп алдап камерадан,артынан озум билем деп калды да.элдин акчасына оздору жыргап жашап алар учун баягы эле карапайым эл кыйналып жатат.бизде бир чын дилинен эл учун иштеген мырзалар чыкса сонун болмок,президент биринчи озу козомолдош керек менимче.аларга кунубуз тийбей бири-бирибизди ынтымака чакырып колдойлу КЫРГЫЗ элим!
SUPER.KG видео
13.01.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар казактарды сабаса бат эле кыргызды кыргыз камап салат.Андай болбосо келгиле биз да аларды кул кылабыз,биз аларга лох эмеспизго.
SUPER.KG видео
13.01.2013. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Super info uwul ejege kandai jardam kilsak bolot? bailaniw maalimattarin bersener jakwi bolot ele suranich,
SUPER.KG видео
13.01.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
казактарга кудай корсотот бир нерсени коргону калды бул шишенди урайындар десе!! дордойго келгенде туйруш керек буларды адам эмес булар!!!
SUPER.KG видео
13.01.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликттин алсыздыгы, бийлик кучтуу болсо эчким эчнерсе кыла албайт эле. Бир эле казактар эмес ал жагынан озбектерда кол сала башташты, анысы аз келгенсип кытайыда сабап жатышат. Бийликке акча болсо эле болду, эл менен иштери жок.
SUPER.KG видео
14.01.2013. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бизди эч кайсы башка эл адам катары корбой калышты...аттин
14.01.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушулардын баарына президенттер куноолуу!!!!мне у-н кенедей калкын эптей алышпайт !бул 1 эле окуя а москвага баргандар канчасы олуп кетип атышат !мнеге ушуларды билип коруп аткан- президент чара колдонбойт !кудайга салып койгондон башка аргабыз жок!
14.01.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aika2009, Бул эми жашоо да .. Казактар байып алып ушундай кылык кылып жатат .. Баарыбыз тентиреп журобуз . Эми буга бир эле кишини куноологон болбойт .. Баарыбыз жапатырмак аракет кылышыбыз керек . Президентти эле карап отура берген болбойт да .. Биринчиден озубуз олко ичиндеги бейпилчиликти сакташыбыз керек. Кымгуут боло берсек биз онукпойбуз . Бул бийликке да ишеним корсотуп коюубуз керек . Эгер кудай буюрса алдыдагы беш жыл ичинде онугуп калабыз деген ойдомун..Эгер чондор жеп ичпесе.
14.01.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aika2009, tuura aitasyz!
15.01.2013. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aika2009, caga koshulam
14.01.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактар ушунчалык акмак эл экенине эми ишендим. Мурун дагы кыргыздарды кордогонун угуп калчумун. жоругу жолдо калсын казактардын.
14.01.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kazaktardy da korsotup koiobuz! KYRGYZDAR kenebes bolboilu. Kyrgyz bir chykkanda ech kim toktoto albait!
14.01.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошон учун бир чыгып коёлу да туш келгенден ур токмок жеп уят болбой бир казакты бишкекте сабашсынчы ак уйдун эшигин тээп кирээр го казактар
14.01.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эми бул эчактан берки видео да.Супер-Инфо ушул видеороликти кайта-кайта коргозуунун кажети барбы? Муну менен сиздердин гезит элди жаман иш,ойго туртуп жатканынардан кабарынар бардыр же СМИ деп эле ийне жибине чейин иликтебей 1-2 адамдын оюу боюнча жарыялай бересинерби?
14.01.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RIO, Элди жаман ишке туртпой эле . Ушундай иштер окуялар болгонунан жазып жатат да .. Эл деле билет "Жаман эл жок улут жок жаман адамдар гана бар"
17.01.2013. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, Сени кайсы жерде жолуктурба тескери суйлоп жазганын жазган!Оозунан теги жакшы создор учабы?!
14.01.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан башынан эки тонкорушту откорду, кыйынчылыкты коп корду, такшалып жатат, жыргал жашоого конгон адам эч качан турмуштун сыноосуна чыдабайт, а кыргыздар эми мындан ары кандай гана кыйынчылык болбосун, баарына даяр, турмуш онолот, мына коросунор. Биздин кочодо да майрам болот. Назарбаев менен Каримов президентиктен кетсин ошондо коргуло казак менен озбектин абалын, бироонун кайгысын табалабайт дечуу эле, бизге кулуп атышат, биз КЫРГЫЗДАР акырында кулобуз!
14.01.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kaniet, Кошулам мекендеш оюнузга .онугобуз бугун тун болсо ал тунду алмаштыра турган жаркырап тийчу кун бар эмеспи .. Кулгондун устунон кудай озу кулот.. Тээ бир кезекте казактар жутап ачкадан кырылып кара курсак куу кекиртектин айынан туш тарапка качпады беле.. Мына эми ошондо ачарчылыкта энесинин .баласынын этин жеп аман калган адамдардын урпагы мына минтип кыр коргозуп кытмыр кулуп турбайбы .. Онугобуз жакында ..ыя кудай ..
15.01.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaniet, туура айтасыз.. ИНШАЛЛАХ ошо кун алыс эместир....
15.01.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaniet, tolugu m.n koshulam sizge! Kyrgyzdarga da jakshy jashoo sozsuz kelet!
15.01.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaniet, браво. Бизге да бир акылдуу келээр.
14.01.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
РIO сен башка улуттан окшойсун э ушундайларды журналистер алып чыкпаса бийликтегилер курсагы ток эл менен иши жок олтура берет кабинетинде ырахмат Супер-Инфого чон рахмат.
14.01.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи,биз кыргыздар ото жоош калк экенибиз чын экен.Ошон учун ар улут бизге кыр корсотуп жатат,даже озубуздун жерибизде((( Озбектер,а кечээ жакында эле Куршапта кытайлар местный кыргыздар менен урушуп кетишкен.Деги биз качан озубузду коргоп,бири-бирибизге жардам кылган ынтымак калк болот экенбиз((((
14.01.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окмот жашообуз онолот эле дешет кана онолгону? Кээ бири эле иштешет калганы озулорунун кызыкчылыгын гана ойлошот. Биз эмне жыргаганыбыздан барып атабызбы? Башка элге кул болбойлуда.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: