ТОКМОКТО БАСКЕТБОЛ ТУРНИРИ БОЛУП ӨТТҮ
№532 11-17-январь, 2013-ж

Өткөн аптада Токмок шаарында мектеп окуучулары арасында баскетбол боюнча республикалык мелдеш болуп өттү. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Баскетбол федерациясынан билдиришти. Мелдешке Бишкек, Токмок, Кара-Балта шаарларынан 5 команда катышкан. Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарынын «Марс» командасы 1-орунду, ал эми 2-орунду Бишкектин «Динамо» командасы ээледи. 3-орунга «зал ээлери» – Токмок шаарынын баскетбол боюнча курама командасы татыктуу болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0