КЫРСЫК КАШ-КАБАКТЫН ОРТОСУНДА
№532 11-17-январь, 2013-ж

Үстүбүздөгү жылдын 6-январь күнү Аламүдүн районунда болжол менен саат 12:30 чамасында 4 адам жол кырсыгынан каза тапты. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Фольксваген Пассат автоунаасынын айдоочусу 44 жаштагы Ж.А. Аламүдүн айылында жайгашкан Чоң Чүй каналын бойлогон жол менен Бакай-Ата жаңы конушун көздөй бара жатып автоунаанын рулун башкара албай каналга түшүп кеткен. Натыйжада айдоочу өзү жана автоунаанын ичиндеги 35 жаштагы
Д.З., 41 жаштагы А.Б. жана 1 жаштагы М.Н. автоунаадан чыга албай каза болушкан. Учурда бул факт боюнча тергөө иши жүрүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0