ПАСПОРТ АЛУУ ЖӨНГӨ САЛЫНДЫ
№532 11-17-январь, 2013-ж

Аламүдүн районунун тургундары паспорт алууда аты-жөнү жазылуучу арыз бланктары жок болгондугуна байланыштуу паспорт ала албай жатышканын айтып маалымат каражаттарына кайрылышкан. Паспорт-виза берүү жана каттоо кызматынын Чүй аймактык бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2012-жылдын аягында Аламүдүн районуна бөлүнгөн арыз бланктар калбай калган. Ошондуктан дагы 500 даана арыз бланктары өткөрүлүп берилип, каалоочуларга паспорт берүү жөнгө салынды. Райондук паспорттук столдун жетекчиси Жаныбек Кужанов «алынган арыз бланктар ушул жуманын аягына чейин жетет, түгөнсө кайра кошумча сурайбыз» деп билдирди. Андыктан паспорт алууну каалагандар документтерин тапшырса болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
40 күндөн өтүп алгам,
20 кун. эгер тез арада десенер кошумча акча толойсунор. мен 2 кундо даяр болуш учун 2270(ушунун тегерегинде, точносун унутуп калдым) толодум.