Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

СОХ АНКЛАВЫНДАГЫ ЖАҢЖАЛ ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?

№532 11-17-январь, 2013-ж


Чек ара чырлары бардык эле жерде, анын ичинде биздин өлкөдө да болуп келет. Бирок бул жолкудай чек арадан өтүп келип жарандарды барымтага алып кеткен учур сейрек гана болот. Баткен облусундагы Өзбекстанга тиешелүү Сох анклавында болгон чырлуу окуя көптөгөн адамдарды тынчсыздандырып турган чак.

ЧЕК АРАНЫ БИЗ ТОССОК БОЛБОЙБУ?
Өткөн жылдын декабрь айында Баткен районунун Чарбак айылына Кыргызстан чек ара тосотун койгон. Аталган тосотко чек арачылар ушул жылдын 5-январында электр линиясын тартмакчы болгондо, бул тосоттун ачылышын башынан эле жактырбай келген Өзбекстанга караштуу Сох анклавындагы Хушяр айылынын тургундары каршылык көрсөтүшкөн. Ал тургай чек арачылар казган чуңкурларды толтуруп, электр мамыларын жыга башташкан. Ал эле эмес, чек арачыларды көздөй таш да ыргытышат. Акыры чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда тарап кетишкен. Чек арачылар ал жер кайсы өлкөгө тиешелүү экендигин аныктоо үчүн Өзбекстан тарапты чакырган учурда алар келишкен эмес.
Эртеси аталган айылдын 700дөй тургуну кайрадан чогулуп келип, электр мамыларын оодарып, зымдарды үзүп, жолдон өткөн автоунааларды (жалпысы 15 автоунааны) талкалап киришкен. Айылдан өтүп бараткан жолоочуларды жана Кыргызстандын аймагына кирип, Чарбак айылынын бир нече тургундарын барымтага алып кетишип, аёосуз сабашкан. Окуя болгон жерге барган айылдын аймактык инспекторун да сабашып, автоунаасын талкалап салышкан. Ошол учурда чек арачылар келип, аны сабап жаткан жеринен алып кетишкен.
Өзбек тарап 30дай кыргыз жаранын барымтага алышса, анын 14үн (аялдар менен жаш балдарды) 7-январь күнү бошотуп, калганын түштөн кийин гана коё беришкен.
Баткен облустук ооруканасына 8 адам жаткырылып, 12 кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү. Негизинен, алар баш мээнин чайкалышынан жана денесинен жараат алып түшүшкөн.

«АЙЫЛЫБЫЗГА КИРИП, САБАП АЛЫП КЕТИШТИ»
Өзбек тарапка барымтага түшүп, бошотулгандардын бири, Чарбак айылынын тургуну ИСРАИЛ КЕНЖЕБАЕВ учурда Баткен райондук ооруканасында дарыланууда. Бул окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен 6-январь күнү Чарбак айылында элем, бир топ өзбек жарандары, 16-18 жаштагы тажик улутундагы балдар жүгүрүп келип мени сабап, машинамды талкалап салышты. Анан Хушяр айылынын ооруканасына чейин сабап, тээп алып барышты. Ал жерде 15тей кыргыз барымтада кармалып, аларды өзбек укук коргоочулары кайтарып турушуптур. Ошол жерде 1 сутка жатканыбыздан кийин эртең менен аялдарды жана жаш балдарды, ал эми түштөн кийин бизди бошотушту. Денем жанчылып ооруп, ооруканада дарыланып жатам.
Чарбак айылынын аймактык инспектору ЧЫҢГЫЗ АБСАТТАРОВ:
– 6-январь күнү Чарбак айылында Хушяр айылынын тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү деген максатта баратканбыз. Бизди 50-60 адам болуп ур-токмокко алып, сабап салышты.

КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн коргонуу иштери боюнча орун басары Саиджан Эратов «өзбек тарап күнөөлүү жана алар келтирилген чыгымдарды төлөп берсин»дейт.

– Биз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Сох анклавында Өзбекстан жарандары тарабынан барымтага алынган кыргыз жарандарын бошоттук. Азыркы учурда абал тынч.
Сох анклавында жашаган өзбек жарандарына Кыргызстандын жеринен агып өтүүчү агын сууну берүү токтотулат. Суу Кыргызстандын аймагынан чыгат. Буга чейин ал сууну бир аптанын 5 күнүндө өзбек жарандары, калган 2 күнүндө кыргыз жарандары колдонуп келишкен. Аталган айылдын тургундары кыргыз айылдарынын жайыттарына өздөрүнүн мал-жандыктарын жайып жүрүшкөн, эми ага да тыюу салынат. Электр мамыларын жыгып, жарактан чыгарышкандыгынын кесепетинен учурда Чарбак айылынын эли электр жарыгысыз отурат. Сох районунун акими Табакан Ракимов "келтирилген бардык чыгымдар төлөнүп берилет" деп билдирди.
Ал эми Өзбекстан чырдын чыгышына Кыргызстандын чек арачыларын күнөөлөөдө. Алардын маалыматына караганда, кыргыз чек арачыларынын электр мамыларын мыйзамсыз орнотушу Хушяр айылынын элинин ортосунда чыр чыгышына алып келген. Ошондой эле кыргыз чек арачылары аткан октон 5 өзбек жараны оор жаракат алганын билдиришти.
Бирок Өзбекстан сүйлөшүүгө барган кыргыз чиновниктерине жарадар болгон өзбек жарандарын көрсөтө алган эмес. Өзбек тарап «өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү "бизден күнөө кетти, компенсация төлөп беребиз" деп айтты»деген маалымат таратып жибергенге да үлгүрүштү. Ал эми өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Раззаков кечирим сурабаганын айтты. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарапка эки тараптуу иликтөө бүтө электе окуяга байланыштуу такталбаган эч кандай расмий билдирүүлөрдү таратпай туруу тууралуу билдирүү жөнөттү. Буга коңшулар тараптан азырынча жооп жок.

АБАЛ ЧЫН ЭЛЕ ТЫНЧПЫ?
Учурда Чарбак айылында электр мамыларын орнотуу, жарык берүү иштерин калыбына келтирүү, калкты суу менен камсыз кылуу иштери колго алынууда. Чек ара тилкесинде күч кызматкерлери абалды көзөмөлдөп турат. Бул кырдаал боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, ага Чек ара кызматы, ИИМ жана прокуратура кирген. Мындан сырткары прокуратурага Өзбекстандын прокуратурасы менен биргеликте тергөө жүргүзүүгө тапшырма берилген. Президент Алмазбек Атамбаев да бул окуяны өз көзөмөлүнө алды.
Чек ара кызматынын билдиришинче, учурда Сох анклавы аркылуу өткөн жолдор убактылуу жабылган. Бул аймактагы абалды турукташтыруу үчүн жасалып, учурда чек арада жайгашкан айыл тургундары башка жолдор менен каттоодо.
Абал тынч делингени менен, Баткен районунун Жаш-Тилек, Өтүкчү, Чечме айылдарында элдер топтолуп, Сохко кирүүчү жолдорду тосушууда. Алар чек арага байланыштуу көйгөйлөрдү чечип берүүнү жана өзбек тарап талкалаган, өрттөгөн автоунааларды төлөп берүүнү талап кылышууда.

СОХ АНКЛАВЫ ТУУРАЛУУ
Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу район.
Аянты – 352 чарчы чакырым.19 калктуу пункт бар.
Калкы – 59 миң, анын 99 пайызы тажик улутундагылар.
Калкы жыш жайгашкан. Суу, жайыт тартыштыгынан улам Сох анклавынын жана кыргыз айылдарынын калкынын ортосунда тез-тез чыр-чатактар чыгып турат.

Нурбек Абдыкадыров
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ЧЕК АРА ЖАБЫЛСА СИЗГЕ КАНДАЙ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ АЛЫП КЕЛЕТ?

Эркин Бейшекеев, Ысык-Көл облусу:
– Бишкекке, Казакстанга картошка алып барып сатып иштейм. Эгерде Казакстандын чек арасы ачылбай калса, биздин тонналаган картошканы ким алат?..

Акмат Шайдилла уулу, Ош облусу:
– Кыйынчылык болмок эмес. Тажикстанга кетип жаткан бензин өзүбүздө калып, баасы төмөндөп, жол бузулмак эмес. Бирок чек арада кафе, дүкөн иштеткен тургундарга кыйынчылык туудурат.

Бардагүл Качканакова, Талас облусу:
– Эгерде кыргыз-казак чек арасы жабылса, Таласта кары-картаңдарга Бишкекке барып келүү кыйындайт. Анткени кээлери кан басымына байланыштуу Өтмөк менен каттай албайт. Азык-түлүктүн да баасы өсүп кетмек.

Туратали Маматов, Жалал-Абад облусу:
– Мурун минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү майды Өзбекстандан алып келгендиктен, арзан болчу. Чек ара жабылгандан бери алар кымбаттап, тууган-урук менен да кабарлаша албай калдык.

Бактыбек Муратов, Баткен облусу:
– Мен чек аранын жабылышын колдойм. Анын пайдасы да, зыяны да бар, бирок азыркы Баткен районунда болуп жаткан окуяга таянсак, чек аранын жабылганы эле жакшы.

Жыргал Эдилбеков, Чүй облусу:
– Токмоктогу базарда иштейм. Биздин кардарлар көбүнчө казакстандыктар. Чек ара жабылса, соодабыз жүрбөй, бизге зыяны тиет. Муну чек ара жабылган учурда кардарлардын азайганынан улам билем.

Эркинбек Нурманбетов,Талас облусу:
– Кыргыз-казак чек арасы жабылса, элге эле кыйын болот. Өсүмдүк майы, ун, пияз сыяктуу азык-түлүктөрдүн баасы өсөт. Себеби булар бизге Казакстандан келет.

koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
14.01.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жер ээн болсо арам донуз тобого чыгат дейт кыргызда-бул бир. Окумоттун ушунчалык чабал экендигин ушундан билсе бт-бул эки.Азыр бийликтеги адамдар оздору менен оздору урушуп, кыкентайлар оздору урушуп жатса анан кайдагы мамлекеттик денгээлдеги урушту чече алмак эле. Чабал окмот, оп-чап, бийлик тараптан баягы козум корбосо котумду бору жесин деген эле мамиле да элге. Озбектер тоготуп да коюшпады го, эгерде окмот ынтымак болуп бирдиктуу иш алып барышса мындай жанжалдардын баарынын алдын алса болмок
15.01.2013. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял адамды да ушинтип когортуп урушабы э акмактар!!!Акыркы мезгилде бардык жерлерде эле уруш-талаш го?!Эмне акыр заман жакындабатабы??Кудайым баарыбызга ынсап берсин!Аамин!!!
15.01.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тууну, Гимнди озгортобуз дегендин ордуна чек ара маселесин чечсенер болмок. Менин ыйлагым келип жатат бул макаланы окуп алып. Мне деген шумдук Кыргыз Республикасынын чек арасын бузуп кирип келип бизди барымтага алган. Уят, Уят. Коркопой эле чечкиндуу кадамдарга бара берсенер болмок урматтуу биздин чондор, кагазга ороп суйлогон уже болбой калды.
15.01.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык окуяларды окуп чыгып ыйлагым келди, оз жерибизде ошончо кордолуп жатсак, чет жерде жургондор кантип атты экен.
15.01.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка мамлекет болсо согуш ачмак мындай иш учун, илгери Бакиевдин убагында мындай ишке барса каналдагы сууну койо берип жибермек ал киши.
15.01.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulan030484 туура айтыптырсыз"коркпой эле"деп.бирок биздин аскер кандай болду экен..?менин классымда 11-12бала болчу.1эле бала аскерге барып келди..негизи биринчи секирген биринчи жыгылат и катуу жыгылат.сабырдуу болуп болуп жарылганда корушмок((
16.01.2013. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликти алмаштыруу керек
16.01.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begibai, Чек ара маселесин чече албаган депутат, президенттин эмне кереги бар! Кетсин!
16.01.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххххххх.......журогууууум!!!!!Олуп калчудай болуп эле согуп жатат, мен ошол Баткен районундагы чек ара айылдарынын биринде торолуп, чонойдум. Бул чек арадагы жанжалдардын бир учу эле туугандар.Ал жерде мындай корунуштор ай сайын эле болуп турат. Биз кыргыздар качан барымта, атып олтуруу, жоголуу болгондо гана которулобуз.Мамлекеттен тунулгондон тунулуп буттум.Чек ара маселесин чечип бергилечи,биз да кооптонбой жашайлычы Улуу урматтуу Президент,Жогорку кенеш окулдору!Биз силерди эмнеге шайладык?
18.01.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенге конул бурбагандыктын кесепети ушул нерсеге алып келди.Жогорку Кенештин депутаттары креслонорду кучактап отура берсенер жергиликтуу эл озу чечишип алышат.Силер жол кире кетирип,командировочныйларды жебей эле койгула,ага дагы Кыргызстандын бюджетинен акча кетип жатат.Келсенер силерди сыйлаганга туура келет.Силерден сураныч келбей эле койгула,же проблема чечбесенер зачем келип.ЖК нын депутаттарын жоюш керек.Эмне проблема чечип жатат алар.Айткылачы Кыргыз элим......
19.01.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ay emi ushul sohtun azabin karasuudagi barak ayilili da tartip jatabiz azabin, joldu jaap chikpayda kirbey da kaldik oz uyubuzgo ne deem shumduk . Bizdi da karap koygula JK ?
20.01.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doni_djd туура айтасын аларга кыргыз жери эмес кресло эле керек. Курулай эле кыргыз жерим деп кокурок каккылай бербей чек ара маселесин чечкиле. Озбектер бизди адам катары корушпойт. Буга силер (аткаминерлер) сатылып жана сатып келгенинер себеп. Канча жерлер сарттарга сатылып кетти, аларды ким саткан эмнеге алар такталбайт? Кимдер саткан алардын тизмесин чыгарып коргозуу керек.
20.01.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекстан менен тажикстандын чек арасын жабыш керек, алардан пайда жок карапайым калкка. Чек араны зым менен тартып салыш керек. Анан бензин да, комурда элибизде арзандамак.
20.01.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде мамлекет чек араны жапканга кудурети жетпесе элдер чыгып жабыш керек, жок дегенде сохту
28.01.2013. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз казак чекарасын жаппай еле. Кыргыз узбек чекарасын жабышса болбойбу?
07.02.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх ошо кундор алида козумдун алдында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: