ӨЗ АТАСЫН САБАП ӨЛТҮРҮПТҮР
№532 11-17-январь, 2013-ж

1-январда Түп райондук ооруканасына Орто-Өрүктү айылынан денесине оор жаракат алган В.В. аттуу жаран жеткирилген. Жабырлануучу ошол эле күнү эсине келе албай каза тапкан. Жабырлануучу айыл четиндеги кашарда жашап, мал багып келген экен. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары каза болгон адамдын уулун камакка алышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0