Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ӨКҮЛ АТА – ӨЗ АТА...

№533 18-24-январь, 2013-ж


«Өкүл ата – өз ата, аман болсун кайната» деген кеп бар кыргыз элинде. Айрымдар муну башкача вариантта да айтып жүрүшөт. Деги эле өкүл ата өзү ким, анын турмуштагы орду, ролу туурасында иликтеп көрдүк.

ӨКҮЛ АТА ДЕГЕН КИМ?
«Өкүл ата шайлоонун тарыхы кайсы доорго барып такалат?» деген суроо баарыбызга кызык болсо керек. Кыргызга салт болуп калганы менен анын тарыхын кагаз бетинен табуу кыйын. Ошентсе да бул тууралуу эл оозунда ар кандай кептер айтылып келет.
Илгери жаңы баш кошуп жаткан уулунун же кызынын никесине ата-энелери аралаша албагандыктан, өкүл катары адам дайындашкан. Ал өкүл ата болуп саналган. Өкүл ата болчу адам биринчи кезекте үй-бүлөлүү, жаштарга үлгү болчу, көп балалуу адам болушу шарт болгон. Дайындалган өкүл ата баланын жакын туугандарынан эмес, үй-бүлөнүн жакшы санаалаштарынан, тай тараптарынан, ата-энесинин досторунан шайланган. Мунун себебин баланын жакын тууганы келинге кайнага болуп калары менен түшүндүрүшкөн.
Өкүл ата болуу эл арасында кадыр-барктын жогорулашына да алып келет деген түшүнүк тараган. Эгер өкүл уулдарынын саны жетиге жетсе, анда өкүл ата өкүл балдары үчүн элге той берет. Кээде өкүл ата менен өкүл баласы катышпай калса, анда жигит мамилеси жакшы келишкен адамды кайрадан өкүл ата дайындап алган учурлар да кездешет.

ӨКҮЛ АТА, ӨКҮЛ ЭНЕНИН МИЛДЕТИ
Өкүл ата, өкүл эне шайлангандан тарта жаш үй-бүлөнүн турмушун алып кетүүсүндөгү чоң жоопкерчиликти мойнуна алган. Дайындалган өкүл ата менен өкүл эненин милдети – балдарды өмүр бою камкордукка алып, аларга турмуштук сабак берип, жол көрсөтүү болгон. Эгер эки жаш араздашып кете турган болсо, аларды элдештирүү өкүл ата менен өкүл эненин милдети. Бекеринен элибизде «үй-бүлө эки ажырымга кеткен болсо, биринчи кезекте өкүл атанын бети чымырайт» деген кеп айтылбаса керек. Өкүл ата мыкты болсо эки жашты өз балдарындай көрүп, отко киргизип, төркүлөтүп, мал-жан энчилеп беришкен.
Жыл өткөн сайын бул көрүнүш шартка ылайыкташып ар кандай милдеттер менен толукталып, салтка айланып бара жаткандай. Учурда өкүл аталарга энчи бергенден сырткары эки жашка нике шакегин алып берүү милдети да жүктөлгөн.

БАТКЕНДЕ ӨКҮЛ АТА ДАЙЫНДАЛБАЙТ
Өкүл атанын орду жана ролу өлкөбүздүн айрым дубандарында ар кандай салттар менен коштолот. Мисалы, Ысык-Көл менен Таластын айрым жерлеринде өкүл ата кызга жигит тараптан, жигитке кыз тараптан дайындалат. Башкача айтканда, экөөнүн өкүлчүлүктөрү эки башка болот. Ал эми Нарын, Ош жергесинде кыз менен жигитке бир эле өкүл ата шайланат. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде өкүл ата, өкүл эне кызга гана дайындалат. Муну алар «кыз бала ата-энесинен алыс кетти, жалгызсырап, бөлөк бүлөдө кор болбосун. Өкүл ата-энеси укугун талашып, арманын угуп, кубанычын тең бөлүшүп, колунан келген жардамын берип, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун» деген ниетте дайындалары менен түшүндүрүшөт.
Баткен аймагында өкүл атанын орду анчалык деле мааниге ээ эмес. Мындай түшүнүк дээрлик жокко эсе. Сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө «биз өкүл ата дайындаганга кызыкдар эмеспиз» деген баткендик жаштар да болду.
Кайсы гана аймактын өкүл атасы болбосун, болочоктогу уулу менен кызына энчи берип, алардын турмушунун жөнгө салынышына ар тараптан салымдарын кошушат.
Өкүл ата, өкүл эне дайындоо салты боюнча дин аалымдары, кыргыздын аттуу, баштуу адамдары кандай ойдо? Аны билүү максатында аларга суроо салдык.

Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарынын имамы: «ӨЗ АТАСЫ БАР ТУРУП, ӨКҮЛ АТА ШАЙЛОО – КҮНӨӨ»
– Өкүл ата шайлоо шариятта барбы?
– Өкүл ата шариятта таптакыр жок нерсе. Анда «өз атаң болгондон кийин бирөөнүн атасын ата деш – арам, чоң күнөө» деп айтылат. Бирок кыргызда салт болуп калган. Ачыгын айтыш керек, учурдагы өкүл аталардын бири да өкүл аталыкка жарабайт. Өкүл ата үйлөнүп жаткан жигитти жаш кезинен тарбиялап, ыйманга, илим-билимге үндөгөн адам болот. Айрым жаштар биздин «мусулмансыңбы?» деген сыяктуу бир-эки сурообузга жооп бере албай калышат. Азыркылар бири-бирин нике, той учурунда таанып жатышпайбы. Ошондой эле өкүл атанын өкүл баласы менен кызына нике шакегин тагып жатканы да туура эмес. Жигит келинчегине өзү алып тагуусу парз. Мен да бир жолу өкүл ата болгом. Бирок ал жигит турмушун алып кете албады. Ошондон кийин өкүл аталыкка жарабайт экенмин деп өзүмө баа бергем.

Гулшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти:«БИЗГЕ ЭНЧИ БЕРИЛГЕН ЭМЕС»
– Өкүл уул-кыздарыңызга эмне белек кылгансыз?
– Менин 18 өкүл уул-кызым бар. Өкүнүчтүүсү – төртөө ажырашып кетишкен. Аларга колумдан келген жардамымды берип келем. Мурдагы жылы бир балага өкүл эне болдум. Өкүл атасы болуп менин студент кезден берки досум Бактыбек шайланды. Мен кыздын, ал баланын шакегин алып тактык. Менин деле өкүл ата, өкүл энем болгон. Ачыгын айтыш керек, эч нерсе энчилешкен эмес. 70-жылдары бир нерсе энчилөө деген болгон эмес.


Ибрагим Жунусов, Маданият жана туризм министри:«ӨКҮЛ БАЛДАРЫМДЫН ТАК САНЫН БИЛБЕЙМ»
– Канча өкүл уул-кызыңыз бар?
– Чынында, так санын билбей калдым. 25тен ашканын билем. Менимче, 30га жетип калды окшойт. Бирок алардын 10-15и менен эле катышам. Жакшылык-жамандыкта ар дайым бирге болобуз. Өкүл балдарымдын арасында белгилүүлөрү да бар. Эрнис Кыязов, Эмил Балтагулов дегендер. Өкүл уулдарымдын башын бириктирип тойчук да өткөргөм.


Жылдыз Тутуева, ырчы:«ӨКҮЛ АТА, ӨКҮЛ ЭНЕ БОЛУУГА ДАЯРБЫЗ»
– Өкүл ата, өкүл энеңиз менен катышып турасызбы?
– Кайын журтум Лейлектен болгондуктан, ал жакта өкүл ата шайланбайт экен. Айрымдар өздөрү эле дайындап алышат. Башында биз деле шайлап алалы деп жүрчүбүз. Кийинчерээк деп отуруп, өзүбүз өкүл ата, өкүл эне болууга жарап калыптырбыз. Учурда бойдок жигит-кыздардан «бизге өкүл ата, өкүл эне болуңуздар» деген сунуштар түшүүдө. Биз мындай милдетти аткарууга даярбыз.


Жеңишбек Айтиев, куудул:«ӨКҮЛ АТАМДЫ ТОЙДО ЭЛЕ КӨРГӨМ»
– Өкүл атаңызды эмнесине карап тандагансыз?
– Мага өкүл ата кылып бир тууган агам өз досун дайындап берген. Аны тойдон эле көргөм. Эл катары зер буюмдарын белек кылып, тоюбузга күбө болуп кеткен. Кийин дагы бир жолу көрүштүк. Ошол боюнча көрүшпөгөнүбүзгө 10 жыл болду. Анан өзүм эле жакын, жакшы жумушта иштеген таанышымды өкүл ата кылып шайлап алгам.


Замир Арыкбаев, ырчы:«ЭКИДЕН ӨКҮЛ АТА ШАЙЛОО – АЛАКАНЫН БЕЛГИСИ»
– Экиден өкүл ата шайлоого кандай карайсыз?
– Бул жакшы нерсе. Жакшы алаканын белгиси десем болот. Көлдө экиден өкүл ата, өкүл эне шайлашат. Мисалы, биздин бир өкүл атабыз шаарда, бири болсо айылда турат. Ар убак кеп-кеңешин берип турушат. Өзүмдүн азырынча бир өкүл уулум бар.

Дайыр Исмадияров, ырчы:«КАРШЫЛЫГЫМА КАРАБАЙ ӨКҮЛ АТА КЫЛЫШТЫ»
– Өкүл ата болдум деп айткан жайыңыз бар эле. Бойдок жигит уул-кызына кандай кам көрүп жатты экен...
– Ооба, бойдок туруп эки өкүл уулдуу болдум. Башында «өзүм бойдок болсом кантип болмок элем» деп каршы болгом. "Эртеби-кечпи үйлөнөсүз да. Мага өкүл ата болушуңуз керек» деп туруп алганынан макулдугумду бердим. Азыр алар Орусияда. Телефон менен байланышып, ал-жай сурашып турабыз. Зер буюмдарын белек кылгам, башка эч нерсе бере элекмин. Эми жакшылыктын баары алдыда эмеспи.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg



Өкүл ата - өз ата...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(27)
21.01.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
типа спонсор экен да эми мындай салт токчулуктан замандын жетишкенинен авторитетке ойлоп табылган салт, анан 7жолу окул ата -эне болсо бейишке чыгат деп ким айткан озу шариятта жок болсо мындай нерсе, кереги жок мындай нерсенин
22.01.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, Типа спонсор эмес,ал бар нерсе менин ата-энемдин окул ата,окул апасы болгон апамдар айтчу таене деш керек деп. Ал туура нерсе бар экен ошол учун соз бар да.
22.01.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оба,, озу кереги делеа жок экен, шариятта туура эмес болсо кереги эмне, мен уйлонсом окул ата шайлабайм, шакекти озум эле алып тагам :) а поддержать этткенге туугандар бар кудайга шугур.
22.01.2013. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо мендагы 7 жолу болсо бейишке чыгаткен деп уккам:)
22.01.2013. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин атам менен апамын 4 окул кыз уулдары бар тилеке каршы эки окул уулу отуп кеткен.
22.01.2013. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин окул атамды жолдошум озу эле шайлап алган Орусияга барганыбызда. Кафе чакырып "мага окул ата болунуз" деген. Тиги макул болуп, аялына "суйунчу, кыздуу болдум" чалып жатпайбы. Анан уга бергиле телефондун аркы учундагы создорду. "кимди бозутуп салдын эле?! баланча-тукунчо..." деп сайрай баштады. Ай, толук укпайсынбы. Мен окул кыздуу болдум" десе, "аа, бая эле ошентип айтпайт белен" деп суйунгон. Аябай айкол адамдар болчу. Квартирасына чакырып кадимкидей коноктогон.
22.01.2013. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилекке каршы 1 жылдан кийин биз Бишкекке келе берип байланышыбыз узулуп калды. Окул атамдын аты нурбек, окул апмдын аты Миргулже нругул болсо керек эле. Екатеринбургда прораб болуп иштечу. оздору Жалал-Абаддык болушчу. Эгер таанысаныздар кабарлап койсонуздар сонун болмок.
22.01.2013. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окул ата, окул апа шайлоонун жакшы жактары коп. Мисалы, менин апамдын 3 окул кызы бар. Кыздарындай корот. Балдары таенелеп, таяталап ат тезегин кургатпай уйго келип турушат. Биз алыста болгондуктан, апам ооруп калса келип тиричилигине каралашып турушат окул кыздары.Конок тоскондо солдаттарча даяр турушат.Биз да апчелеп жакшы коробуз. айылга барганыбызда созсуз учурашып кетебиз. Менимче катташ деген ушундай болсо керек.
22.01.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин тарапта деле жок андай окул ата окул эне шайланып, эми эле пайда боло баштаптыр !озу мен ойлойм мындайдын керээги жок деп ,себеби окул атандын колунда жок болуп калса же бир шакектеринди алып бере албай калса,ашыкча соз болуп эл арасында болуп кайра аларды жаман коруп катташпай калгандын не кереги бар!алып бергиси келсе -жакын досун,жакын коншун деле андай зергер буюмдарды алып берип коет да эгер жакшы коруп сени чын дос болсонор!
22.01.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр Исмадияров да окул ата экен да :))
22.01.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окул ата эмес, спонсор ата !:D
SUPER.KG видео
23.01.2013. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окул атам эмес, спонсор атам эле болуп калды азыр...:)
23.01.2013. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окул ата,оз атам, олуп кетсин кайната дегендей... Окул ата болуш керек,илгертен келген салт
23.01.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окул ата окул эне менде да бар 9 жыл болду жакшы катташабыз бирок билбепмин шариятта жок экенин
23.01.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки окул ата кантип болсун биринчиси капа болот го анда
23.01.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окул болуп шайланган адам улгулуу болуусу зарыл. Жаштарга оз акылын айтып дегендей. Анан Дайыр экообуз жаны уйлонгон жаштарга кайсы акылды айта алабыз дейм да?.. ))))
24.01.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мында талашып тартышуунун кажети жок.жактагандар шайласын,жактабагандар билген намазын окушсун(майласын),айтоор молчание золото
24.01.2013. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mende bir syroo. Kizdin ata-enesi okyla ata,okyl ene shailasa boloby????
24.01.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизгиси капчыгы калын болсо болду ким жактан экени айырмасы жок болсо керек , эми карасанар чындыкты айтса чычалап кетесинер Дайыр окул ата болуптур калганы тушунуктуу эле
26.01.2013. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
артистерге не бар екен озу менен жаш жубайларга окул ата болуп жакшылап сурасан окул ата не екенин билбейт оздору
26.01.2013. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ее мусулман бир туугандар шарията бар нерселерди еле кылсак жаман болбойтко
окул ата лкул ене дебей еле жашаса болотко
26.01.2013. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окул ата оз ата олуп кетсин кайната деген создун мааниси кандай ким билет
26.01.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Че то болок бироону ата деген куноо дегенине ишене албай турам да.. Жогору жактагы молдонун илимине шек келтирген болбоюн, бирок тактап, сураштырыш к.к экен.
27.01.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окул ата кебир жерде керек болот аныда ойлош керек
27.01.2013. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
warıatta jok tuugandar allax ozu bızge okul ata!
27.01.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин ата-энемдин 3 окул уулу бар.алар ата деп деп жабышып жатып калган жери жок.атамы аке.апамы жене же эне деп коюшат.атасы бар туруп окул ата шайлаганы туура эмес дегендерге кошулбайм.ата дебесе да сый урматы менен журсо болду да
27.01.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирок озубуздун окул атабызды тойдон кийин коргон жокпуз.уйуно деле чакырган эмес.кыздуу болдук анда да келген эмес.жакын адамдарындан койсон катташып журсон жакшы го.ал адам кайненемдин болосу болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: