Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН СӨӨКТҮ АЛЫП КЕЛҮҮ ЖЕ «ЖҮК 200»

№533 18-24-январь, 2013-ж


Чет жерде жүрүп каза тапкан адамдын сөөгүн мекенине алып келүү түйшүктүү иштердин бири. Жакыны каза болгон жарандар мындай учурда кайда барып, кимден кеңеш, жардам сурашты билбей баш катырышат. Андыктан бул жаатта маалымат берүүнү туура көрдүк.

СӨӨКТҮ ЖЕТКИРҮҮДӨ КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ?

  • Каза болгон жарандын паспорту жана анын көчүрмөсү.
  • Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк.
  • Сөөктү бальзамдоо тууралуу маалым кат (справка).
  • Табыттын ичинде ашыкча эч нерсе салынбагандыгы тууралуу маалым кат (консулдук документтер менен бирге каттатылат).
  • Инфекциялык оорулардын жоктугу тууралуу маалым кат (жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык кызматтан алынат).

СӨӨКТҮ ЖЕТКИРҮҮДӨГҮ НЕГИЗГИ ЧЫГЫМДАР
Сөөктү жеткирүү жаатында кененирээк маалымат алмакка чет өлкөдөн жарандарыбыздын сөөгүн алып келүүгө көмөк көрсөтүп келе жаткан «Замандаш» ассоциациясына кайрылдык. Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын ассоциациясынын аткаруучу директору МАЙРАМБЕК ЖАПАНОВ төмөнкүдөй маалыматтарды берди:
– Мисал катары Москва шаарынан Бишкекке сөөктү ташып келүүдөгү чыгымдарды алалы:

  • Цинктен жасалган табыт – 20000 сомго жетет.
  • Табыттын оозун бекитүү – 3500 сом.
  • Сөөктү бальзамдоо – 15000 сомду түзөт.
  • Өлүкканадан аэропортко чейинки жеткирүү – 5000 сомдун тегерегинде.
  • Табытты аэропорттон учакка салуу үчүн документтештирүү – 2500 сомго жетет.
  • Сөөктү жандоочуга бир билет (сөөктү ташып келүүдө өкүл катары бир адам болууга тийиш) – 10000 сомдун тегерегин түзөт.

Буга чейин Кыргызстанга сөөктү жеткирүү үчүн учакка билет сатып алуу керек болчу. Анын баасы жүктүн салмагына жараша төлөнүп келген. Бир сөөк салынган табыттын салмагы 200 килограммды түзөт. Мындай көлөмдөгү жүктү Москвадан Бишкекке жеткирүү үчүн мурда 45 миң сомдун тегерегиндеги каражат талап кылынчу. 2012-жылдын 10-декабрынан тарта «Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары каттаган бардык өлкөдөгү сөөктөрдү Кыргызстанга жеткирүү акысыз ишке ашырыла баштады. Муну менен сөөктү жеткирүүгө кеткен чыгым бир кыйла азайды. Чыгым жалпысынан алганда орто эсеп менен 56000 сомду түзөт. Бул бир гана Москва шаарынын аймагы боюнча эсептелди.
Ал эми Орусиянын алыскы аймактарында каза болгондорду алып келүүдө кыйынчылыктар көп. Мисалы, Японияга чектеш аймактардан алып келүү кыйынчылыкты жаратат. Себеби жол алыс жана даректи табууга эле көп убакыт кетет. Мына ушул аптада эле Красноярск крайына караштуу Дудинка шаарынын ооруканасында жатып каза болгон жарандын сөөгүн чыгарбай жатышат. Себеби ооруканадан сөөктү чыгарып кетүү соттук-медициналык эксперт тарабынан каралып, анан чыгарылат. Ал эми аталган шаарда андай экспертиза жоктугуна байланыштуу Новосибирск же Краснодардын өзүнөн эксперт алып барууга туура келүүдө. Мына ушундай кыйын учурлар да кездешет. Ушул жерден чет жактагы мекендештерибиздин биримдигин айта кетүү керек. Жамандык, жакшылыкта кайсы жерде болсо кыргызчылык кылып ошол аймактагы жарандарыбыз аянбастан жапа тырмак каражат чогулта калышат. Колунан келген жардамын көрсөтүшөт.

КОҢШУ ӨЛКӨЛӨР СӨӨКТҮ МАМЛЕКЕТТИН ЭСЕБИНЕН АЛЫП КЕЛЕТ, А БИЗДЕЧИ?
Чет жерде иштеп жүрүп көз жумган жарандардын сөөгүн мекенине алып келүүнү Өзбекстан жана Тажикстанда мамлекет өзү колго алган. Ал эми Кыргызстан каза болгондордун жакындарынын чыгымын толук түрдө болбосо да, жол кирени жана өлүкканага кетүүчү каражатты төлөп берүүгө аракет кылууда. Сөөктү алып келүүгө кеткен чыгым бир катар документтерди чогулткандан кийин гана Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу Жарандарды жумушка орноштуруу борбору тарабынан төлөнөт. Ал үчүн кандай документтерди чогултуу керек деген сурообузга аталган борбордун директору НУРДИН ТЫНАЕВ төмөнкү маалыматтарды билдирди:

  • Компенсациялык төлөмдү алууга арыз.
  • Арыз калтырган адамдын паспортунун көчүрмөсү жана банктык эсеби (сөзсүз түрдө банктан эсеп ачуу керек, колго накталай акча берилбейт. Банк аркылуу гана алат).
  • Каза болгон жарандын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн жана паспортунун көчүрмөсү.
  • Акыркы иштеген жеринен иштегендиги тууралуу мөөр басылган маалым кат же ошол мамлекеттин жумушка орноштуруу боюнча бийлик органынан иштөөгө уруксат алган кагазы (иш орду, иш берүүчүнүн юридикалык дареги, толук аты-жөнү көрсөтүлүп, мекеменин мөөрү басылып, кол коюлуусу керек. Ошондой эле кайсы кесипте жана кайсы убакыт аралыгында иштегени да көрсөтүлүүсү тийиш).
  • Арыз менен кайрылып жаткан жаранга сөөктү алып келген адамдын ишеним каты.
  • Сөөктү алып келген адамдын паспортунун көчүрмөсү же паспорттун ордун алмаштырууга жарамдуу документ.
  • Сөөктү алып келген адам тарабынан маркумду алып келүүдө кеткен чыгымдарды күбөлөндүргөн документтер (кассалык чек, дүмүрчөк, акча алгандыгы тууралуу тил кат. Мунун бардыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү шарт).

– Бул документтерди атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, мыйзамга туура келсе жана документтер толук болсо, компенсация төлөнүп берилет. Эскерте кетчү жагдай, чет жерде иштеп жүрүп каза болгон Кыргызстандын жарандарына гана берилет. Ал эми саякаттоо, окуу үчүн кетип каза болгондорго жана башка өлкөнүн жарандыгын алып алгандарга берилбейт. Ошондой эле компенсация алуу үчүн арызды 6 айдын ичинде тапшыруу зарыл. Бул убакыттан кеч кайрылгандарга төлөнбөйт.
Учурда чет жерде иштеп жүргөн жарандарыбыздын саны 500 миңге жетет. 2012-жылы каза болгон 328 жарандын жакындарынын ичинен компенсация алууга 52 арыз түшкөн. Алардын арыздарынын негизинде 45 жаранга компенсация төлөнүп берилген. 5 жарандын документтери туура эмес болуп калган. Ал эми эки жарандын бири көзү тирүүсүндө чет элдин жарандыгын алгандыктан берилбеди, экинчисинин туугандары бизге кеч кайрылышкан.

«ЭЛЧИЛИК АКЧАСЫН ЭСЕПТЕП БЕРГЕНГЕ ЭЛЕ ЖАРАПТЫР...»
Орусияда иштеп жүргөн сиңдисинен айрылып калган Эсенбүбү Калыкова сөөктү алып келүү көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүштү:
– Сиңдим Орусиянын жарандыгын алып, эки кызы менен 5 жылдан бери Москвада эле. Иштеп жүрүп, өткөн жылдын ноябрында оорудан каза болуп калды. Сиңдим жана анын кыздары менен бирге студенттер да жашашчу. Ал кайтыш болгондо тиги жаш балдар кимге кайрылып, эмне кыларын билбей калышты. Биз да бул жактан эмне кыларыбызды, кимге кайрыларыбызды билбедик. Анан ал жактагылар элчиликтен жардам болобу деп барышса, сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүгө керектүү документтерди жана сарпталуучу акчанын суммасын жазып колуна карматыптыр. Андан башка эч кандай жардам беришкен жок. Акча керек дегенде биз бул жактан акча жөнөтүүгө камдандык. Бирок акча таап салууга эле бир топ убакыт кетип калмак. Аңгыча «Замандаш» ассоциациясы ушундай иштерге жардам берет дегенди угуп, аларга кайрылдык. Алар дароо эле ишке киришти. Бир тыйын сураган жок. Сөөктү Бишкекке чейин жеткиришти. Жанындагы эки кыздын билетине чейин алар көтөрдү.

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНЕН МААЛЫМАТ

  • 2012-жылы чет жерде жүрүп каза болуп, Кыргызстанга сөөгү алынып келинген жарандардын саны 328ди түздү. Алардын 296сы Орусияда, 20сы Казакстанда каза тапкан. Ал эми Түркияда 2, Беларуста 2 жаран көз жумса, Ооганстан, АКШ, Бельгия, Таиланд, Чехия, Италия, Кытай жана Түркмөнстан өлкөрүндө бирден жарандарыбыз кайтыш болгон.
  • Жогорудагы каза болгон жарандардын ичинен Орусиядагы эки адам жана Чехиядагы бир жараныбыз туугандарынын макулдугу менен ошол жакта жерге берилген.

«ЖҮК 200» ТЕРМИНИНИН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Ооган согушунда курман болгон советтик жоокерлердин сөөгү атайын цинктен жасалган табыттарга салынып мекенине жеткирилип турган. Сөөктү жеткирүүдө толтурулган документтин аталышы "№200" болгон. Мына ушундан улам жана сөөк салынган табыттын салмагы 200 килограммдын тегерегин түзгөндүктөн аскердик кызматтагылар арасында «жүк 200» деген термин пайда болгон.
«Жүк 100» – чарчап калган жаш баланын сөөгүн ташуу.
«Жүк 300» – жарадар болгон жоокерди ташуу.
«Жүк 700» – акча ташуу.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛЧИЛИКТЕРИНИН ИШИНЕ КАНААТТАНАСЫЗБЫ?

Дамира Исамова, Италия:
– Бизде, тилекке каршы, элчилик жок. Өз арабабызды өзүбүз тартып келатабыз. Италияда кыргызстандыктар көп, элчиликке муктажбыз. Ата-энеси бар туруп каралбаган баладай, өз киндигибизди өзүбүз кесип, документтерди өз күчүбүз менен бүтүрөбүз.

Узакбек Кадыров, Түштүк Корея:
– Түштүк Кореядагы кыргыз элчилигинин аткарып жаткан иши алгылыктуу. Ар бир кайрылган кыргыз жаранынын көйгөйүн чечип берүүгө аракет кылып жатышкандарына күбө болуп жатабыз. Элчиликтин иштерине ийгилик каалайм!

Айсулуу Жунусбекова, АКШ:
– 4 жылдан бери бул жактамын. Жаңы келгенимде жердеш агалар жардам беришти. Алардан маалымат алып, иш да таптым. Элчиликке нааразычылыгым – кыйналган жаштарга жол көрсөтүп берүүгө жарабайт. Кыргыз болгондон кийин колдоо көрсөтүп турушса болмок.

Кошойбек Мойдунов, Тайвань:
– Тайванда Кыргызстандын элчилиги жок. Элчилик болсо, кеңеш алууга барып турмакмын. Бирок бул жакта элчиликтин деле кереги жок. Тайванда башка өлкөнүн жарандарына өзгөчө көңүл бурулат. Бардык маселелерди жергиликтүү бийлик тез жана кыска убакытта чечип берет.

Эльвира Макеева, Түштүк Корея:
– Бул жакта бир жарым жылдан бери жашайм. Азырынча элчиликке кайрылып көрө элекмин. Ал эми 10 жылдан бери жашап жүргөндөр "элчиликтин иши канааттандырбайт, маселе боюнча кайрылгандарга жарытылуу жардам көрсөтпөйт" деп айтышат.

Акжол Маматалиев, Орусия:
– 2-3 жыл мурда паспортумду жоготуп жиберип, жаңысын алуу үчүн кезек күтүп аябай кыйналгам. Азыр Москвадагы элчилик жакшы иштеп жатат. Жаман иштеп жатат дегенди уга элекмин. Маселе менен кайрылса, бат бүтүрүп беришет. Кейиткени – кичинекей эле кагаз үчүн көп акча талап кылышат.

Турусбек Сапаров, Казакстан:
– Алматынын базарында эле 9 миңге жакын жараныбыз эмгектенет. Алардын балдарын бул жактагы мектеп, бала бакчалар акчасы жок болсо кабыл алышпайт. Казак бийлиги иштеп жаткан мекендештерибизди кууй баштады. Мына ушундай көйгөйлөрдү элчилик чечпей жатат.

koom@super.kg



Чет өлкөдөн сөөктү алып келүү же "ЖҮК 200"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
18.01.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ообада мамлекет жардам берсе аябай жакшы болмок
SUPER.KG видео
19.01.2013. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
SubhanAllah... Kichine zakondordu poproshe kylsa jakshy bolot ele da. Chon Gosudarstvo, ozunun jarandaryna polnyi vnimaniesin bere albait, exx. net slov. Uyalysh kerek ushundai zakondordon. tigi kagaz kerek, bul kagaz kerek, anan markum myndai tigindei bolush kerek. SubhanAllah. ushundai kantip bolsun.
SUPER.KG видео
19.01.2013. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eger Kyrgyzstandy tigi 91 jyldan bashtap, Allahtan chyndap korkon bir musulman bashkarganda, SubhanALLAh, Kyrgyzstan GULDOP, ASHYP TASHYP bir chon mamleket bolmok, anan bizde ech bir problema bolmok emes. ar bir adam jakshy v dostatke jashamak. Prostoi adam, jana chon znatnyi kishiler birdei dengeelde bolmok. Za Gosudarstvo budete otvechat' pered ALLAHOM, stoya, golym i unijennym, INSHALLAH...
SUPER.KG видео
19.01.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооба,мен Екатеринбургда иштегениме коп болду,чынында эле элчилик жардам бергенин коргон жокмун,бул жакта Кадырбек Бусурмакулов коп жардам берет,ар качан ошол киши озу болбосо да чогуу иштеген жумушчуларына дайындайт.кээ бирлерине тууган,жоро жолдоштору же жердештери акча чогултуп беришет,ал эми элчиликтен жабрдам болду дегендерди уга элекмин.бизде элге жардам бере турган каражат жок,ал эми чондор жегенге каражат коп.кудай сактап алыстан аман-эсен эле жерибизге кайтып баралы деп тиленели!
SUPER.KG видео
21.01.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыкты жазгылачы кыргызым биринчи орунда адам колунан олгондор коп болуп атпайбы.
21.01.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
откондо квартирада бир эженин куйоосу каза болуп калып.элчиликке барышса эч кандай жардам бере албайбыз,бизге мындай нерсеге акча которулган эмес деп жооп бериптир.анан биз кичине жардам бердик ошентип баш аягы 80мин рубльга алып кетти.
21.01.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астанадагы кыргызстандын элчилиги начар иштейт. Айрыкча консул Улан деген "чанач"! Кыргыздардын жумуштарын бутурбойт. Болбогон бир печать учун 1 жума чуркатат. Мындан мурун Замир деген консул бар эле ал жакшы болчу.
21.01.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baha909090,
Биринчиден, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга.

Экинчиден, коомдук аадепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
20 күн банга!
21.01.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадагы элчиликтин бир иш кылганын уга элекмин.Бир Тажик уюмунун башчысы бар тынбай гезиттерден,тв лардан мекендештеринин таламын талашып журот.Биздикилер жок!
Замандаш уюмуна рахмат дагы кол кабыш кылышып.жардам берет деп коп угам
21.01.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жерде жургон жердештериме Аллахым кырыктардан колдоп турсун.Мындай нерсе эч кимибиздин башына тушкулук кылбасын.Аман эсен озубуздун мекенге баралы!
21.01.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба мен да Замандаштан жардам алгандарды коп уктум бар болушсун элчилик мынтип ийди деген соз жокко канчасы кыйналып эле журот , анан кыргыз туугандар озулору эле жардамдашып койушат
21.01.2013. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кимде мындай жаман кун келбесин.бирок буга элчилик эмес мамлекет куноолу да оз жарандарына эч нерсе жасабай чет жакка кетип жатканына....бирок замандаш элдин кообуно жардам берип келет эмил азамат байкелерге рахмат
21.01.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх айланайын кыргыздар аман эле бололу!
SUPER.KG видео
21.01.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы теманы козгоптурсунар,башка шаарды билбейм Якутск шаарындагы кыргыз элчиси аман болсун.Канча журдум бирок козго корунуктуу,элге кылган ишин коргон жокмун.
23.01.2013. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS,
Рахмат, ката түзөтүлдү.
23.01.2013. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыргызым аман болсун,лично Красноярск шарында диаспора дегенди ким шайлаган билбейм адамдын кошелекуна карап жардам берет.Акчасы жок байкуш барса убактыбыз жок деп койот. Отвечаю жуликтер олтурушат. Жакшы азыр ар айыл оздорунчо фонд ачышкан,ошол кичине жардам болот...
SUPER.KG видео
02.02.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын!!! соз жок!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: