АЙДООЧУЛАР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ...
№533 18-24-январь, 2013-ж
Республикалык мектеп олимпиадасынын тизмесинен АДАМ ЖАНА КООМ, ӨЗБЕК ЖАНА ФРАНЦУЗ ТИЛИ сабактары чыгарылды.
- «Түндүк электр» ишканасы 2012-жылы Кыргызстанда калктын электр энергияга болгон төлөмүн чогултуу
101,4 ПАЙЫЗГА аткарылганын маалымдады.
- Маданият жана туризм министрлиги 2013-жылы Кыргызстандагы бардык китепканалардын ЭЛЕКТРОНДУК БАЗАСЫ түзүлө тургандыгын билдиришти.
- Кыргызстанда 2008-2012-жылдар аралыгында КӨП АЯЛДУУЛУК боюнча 3 кылмыш иши козголгон.
- 16-январда Бишкекте Ак үйдүн алдына 30дай оор жүк ташуучу унаалардын АЙДООЧУЛАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫГЫП, кытайлык 80 тонналык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салууну талап кылышты.
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча МАМЛЕКЕТТИК ДИРЕКЦИЯСЫ ЖОЮЛДУ.
- ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВА Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директорлук кызматынан бошотулду.

- 14-январда НАРИМАН ТҮЛЕЕВДИН ден соолугуна байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
- Бишкек шаарында 2012-жылы коомдук унаалардын катышуусунда 190 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталгандыгы белгилүү болду.
- «Кыргызстанда кооптуу жерлерде жайгашкан 112 МИҢ 115 турак үй бар»,- деп билдирди 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
- 15-январда өткөн сот жыйынында айыпталуучу МУРАТ СУТАЛИНОВ 7-апрель боюнча кылмыш ишинин материалдары менен таанышуудан баш тартты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0