БЫЧАК САЙЫП ӨЛТҮРҮП КЕТИШКЕН
№534 25-31-январь, 2013-ж

Өткөн жылдын 23-декабрында Сокулук районунун Исмаил айылында 56 жаштагы А.Ж. аттуу жергиликтүү тургундун 2 жолу көкүрөккө бычак жеп каза болгон денеси табылган. Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй облустук ИИББинин маалымат кызматынын 23-январда билдиргенине караганда, Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 40 жаштагы ушул эле айылдын 2 тургуну кармалган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0