ДЕПУТАТТАРДЫН ОНЛАЙН «КАТЧЫСЫ» ИШТЕЙ БАШТАДЫ...
№534 25-31-январь, 2013-ж
2013-жылдын 21-январында президент Алмазбек Атамбаев «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.
- Адвокат ИКРАМИДИН АЙТКУЛОВДУ жактоочулук укугунан ажыратуу боюнча маселе каралып, Адилет министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия эскертүү берүү менен гана чектелди.
- 2013-жылдын июль айынан баштап Социалдык фонддо иштеген кызматкерлердин маянасы 20 ПАЙЫЗГА жогорулайт. Бул тууралуу фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.
- 2008-жылы түзүлгөн ИИМдин алдындагы Коомдук кеңеш өз ишмердүүлүгүн токтотту. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министри ШАМИЛЬ АТАХАНОВ кол койду.

- Жогорку Кеңештин онлайн кабылдамасы ачылды. Эми каалоочулар депутаттар менен карапайым калктын ортосуна көпүрө болгон
WWW.TEREZE.KG сайты аркылуу эл өкүлдөрүнө кайрылып, каалаган суроолоруна жооп ала алышат.
- Бишкек шаарында БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН жаңы имараты ачылды. Жаңы имарат шаардын Токтоналиев көчөсү -139 дарегинде жайгашкан. Бул имарат мурун А.Акаевге тиешелүү китепкана болгон.
- ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2012-жылы ар кандай топтор, өкмөттүк эмес уюмдар, саясий партиялар тарабынан 726 МИТИНГ өткөрүлгөн.
- Кытайда 20 кыргызстандык жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө, бирөөсү өлүм жазасына буюрулган.
- 22-январда Ош облусунун Алай районунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
- «Республикалык жана башка кагылышуулардын катышуучулар уюму» БАТКЕН ОКУЯСЫНДА каза болгондордун урматына өлкөнүн ар аймагында эстеликтерди тургузууну сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0