АК ТИЛЕК МЕНЕН УЮШТУРУЛГАН АКЦИЯ
№536 8-14-февраль, 2013-ж

2013-жылдын 4-февраль күнү Жайыл райондук укук коргоо кызматкерлери мектеп мугалимдери жана окуучулар менен биргеликте «Биз тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн!» жана «Рэкетсиз мектеп!» аттуу ураандар менен акция өткөрүштү. Акциянын катышуучулары республиканын бардык аймагында да ушундай иш-чара болуп өтсүн деген ниетте достук факелин автоунаалар менен Москва районунун аймагынан Панфилов районуна чейин жеткиришти. Ак тилек менен уюштурулган бул акция мындан ары да уланат деген ишеничтебиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0