АР БИР БЕШИНЧИ ЖАРАН ЖАКЫР...
№536 8-14-февраль, 2013-ж
Кыргызстандын АР БИР БЕШИНЧИ ЖАРАНЫ ЖАКЫР деп эсептелет. Бул маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлиги тастыктайт.
- Мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси, мүлкү тууралуу декларацияны тапшыруу мөөнөтү 2013-ЖЫЛДЫН 1-МАРТЫНДА аяктайт.
- Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы маалымдагандай, өткөн жылы өлкөбүздө өндүрүш иштеринде 58 КИШИ каза болгон.
- ЖК депутаттарынын саясий көз карашы фракциясына төп келбей калса, ал ЭРКИН бойдон калат жана фракция ичинде же андан сырткары түзүлгөн топторго кошула алат. Мындай мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
- Жазгы талаа иштерине карата 419,6 чакырым СУУ КАНАЛЫ оңдолгондугун Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.
- Бишкек шаардык прокуратурасы 2012-жылы коррупцияга байланыштуу 90 КЫЛМЫШ ИШИН козгогон.
- «Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейиндеги материалдар 20 ЖЫЛДАН бери жаңыланган эмес»,- дейт Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов.
- Өткөн жылы Нарын облусунда МЫЙЗАМСЫЗ МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН 2 БАЛА БАКЧА мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.
- Орусиянын Маданият министрлиги Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун 85 ЖЫЛДЫК мааракесин белгилейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
- Вице-премьер ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ Кытай Кыргызстанда 8 кургак сүт чыгаруучу завод курарын жана гранттык негизде бир учак берерин айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0