ДОБР ДИПЛОМДУК ИШ ЖАЗУУДА
№536 8-14-февраль, 2013-ж
Куудул ТАЛАНТ АНАРБАЕВ февраль айында Спорт Ордосунда болбой калган концертин 6-март күнү ошол эле жайда өткөрө турган болду.
- СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ учурда «Карт бойдок» деген тасмага продюсерлик кылууда. Бул тасмада актёр Камчы Сарыбаев башкы ролду аткарат.
- ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ «Туулган күн» деген ырына клип тартуу менен алек.
- ГҮЛНАРА КАЛДАРОВА «Сага жетпей» деген ыр жаздырып, учурда ага клип тартууда.
- ДОБР быйыл акыркы курста окуп жаткандыктан, дипломдук иш жазууга киришиптир.
- «Айтыш» фонду 14-15-февралда 25 жашка чейинки төкмө акындар айтышын, 20-21-мартта кыргыз-казак ортосундагы чоң айтышты уюштуруп жатат. Бул тууралуу аталган фонддун тең төрагасы АЗАМАТ БОЛГОНБАЕВ билдирди.
- МАЛИК АЛИКЕЕВ 26-февралда өтүүчү акын Тууганбай Абдиевди эскерүү кечесине катышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0