Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БАЛА БАГУУЧУ КЫЗДЫ ҮЙ ЭЭСИ ЗОРДУКТАГАНБЫ?

№537 15-21-февраль, 2013-ж


Айнур Чыныбаева аттуу Токмок шаарынын тургуну кеңсебизге баш багып, көз жашын көлдөтө арманын айтты. Көрсө, 18 жаштагы кызы Асел 2011-жылдын 1-июль күнү өз жанын кыйган экен. Бул тууралуу эненин өз оозунан угалы.

ЭНЕНИН АРМАНЫ
– Мен 1992-жылы туулган кызым Аселди өлүмгө дуушар кылган адамдар жазасыз кетпесин деп акыйкат издеп сиздерге кайрылып отурам. Кызым Токмок шаарындагы КМТУда экономика факультетинде сырттан окучу. 1-курсту аяктаган соң «Бишкекке барып иштейм, окуумдун акчасын өзүм төлөшүм керек» деп калыптыр. «Жибербейм» десем, көгөрүп туруп алганынан акыры макул болдум.
Ошентип, Бишкекке келип, гүл саткан бир дүкөндө сатуучу болуп иштеп жатканын айтып телефон чалды. Ал жерде 10 күн иштеген соң гүл саткан дүкөн жабылып, кызым жарыя аркылуу жумуш таап, Эне-Сай жаңы конушунда бала багып иштеп калды. Телефон чалып, «Зульфия деген келиндин үйүндө 4 жаштагы кызын багып жатам» деди. Алардын үйүндө жумасына 5 күн жатып иштеп, дем алыш күндөрү үйгө келип турчу. Июнь айынын башында дем алып, анан кайра барса, Зульфия «сенин ордуңа сиңдимди жумушка алдым» деп Аселди Бишкек шаарынын Чүй көчөсүндө жашаган Алина аттуу келиндин үйүнө 2 баласын багуучу кылып калтырып кетиптир. Бир ай иштеген соң айлыгын алып, үйгө келмекчи болуп жүргөн.
2011-жылдын 1-июль күнү болжол менен саат 10:30 чамасында менин уюлдук телефонума бир милиция кызматкери чалып, «кызыңар ооруканада оор абалда жатат, тезирээк келип калгыла» деди. Келсек, Асел Бишкек шаарындагы өлүкканада экен. Тергөөчүдөн кызым асынып каза болгонун уктум (эне сөзүнүн ушул жерине келгенде көзүнө жаш алып, мукактана түштү). Кызым өлөр алдында кат жазыптыр...

АКЫРКЫ КАТ
Каарманым сунган катты төкпөй-чачпай гезит бетине жарыялоону туура көрдүк:
«2011-жылдын 30-июнь күнү. Саат 13:28. Апа, мени жарык жашоого алып келгениңизге абдан ыраазымын. Аз болсо да көп нерсени билип, түшүнүп алдым. Апа, мен сизди убагында көп жолу капа кылган элем. Сизге кылган мамилем үчүн кечирим сурайм. Шаарга келип, издебеген жумушум калбады. Акыры жумуш таап, күн өткөрүп жүрдүм. Бала багып иштеп жүргөнүмдө күйөөсүнөн кордук көрдүм, анан кыздык намысымдан айрылып, өзүмдү коёрго жер таппадым. Анысы аз келгенсип, үйүнөн алтын-күмүштөрүн күйөөсү катып койгонбу же эмне кылганын билбейм. Мунун баарын аялы менден көрдү. Күйөөсү мени коркутуп жатты. Айлам кетип, баарын мойнума алдым. Менде мындан башка айла жок болчу, апа! Аялы милиция менен келип, менден 30 миң сом талап кылды. Түшүнүк катты өздөрү «диктовать» этип жаздырышты. Башка айлам жок болгондуктан, ушундай жолго барууга аргасыз болдум. Коркуу сезими менен ушул күнгө чейин жашап келдим, апа. Мындан ары мен чыдай албайм. Мени кечириңиз, апа, силерди жакшы көрөм!» Асел, саат 13:45».

«БҮГҮН АКЫРКЫ КҮН, МЕН КҮТӨ АЛБАЙМ!»
– Кызымдын жазган катынан шекшип, милиция кызматкерлери Асел экинчи жолу бала баккан үйдүн кожоюну Бакытбек Осмоналиевди камакка алышты. Башында биз деле аны күнөөлүү деп ойлогонбуз. Бирок тергөөчү мени чакырып калды. Көрсө, кызымдын уюлдук телефонуна ал каза болгон күнү, тагыраак айтканда, 2011-жылдын 1-июлунда «Бүгүн акыркы күн, мен күтө албайм!», ал эми 2-июль күнү «Мен милицияга арыз жазып койдум, 2 күндүн ичинде бербесең, ишиң сотко кетет, өзүңдөн көр» деген СМСтер келиптир. Аны жазган кызымдын мурдагы кожойкеси Зульфия Жумашева экен.
Ал буюмдарын жоготкон соң бир айдан бери милицияга кайрылбай жүрүп, анан кызым өлгөндөн кийин кылган кылмыштарын жашыруу максатында 2011-жылдын 3-июль күнү Аламүдүн РИИБине арыз жазганы да шек туудурат. Көрсө, ал сиңдиси Нургүл Жумашева жана анын таанышы ИИМдин академиясында иштеген Талант Кененсариев болуп Асел алардын үйүндө иштебей калганына 10 күн болгондон кийин келишип, кызымды «үйдөн күмүш-алтындарды уурдадың, төлөп бер» деп коркутушуптур. Талантты милиция кызматкери деп тааныштырып, «30 миң сом төлөйм. Уурдаганым чын» деп түшүнүк кат жаздырып алышыптыр.
Ошентип, «акчаны 1-июлда таппасаң, соттолосуң» дешсе, кызым коркуп асынып алыптыр. Тергөө уланып, мунун баары ачыкка чыккан соң кызымдын өлүмүнө күнөөлөнүп камакка алынган Бакытбек Осмоналиев акталып чыгып, Зульфия Жумашеванын күйөөсү Гүлжигит Мамытов убактылуу кармоочу жайга камалды.Тергөө бүткөн соң Свердлов райондук соту күнөөлүүлөр: Зульфия Жумашева, Гүлжигит Мамытов, Талант Кененсариевди актап таштады. Дагы айтып кетчү нерсе, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында «жаңы төрөлгөн, жынысы эркек, жетилген, жашай ала турган жана тирүү төрөлгөн» деп жазылган. Бул сот чыгарган өкүмдө да жазылган. Бул эмне деген баш аламандык?! Ал экспертизанын жыйынтыктары Аселге тиешелүү эмес экени көрүнүп турат. Кызым каза болгон соң Талант Кененсариев туугандары менен мага келип, «күнөө менден кетти, өкүнүп жатам. Бул акчаны кызыңызга куран окутуп коюңуз» деп 80 миң сом таштап кеткен. Сотто кайра «менден акча талап кылган, анан бергем» деп мени күнөөлөп, жалаа жапты. Кызымдын өлөр алдында жазган каты сотто каралбай, көбүнчө тигилер мажбурлап жаздырышкан түшүнүк катка басым жасалды.

«МЕНИН КҮЙӨӨМ ЗОРДУКТАГАН ЭМЕС»
Ар кимдин өз чындыгы бар. Каарманыбыздын айткандарына кандай жооп кайтарат деп айыпталуучу тарапты да кепке тарттык. ЗУЛЬФИЯ ЖУМАШЕВА төмөнкүлөрдү айтып берди
:
– Соттун жыйынтыгы боюнча биз акталдык. Кылмыш кылбаганыбыз далилденди. Каза болгон кыздын апасы болбой эле ар кайсы жакка арызданып жатат. Алгач бизден 40 миң доллар талап кылган. Кийин 23 миң доллар, кайра 800 миң сом сурады. Берген жокпуз. Анан ар кандай жалаа менен үстүбүздөн арыздана баштады.
Асел биздин үйдө иштеп жүргөндө зордукталган деген – жалаа. Мен жумушка сегиз жарымда кетип, кечинде беш жарымда келем. Күйөөм болсо эртең менен 6да кетип, кечки ондордо келет. Ал келгенде мен дайыма үйдө эле болом, күйөөм Аселди зордуктаган эмес деп 100 пайыз кепилдик берем. Асел үйдө иштеп жүргөндө «курбумдукуна барып келейин» деп кечкисин көп суранып кетчү. Апасы бир да жолу чалып, кызынын ал-абалын сураганын көргөн жокмун. Мени апасы «экинчи иштеген жердеги Алина аттуу келин менен тааныш» деп жалган маалымат айтып жатат. Ал келинди мен сотто биринчи жолу көрдүм.

– Алтын-күмүштөрүңүз уурдалганын качан байкап калдыңыз? Жалпы чыгым канча эле?
– Асел кеткенден кийин билдим. Жалпы чыгым 50 миң сомду түзгөн.

– Аселден түшүнүк кат жаздырып алганыңыздар чынбы? Талант Кененсариев дегенди айтып жатышат, ал ким, неге сиз менен барды?
– Ооба. Бирок коркуткан эмеспиз. Ал өзү мойнуна алган. Талант таанышыбыз болот.

– Анда эмне себептен сиз 50 миң талап кылбай, Асел түшүнүк катка «30 миң сом төлөп берем» деп жазган?
– Калганын аны аяп кечип, албай эле коёюн дегем.

– Ал жумуштан кеткен маалда үйүңүздө башка бала багуучу бар беле?
– Ооба.

– Уурдалган буюмдарыңызды Аселден көрүп, а эмне үчүн жаңы бала багуучуңуздан шекшиген жоксуз?
– Ал мурда да иштеп кеткен. Жердешимдин кызы. Ал уурулук кылбайт.

– Эмне себептен буюмдарыңыз жоголор замат милиция кызматкерлерине кайрылган эмессиз?
– Асел «төлөп берем» дегенинен күтүп жүргөм. Анан акыры арыз жаздым. Бирок Аселдин каза болгонун билген эмесмин.

«18 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ШААРГА ЭМНЕГЕ ЖАЛГЫЗ ЖИБЕРЕТ?»
Ал эми айыпталуучулардын жактоочусу КАЙРАТ ЗАГИБАЕВ буларга токтолду:
– Кардарларым ак экени соттун өкүмүндө далилденди. Бул иш дале аягына чыга элек. Акыркы чечимди шаардык сот чыгарат. Жабырлануучу Айнур Чыныбаева далили жок эле жалаа жаап жатат. 18ге жаңы толгон кызды эч кандай таанышы, тууганы же жашаган жери жок чоң шаарга эмнеге жалгыз жиберет? Мен ушуга таң калдым. Ал жөн гана менин кардарларымдан акча алгысы келип жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, экспертизада маркум 3 күн мурда эле жыныстык катнашта болгону далилденди. Ал учурда кыз башка үйдө иштеп жүргөн.

Эки тараптын тең сөзүн угуп, чындык кай тарапта экенин билүү кыйын. Канчалык талашып-тартышпайлы, көчөт кезинде соолуган өмүрдү кайра кайтара албайбыз. Ушунусу абдан өкүнүчтүү.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Бала багуучу кызды үй ээси зордуктаганбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(107)
SUPER.KG видео
16.02.2013. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимисинин созуно ишеничти да билбейсин,маркумдун апасы акча албай эле койсо болмок.Мындай аянычтуу тагдырлар коп,качан гана мамлекетибиз онолуп, элдин турмушу онолмойунча жашоо кыйындай бермекчи.Ар пендеге нысаап берсин жаратканым.
SUPER.KG видео
16.02.2013. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоомо 200% ишенем деп коет хахаахаххах. соз жок. Ишене бериниз айла канча. Кыздын энесинде да бар куноо жапжаш кызды ээн шаарга жиберген эмне деген эне? Биздин кыргыз аядар торобой эле койушпайбы бага албагандан кийин, балдарына жакшы келечек бере албагандан кийин.
SUPER.KG видео
16.02.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убалчылык тарткандардын эле шору болуп калганбы, тартип коргоо органдары, сот эмнеге адыл иштебей жатат? акчалуулар, көпөстөр ушинтип тойгуча жеп, өлгүчө танып жатат, элдин алдында актанганы менен Кудайдан алдында актана алабы.
SUPER.KG видео
16.02.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eje baryp ele atyp salynyz da!!! iwindailardy ukasam jaman jinim kel4u boldu!
SUPER.KG видео
16.02.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manka kazakty emne suilotup koigon.sottu da osho miliciyany da zorduktagan maldy da atyp salysh kerek.Zorduktagan maldyn kyzyn da biroo kozuncho zorduktasa eken.
SUPER.KG видео
16.02.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
куноо кызда да бар. эмне учун зордук коргодон кийин сразу кайрылган емес милицияга. ошондо экспертиза текшерет эле,ким куноолу экенин. кызды билбей туруп акташ кыйын. олгон озунун шору. бул жерде апасына кыйын болуп атат. эмне учун апасын ойлобойт.
SUPER.KG видео
16.02.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай озу сактасын.чынында кимисинде куноо экенин аныкташ кыйын ошон учун соттор да чечимди коз жумуп чыгарып жатышат,ал эми кыздын энеси акча албай койсо болмок дейсинер колунда жок болсо кызын жерге койгонго да акча кетет мумкун керек учурда берсе алгандыр.эми кудайдан коркуп кимиси куноолу болсо ачыка чыгаар же кызда куноо чынында жок болсо байкуш жон жатпайт болуш керек чындык чыкканча.баарыбызга кудай ыйман берсин.жаканды кармагандан башка эч нерсе кыла албайсын азыр.
SUPER.KG видео
16.02.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздын апасына кыйын болуптур байкуш Эне. Кыз эмнеге эч нерсени айтпай кеткен бул баары учун карангы экен. Жанагы шумшук аял кумуш буюмуму уурдаптыр деп анан неге алтындарын кошуп койду? Эгер кыз уурдаса кайтып келип ишин сурамак эмес шумшук аял да таанышына алып барбайт эле да "сен шумшук аял 200% ишенген куйоон экоон ООО дуйнодо АСЕЛдин алдында жоооп бересинер".
SUPER.KG видео
16.02.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын куноосун кудайым озу кечирсин, барына кудай тараза болсун карап турбагандан кийин бир нерсе деп айтуу кыйын...
SUPER.KG видео
16.02.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягы баягы баягы деген создордон тажап кеттип интернеттин жайы бир жактан эптеп загруска болсо баягы деген соз бир жактан
SUPER.KG видео
16.02.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда акчан болсон адамсын, болбосо жашоо ото кыйын болуп калыптыр
SUPER.KG видео
16.02.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер чын эле караласа аларга кудай озу коргозот бир жагы болбосо бир жагынан мына анын да балдары бар аларга бала кандай татуу болсо аселдин энесине ошончолук таттуу балдарына коргозсун!!!!
SUPER.KG видео
16.02.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne uchun kyzdyn apasy akcha albash kerek?Alsyn, kyzynyn kunun 80minden da kop aluu kerek,andai kozun mai baskan aibandardy,tigi zer buiumdarym 50 min bolchu deit uialbai, a Aselden 30 min tolop berem degen til kat alyp,oshonu da jurnalistter taktap koiso bolmok na meste kalpyn chygaryp..
SUPER.KG видео
16.02.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп былжырап алтын кумушторум жорлду деп Аселге жалаа жаап жатат. Эгер ал урдап алса ал таап берган иштен иштемек эмес качып кетмек. Кудайдан коркчу сулфия куйооно200 эмес 300 протценке ишенсен дагы. Силердей аябандардын айынан бир чырактай кыз коз жумуп жатат. Сенин да кызын ушинтип олсо корот элем былжыраганынарды?
SUPER.KG видео
17.02.2013. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4unduktu bir gana allah bilet i allah jazalait
SUPER.KG видео
17.02.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет кунолуу, Ата-Энеси кунолу. Турмушка чыкпаган кыз ата энесинин уйунон 1 кун да башка жакта болбош керек. Мамлекет бойдок кыздарды сыртка чыгарууну токтотуш керек. РФ еле 1жылда 50дой торолгон балдар таштандыга ташталса
SUPER.KG видео
18.02.2013. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчага копкондорду козун чукуш керек!
Же асып койуш керек площадька!
SUPER.KG видео
18.02.2013. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rita553,
Биринчиден, коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
SUPER.KG видео
18.02.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rita553,
Экинчиден, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн банга!
18.02.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздына катына анализ жасап корсок, Зульфиянын куйоосу куноолуу экени корунуп турат. Ал аялын зер буюмун уурдап, кызга моюн алдырыптыр. А аялы билбей куйоосун актап жатат. Балким 3 кун мурун да Зульфиянын куйоосу кыз менен катнашта болгондур. А жаш кыз мындайга кантип чыдамак? Абдан окунучтуу. Жаткан жери жайлуу болсун!
18.02.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр кыздар 18 эмес, 14 жашынан эле алыс жактарда иштеп, ата-энесине жардам берип журот. Адвокаттын тан калганына мен да тан калдым.
18.02.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim8678, абдан туура айтасыз адвокат да бир жакка ооп сүйлөп жатат. 18 жаштан кийин да апасынын көзөмөлүндө болуш керек деген сөзү кайсыл мыйзамда бар экен
18.02.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адвокат кайсыл мамлекетте жашап журду экен тан калып,кайсы бети менен ошол адамдарды актап атат?Дагы эле жонокой карапайым адамдар кор болуп атат.Озу чындык болобу?Кыздын убалы кимге?Алы келбеген акыретчил дейт ким кылса да аллахым озу жазаласын.Асел кандай кор болсо ошол адам да кор болуп азап чексин.Наристесинде кор болгон Асел кыз жаткан жерин жайлуу болсун,топурагын торко болсун.
18.02.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорум ооруп кечкемин дептир го, боору ооруганы чын болсо, баарын эле кечип салбайт беле дейм да.. Бироонун айыбын жапсан, Аллах сенин айыбынды акыретте жабат деген. Бирок, кыздын уурдаганына ишенбей турам. Уурдаса бетин калын кылып, аягына чейин туруп берет эле. Жаш кызды колдонушуптур. Куноолор жазасыз калбас!
19.02.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur_meerim, туура айтасын, азыр адамдын омуруно караганда алтын-кумуштору кымбат болуп калдыго, булар да оз жазасын табышаар!
18.02.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aseldin katynda anyk tynyk ele korunup turbaiby kimdin kunolu ekeni . Emne u4un zulfianyn kuioosun aktap jiberiwti je Kyrgyzstanda myizam ak4asy bar adamdar u4un kyzmat kylaby ....?
18.02.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ziregul, konechno akchaluularga kyzmat kylat da zakon. jash baladay nayivnyi bolboiluk.
18.02.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3kun myrun jynystyk katnawta Bolognun ekspertiza anyktagan bolco ,Kim mn Bolognun délé anyktasa bolotda
18.02.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken, ekspertizaga tolop koigon da oshentip zaklyucheniye kyl dep
18.02.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kim mn akyrky jolu bolgonuda chehicuu d'ail go sottorgo émne bolgon
18.02.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адвокат сорой эмнени билет экен, кыздардын кобу эле иштеп журушпойбу ата энесинен алыс, намыстуу кыз экен, олуп берди, акча бербей эле коюшсун апасына, акыйкат чечип эле беришкени болду. баары эле билиниптир го эмне эле актанып атышат, ушундай бети калын да адамдар болот экен тобоо
18.02.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде жанжал Зульфия алтын буюмдарын уурдаткандан кийин башталган.Кыз депрессияга тушуп кетип анан озун олумго кыйган. Бул жердеги ишке кыздын олуму жолтоо болуп жатат.Зордуктады деп жазып кеткен,аларга очошуп деле жазып коюшу мумкун. Зордуктаганына куболор болбосо, мед.эксперттин так корсотмосу болбосо бир нерсе деп айтуу кыйын. Мумкун уйдун кожоюну ак жеринен куноолонуп жаткандыр. Коммент жазгандар озунорчо бул жерде сот болбой, сотуна барып катышып коргуло анда аныгына жеткинер келсе
18.02.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bren2, osho kuyoosunun jal....tary uurdagan bolso kerek da
18.02.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын апасына айтаарым: Тируу кезинде кызыныздын журум-турумун, ишин контролдоп тескеп турбаганыныз окунучтуу. Анын олумун 40 000ге баалап акча талап кылганыныз ырас болсо ал андан да окунучтуу.Статистикада кобуроок никесиз катнашка баргандарга, зордукталгандарга уй кызматчы аялдар туш болот.Кызынды оз жеринде уй ээси зордуктаса, Москвада тажик менен чечен зордуктаса, ушундай ишке туртуп коюп кай жакты карап отурасынар урматуу кыргыз ата-энелер.Бала деген силерге мал, олсо акча эмес го акыры.
19.02.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bren2, даа, кыйын эле болду кыргызга, канткенде онолот болдук экенбиз,
18.02.2013. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын апасында да бар куноо.Малынды деле талаага айдап жиберип карабай койсон бир куну карышкыр жейт. Оз каныныздан жаралган кыз Сизге малчалык да болбодубу, бейтааныш уйго бала каратуучу кылып иштеткидей.
19.02.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bren2, кыздын апасы алардын адам эмес айбан экенин кайдан билиптир малынды талаага айдап жатканда ал жакта айбан бар экенин билесин
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: