ЖОЛ ТОСКОНДОР АЙЫП ПУЛГА ЖЫГЫЛАТ
№537 15-21-февраль, 2013-ж

13-февраль күнү президент Алмазбек Атамбаев «Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол коюу менен жол тоскон жарандарга айып пул киргизилди. Эң минималдуу айып пул 30 эсептик көрсөткүчтөн турса, юридикалык адамдар үчүн 500дөн турмай болду. Ошондой эле митингчилер жолду жапкан тосмо орнотуп алса, ал үчүн айып пулга жыгылат.
Мыйзам жарандардын эркин жүрүү укугун коргоо үчүн багытталган. Мындан ары ички иштер органдары административдик мыйзам бузуу жөнүндө протокол түзүү укугуна ээ болуп, үч сааттан көп эмес кармап тура алышат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө тыюу салынат!