ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 2 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
№538 22-28-февраль, 2013-ж

13-февралда түнкү саат 02:00 чамасында Кара-Буура районундагы Кара-Суу айылынын тургуну Б.Тыналиев өзүнүн Ауди-100 үлгүсүндөгү унаасы менен Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда бара жатып кырсыкка учурады. Аталган унаа каршысында келе жаткан Форд Транзит үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан 2 айдоочу денесинен оор жаракат алса, 2 жүргүнчү каза тапкан. Учурда кырсыктын келип чыгышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0