ТҮНДҮК МЕНЕН ТҮШТҮКТҮ БИРИКТИРГЕН УНАА ЖОЛУ КУРУЛАТ
№538 22-28-февраль, 2013-ж

Президент Алмазбек Атамбаев Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов дагы бир түндүк менен түштүктү бириктирүүчү жолдун курулушу тууралуу сүйлөшүштү. «Жол 5 жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек»,- деди өлкө башчы. Жалал-Абад–Балыкчы багытында курулмакчы болгон жол болжол менен 450 чакырымга созулат. Жаңы жолду куруунун максаты – Ош–Бишкек жолундагы оор жүк ташуучу унаалардын санын азайтуу. Учурда Ош–Бишкек жолунда суткасына 3000 жеңил жана оор жүк ташуучу унаа каттайт. Пландаштырылып жаткан жолго 650-700 миллион доллар керектелет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0