
Адамдар гана эмес, жер жүзүндөгү макулуктардын баары оозун ачып эстешет. Бул эмне үчүн керек?
Адамдар чарчаганда, уйкусу келгенде, ысык, үп бөлмөдө эстешет. Эмне үчүн? Илимге кайрылсак, эстөө баш мээнин талабы менен түз байланышта. Мээ калыптагыдай иштеши үчүн кычкылтек керектүү өлчөмдө керек. Эгер мээ кычкылтектин жетишсиздигин сезсе, ал организмге бул тууралуу сигнал жиберет. Организм жетпеген кычкылтектин ордун толтуруу үчүн оозду ачып эстетет.
Эмне үчүн дегенде, оозду чоң ачып эстегенде өпкөнүн альвеолдору кеңейип, ичке кирген аба мээге бат жетет. Адам катуу эстегенде тулку бою созулат. Бул туруп калган кандарды денеге таркатуу үчүн керек. Муну илимпоздор табигый инстинкт дешет.
Эстөөгө булчуңдар, кан тамырлар, дем алуу жана нерв системи түзмө-түз катышат. Ооздун, жаактын, моюндун булчуңдары чыңалып, мээнин кан тамырларына кандын жакшы жүгүрүшүн шарттайт.
Эстөөнүн дагы бир себеби – мээнин ысып кетиши. Үп бөлмөдөгү адам эстей баштайт. Мээ муздай түшүшү үчүн организм адамды оозду чоң ачууга мажбурлайт. Анткени ичке кирген муздак аба мээни сергитет. Андыктан адамдар уйкусун жазыш үчүн сыртка, салкын абага чыккандыгы ошондон.
Кыскасы, эч тартынбай оозду ачып эстөө кажет. Жогоруда айткандай, ысыган мээ салкындап уйку качат, мээге кычкылтек керектүү өлчөмдө барат, булчуңдар чыңалып, ишке жөндөм арта түшөт, стресстен канча бир деңгээлде арылтат жана башка.
жалгыз ... анда мен кеттим жанына а вдруг эстеп жаткандыр :-):-):-):-)