
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мамлекеттик мекемелерде иштеген эсепчилерди жаңыча ыкмада иштөөгө окутушту. Аталган курска 60тан ашуун эсепчи катышты. Курстун негизги максаты – эсепчилердин квалификациясын жогорулатуу. Жыйынтыгында алар бирдиктүү эсеп планын түзүүнү, отчётту бирдей калыпта жазууну үйрөнүштү.