ОШТОН КҮНҮНӨ 700 МЕТР КУБ ТАШТАНДЫ ЧЫГАТ...
№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж
-

Жалал-Абадда аскер жигит өзүн-өзү атып алып
КАЗА БОЛГОНДУГУН Коргоо министрлиги кабарлады.
-
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 2012-жылы жаңы төрөлгөндө КӨЧӨГӨ ТАШТАЛГАН 139 ЫМЫРКАЙ табылгандыгын билдирет.
-
Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевдин айтымында, учурда Кыргызстан менен Кытай жер семирткич чыгаруучу ЗАВОД КУРУУ жөнүндө сүйлөшүүдө.
-
Бир күндө Ош шаарынан 700 МЕТР КУБ таштанды чыгарылат. Бул маалыматты аталган шаардын «Тазалык» ишканасынын башчысы Шайлообек Азатов айтты.
-
Борбордук Африка өлкөсүнүн президенти ФРАНСУА БОЗИЗЕ 23-мартта өлкөсүнөн качып кетти.
-
25-мартта экс-муфтий ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУН жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловго ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн Бишкек шаардык соту канааттандырды.
-
Бишкекте 6-апрелде «ШААРДЫН ЖОЛДОРУН ӨЗҮБҮЗ БОЁЙБУЗ» аттуу акция болот. Аталган акцияда борбор шаардагы жолдордун жөө адамдар кесип өтүүчү жерлери боёлот.
-
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө Орусиянын 41 ЖАРАНЫ ОТУРАТ» деп акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
-
БОЛОТ ТОКСОБАЕВ өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
-
2012-жылы өндүрүштө иштеген 112 АДАМ ИШ УЧУРУНДА ЖАРАКАТ АЛЫП, алардын 36сы каза болгон. Мындай маалыматты Кыргызстандын профсоюздар федерациясы кабарлады.
-
УКМКнын мурдагы жетекчиси
КЕҢЕШБЕК ДҮЙШӨБАЕВ 2013-2015-жылдар аралыгында ШКУнун башкы катчысынын орун басары кызматына келди. Анын талапкерлигин ШКУга мүчө мамлекеттер жактырышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0