
Наристе төрөлө элек жатып энесинен айрылып, өзүнүн өмүрү кыл учунда калган эле. Ошол ымыркай өткөн аптанын ишембисинде чарчап калды. Аки-чүкүсүн кененирээк билүү үчүн Энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунун директору КАМЧЫБЕК УЗАКБАЕВГЕ кайрылдым.
– Окурмандардын эсине салуу үчүн баарын башынан баштасаңыз...
– Окуя 15-мартта болуп өткөн. Биздин борборго боюнда бар, 1993-жылы туулган өзгөндүк кыз келип түшүп, төрөт бөлүмүнүн төрөт алдындагы палатасына жаткырылган. Өзүнүн айтуусунда, ал мурун кош бойлуулугу боюнча эч жерде каттоого турбаган экен. Биздин борборго келгенде жанында бир да документи болбоптур.
Бизге чейин, ошол күнү эртең менен толгоосу кармап, абдан кыйналып ал «Тез жардамга» чалат. «Тез жардам» аны биздин борборго алып келет. Анан ал кыз түштөн кийин 3-кабаттан боюн таштап жиберген. Ошол замат ар бөлүмдөн дарыгерлер: окулист, гинеколог, нейрохирург, неонатолог жана башкалар эне менен балага жардам берүү максатында чогулду. Энеси алган жаракаттарынан улам абалы өтө оор болгондуктан, врачтардын аракетине
карабай операция столунда көз жумган.
Себеби кыз секиргенде цементтин үстүнө башы менен тийген. Курсагындагы баланын башы сынып кеткен.
– Анан баланын тагдыры кандай болду?
– Апасынын ичинен кесилип алынган баланын сынып кеткен башына операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Баланын абалы өтө оор болуп, өз алдынча дем ала албагандыктан, жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган эле. Бирок канчалык аракет кылган менен, ымыркай
23-мартта, түндө каза болуп калды.
Бизде баланын атасы жана башкалар боюнча так маалымат жок.
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!