Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2010-ЖЫЛДЫН 7-АПРЕЛИ...

№544 5-11-апрель, 2013-ж


Ал күнү аксакал аталар, кутман кары энелер ыйлашты. Анткени кыргыздын жаш жигиттери сырттан бастырып кирген душманы жок эле, өздөрү шайлап, өздөрү бийликке алып келген адамдардын буйругу менен окко учуп, жан берип жатышты. Алардын болгон күнөөсү – жакшы жашоону эңсеп, өлкө жетекчилигинен мыйзамдуу укуктарын талап кылып чыгышканында эле...

Өмүрбек Текебаев, ЖКда «Ата Мекен» фракциясынын лидери:«АБАКТАН ТИРҮҮ ЧЫГАР БЕКЕМ ДЕП ОЙЛОНУП ЖАТТЫМ»
– Бакиевдер бизди камай тургандыгын күн мурунтан эле билгенбиз. Үй-бүлөмдү туугандардыкына жөнөтүп, эртең менен партиянын кеңсесине барып документтерди, компью­терлерди башка жакка жеткирттим. Кечирээк үйгө келдим. 3-4 мүнөттөн кийин эле эшиктин коңгуроосу басылды. Ошондо саат 21:50 чамасы эле, мени алып кетишти. Эшикти жөн эле ачканыма кубанам, анткени Атамбаевдин дарбазасын болгарка менен кесип ачышыптыр.
Спорт кийимчен болчумун, камерага киргизерде бут кийимимдин боосун чыгарып калышты. Үй-бүлөмдү ойлодум. Кеминде 15 жылдан соттолушат деп жатышты. Тирүү чыгамынбы, чыкпаймынбы деген ойлор келди. Кичүү кызым ошол кезде эки жашта болчу, тирүү чыксам Айсарам 17ге толуп калат экен деп ойлоно баштагам. 7-апрелдин таңы атканын кичинекей терезеден түшкөн нурдан улам билдим. Күн бүркөк экен. Бир кезде сыртта «гүү-гүү» деген үн угулду. Бул үндүн жаратылышын түшүнбөгөндүктөн, эмне болуп жатканын билген жокмун. Улам басылып, улам кайталанат. Күн күркүрөп жаткан сыяктуу да сезилди. Көрсө, ошол кезде эл Бакиев менен алышып жаткан тура. Бир кезде түрмөнүн эшиктерин ачып, бизди чыгарышты. Коридорго Турсунбек Акун жүгүрүп кирип келди. Бизди сыртка чыгарышты. Сыртка чыкканда эле эл мени колтуктай аянт жакка алып жөнөштү. Бут кийимимдин боосу жок, улам түшүп калат, улам бирөө эңкейе калып кийгизип коёт. Ошентип, аянтка келдик. Ал жерде үн күчөткүч жок экен, бир аз сүйлөдүм. Элди эч ким уюштурбаганы, бул акция эмес экендиги ушундан билинип турат, микрофон да жок экен. Азыркы өкмөттүн имаратына барып, Роза Отунбаеванын кичинекей кабинетинде Убактылуу өкмөттү жарыяладык. Убактылуу өкмөт бийликти эмес, жоопкерчиликти бөлүп алдык. Анткени бийлик кулады, Конституция күчүн жоготту, өлкөдө өзгөчө оор кырдаал. ИИМге Болот Шерди, УКМКга Кеңешбек Дүйшөбаевди жетекчиликке дайындадык. 8-апрель күнү Убактылуу өкмөт Конституцияны, ошондогу бийликти жокко чыгарган биринчи декретти кабыл алды.

Темир Сариев, КРнын Экономика министри:«ӨЛҮМГӨ БЕТ АЛГАНЫМДЫ БИЛИП ЭЛЕ КЕЛДИМ»
– 2010-жылдын 5-апрелинде Москвага кеткем. Эртеси Кыргызстандын оппозиция лидерлерин бийлик камакка алганын уктум. Өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү, партиялаштар мага «ошол жакта турсаң, эл аралык билдирүү жасаганга ыңгайлуу. Бул жакка келсең, сени да камап коюшат, келбе» деп жатышты. Бирок өлүмгө бет алганымды билип туруп эле намыс үчүн, эл үчүн келе бердим. 7-апрель күнү Бишкекти көздөй учтум. Учактагы төрт саат ичинде эл, үй-бүлөм, айылым, туугандар көз алдыман чууруп жатты.
План боюнча мен учуп келгенде эле аэропортто эл жыйналып, Бишкекти көздөй жөө жүрүш жасамакпыз. Бирок мени аэропорттон абакка алып кетишти. Сурак жүрүп жаткан учурда сыртта ызы-чуу эле. Жактоочумдан «бир нече кишини атып салышты» деген билдирүү келди. Мен тергөөчүдөн Суталиновго жолуктуруусун өтүндүм, ал министрдин Ак үйдө экендигин айтып, мени Марат Бакиевге алып барды. Ага «Атаңа айт, токтотсун! Эл кырылып жатат!» дедим. Ал телефондо сүйлөшүп, анан «Сариевди алып кете бергиле» деп койду. 2005-жылы да Айдарга келген элем, «токтот, эл менен сүйлөшкүлө» дегениме макул болбогон. Аягы эмне болду? Марат Бакиевге аны да айттым.
Бир кезде эл УКМКга келип, бизди чыгарды. Иса Өмүркулов экөөбүз башкалардан эрте чыкканбыз. Ак үйгө Данияр Үсөнов менен сүйлөшүүгө бардык. Ак үйдүн биринчи кабатында толтура куралчандар жашиктеги куралдарды октоп жатышыптыр. Данияр Үсөнов менен сүйлөшүп «Ак үйдүн үстүндөгү снайперлерди алгыла, атууну токтоткула, оппозиция лидерлерин бошоткула» деген талаптарды койдук. Ал «эл тосмодон алыс турсун, айткыла, биз снайперлерди алалы, аткылоону токтотолу» деди. Сыртка чыкканда дале аткылоо болуп жатыптыр. Ошол каргашалуу күнү эл бийлик менен кечке алышты. Мындай кан төгүлөт деп ойлогон эмеспиз. Акыры Бакиев бийлиги жеңилди, оппозиция лидерлери Убактылуу өкмөттү түздүк, жоопкерчиликти мойнубузга алдык. Убактылуу өкмөт өзүнө алган жоопкерчиликтерди акырына чыгарды. Референдум өткөрүп, жаңы Конституция кабыл алынганда бийликтен баарыбыз кетебиз дегенбиз, кеттик. Ошол кырдаалда саясий-экономикалык абалга жараша чечимдер кабыл алынган. Эми кайсы бир чечимдерди башкача кабыл алсак болмок экен деп ойлоносуң, бирок ал учурда бизде ойлонгонго шарт да, убакыт да жок эле.

Азимбек Бекназаров:«7-АПРЕЛДЕ ЭЛДИ АТУУГА ЖООПТУУЛАРДЫН ЖАРЫМЫН ЭЛ ӨЗҮ ЖКГА ДЕПУТАТ КЫЛЫП ШАЙЛАП АЛДЫ»
– Максатыбыз бийликке келиш эмес, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу системин жок кылып, мамлекетти демократиялык жолго салуу, элдин үнүн угуу болчу. Революциянын максаттарынын ишке ашканына ыраазы болом. Тарыхый окуялардын кыймылдаткыч күчү – карапайым эл, жаштар. Кыргыз улуту бул окуяны оң жагынан тарыхта калтырышыбыз керек. Баңгилердин же бейбаштардын аркасы менен болгон окуя деп атаганга болбойт. Эч ким акча берип, революция жасап элди көтөргөн жок. Революцияда эл жеңди, Кыргызстан эли кулдук доордон кутулду.
Убактылуу өкмөт эл алдында берген өз убадасын аткарды. Биз электр энергиясына болгон бааны арзандаттык, уюлдук байланыштагы ар бир чалуудан төлөнүүчү 60 тыйынды жок кылдык. 7-апрелде элди атууга күнөөкөрлөрдүн жарымы издөөдө жүрсө, жарымын эл өзү Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлап алды. (Гезитибиздин №439 санына (1-7-апрель, 2011-жыл) берген маегинен).


Эмил Каптагаев, Убактылуу өкмөт тушунда аппарат башчысы:«ОШЕНТИП, БАКИЕВДИК БИЙЛИК КУЛАДЫ, АК ҮЙ ЭЛДИН КОЛУНА ӨТТҮ»
– 2010-жылдын 7-апрель күнү бардык аймактарда элдик курултайлар өтмөк. Жер-жерлерде штабдар түзүлүп, даярдык көрүлүп жаткан. 6-апрель күнү кечинде оппозиция лидерлерин камакка алууну башташты. УКМКнын тергөөчүлөрү атайын жоокерлердин коштоосу менен келип, Кеңешбек Дүйшөбаев, Иса Өмүркулов, Туратбек Мадылбеков төртөөбүздү «Медиа Форум» имаратынан кечки сегиздерде СИЗОго алып кетишти. Мага кылмыш иши козголду, коюлган беренелер
боюнча 25 жылга чейин эркимден ажыратыла турганымды да эскертишти.
7-апрель күнү СИЗОнун камерасында жалгыз отурдум. Сыртта жамгыр жаап жатты. Бир аз көзүм илинип кетиптир, көчөдөн угулган элдин чуусунан ойгондум, тура калып тыңшасам, көп кишинин чуусу. Аңгыча эле тарса-турс болуп гранаталар жарылып, автомат атыла баштады. Чуу басылып калат, кайра күчөйт, кайра тарсылдак, кайра жымжырт. Ошентип канча убакыт өткөнүн билбейм, тарсылдап мылтык атылганы күчөдү, элдин топуру короодон угула баштады, кыязы, тосмодон ичкери кирип кетишти көрүнөт. Бир маалда камеранын эшиктери шарак-шурак ачылып, баарыбызды дегдеңдетип коридорго чыгарышты. Андан ары короого чыктык. Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Дүйшөн Чотонов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Анвар Артыков болуп чогуу чыктык. Ал жерде күзөт кызматын шаштырып, «ачкыла эшикти» деп кыйкырып акыйкатчы Турсунбек Акун жүрүптүр. «Батыраак чыгаргыла, эл кырылып калды» деп, өзүнүн да башы канжалап жүрдү. Жалгыз адам сыяр камерада саат кайдан? Канча экенин деле билбей отургам, кеч кирип калыптыр. Ал жерден эл ар бирибизди колу-буттан алып көтөрүп, түз эле «Ала-Тоо» аянтына алып келишти. Аянтта эл толтура. Ак үй жактан тарсылдап автомат атылып жаткан.
Саат сегизден өткөндө Бакиев Ак үйдөн качты. Жөн качпай түндүк жак дарбазанын жанында турган элди автомат менен аткылап кырып кетти. Саат тогузга жакын Данияр Үсөнов өкмөт отставкага кеткени тууралуу арызын жазып берди. Алардын арызын колмо кол алуу үчүн Роза Исаковна менен Темир Сариев ичкери киришти. Ошентип, Бакиевдик бийлик кулады, Ак үй элдин колуна өттү.

Болот Шер, ЖКда депутат:«ЭГЕР АМАН КАЛСАМ, 70 ЖАШТАН ӨТҮП АБАКТАН ЧЫГАТ ЭКЕНМИН ДЕП ОЙЛОДУМ»
– 2010-жылдын алтынчы апрелинде кечки саат алты чамасында Талас облустук администрацияда теледен Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, «Болот Шернияз кармалды, биз абалды жөнгө салдык» деп опурулуп жатканын көрдүм. Он беш мүнөт өтпөй Акылбек Жапаров чалды. Бул чалуу «контрольный» экенин түшүнүп турдум. Үсөнов кармалды дедиби, демек, жакын арада мени кармап кетишет. Ойлогонумдай эле көп өтпөй келип, колума кишен салып алып чыгып кетишти. Бишкекке апкелип УКМКнын камерасына камап коюшту. Туурасы алты карыш, бир керебет сыйган камера. Түнү бою ал кенедей камерада басып чыктым. Мурун да «мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет жасады» деп мага кылмыш ишин козгошкон. Бул экинчиси болчу. Демек, жыйырма жылдан ашык мөөнөткө камашат. Эгер аман калсам, 70 жаштан өтүп абактан чыгат экенмин деп ойлой баштадым. Тышта эмне болуп жатканын билүү мүмкүн эмес болчу.
Таластагылар да тынч гана тарап кетишмек эмес. Тагдырдын тамашасын кара, «Таласты тынчытам, Шерниязды камакка алам» деп жүздөгөн милиция кызматкерин баштап барган Молдомуса Конгантиевди мен өзүм каарданган элдин колунан бошотуп, бул жакка алдырдым. (Гезитибиздин №400 санына (2-8-июль, 2010-жыл) берген маегинен).

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg



7-апрель. Бакиевдердин акыркы саясий курмандыктары...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
09.04.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии айтышты да коюшту деген кептей эле даа
10.04.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doni85, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
Сизге эскертүү!
10.04.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель 7-апрель7-апрель7-апрель7-апрель7-апрель. А июнь кооголанын ким айтат! Ташиев айтат,
10.04.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirko.93, куйбогон жерди кул кылышатта жонлечиии
кыргызды кыргыз кырса баатыр, озбектен кыргызды коргогон эчкииииииим эмес экен
10.04.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликке Ташиевдей Чыныгы патриот адам керек,
SUPER.KG видео
11.04.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Темир Аргенбаевич абдан жагат мага. Созуно, ишине ишенем.
SUPER.KG видео
11.04.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
элим жерим деп канча деген жаш омурлор кыйылды,ошол убакта кыргыз элимдин ишенери таянаары силер болчусунар эми мындан ары элдин ишеничин актап элди ойлогон,элдин жашоосун ондогон,башчылардан болоорунарга дагы дагы умутубуз чон.
11.04.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликке Атамбаевтен откон мыкты киши жок.
SUPER.KG видео
11.04.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевчилерди кудайым озу жазаласын! Кан кое бербейт!
SUPER.KG видео
11.04.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Министр болом деп ушул ишке бардынарда элди ойлоп барлынар беле эми эле герой болобересинер
SUPER.KG видео
11.04.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жумабек 86 келжиреп турасын, башын эки ок көзөп өткөн адамды Кудай атайын тирүү койсо да, келжиреп турасын! Сариев, Текебаев, Алымкулов, Отунбаева, Атамбаев өңдүү адамдарга алкыш, Кудай өмүрлөрүн берсин!
SUPER.KG видео
11.04.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суперчилер азаматсынар! Тарыхка баалуу боло турган маалыматтарды жыйнаганыңар - чоң иш!
SUPER.KG видео
11.04.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
баардыгы оз кызыкчылыкын ойлогон эч кимге ишениш жок
11.04.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдин бийлиги кулап, элдик бийлик орноду дебей, биздин бийлик орноду десе чындык болмок. Кайдагы эл кудайды карасанар болмок.
SUPER.KG видео
11.04.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulardyn ech birine ishenbeim maga karapaiym kalkybyzdy jalko, yplas biilik uchun monchoktoi chongoitup koigon baldarynan airylyp aldanyp oturushat
SUPER.KG видео
12.04.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адашып эле барып калган элдер кылкылдаган!
SUPER.KG видео
12.04.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сариев качкан экенда)))билгенда билген!
SUPER.KG видео
12.04.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун репортаж болуптур! Ушундай репортаждар коп болсо! Ийгилик каалайм!
12.04.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наверное, в первые в мировой истории политическая элита представлена скорее телезвездами, чем мыслителями. они очень разные политики-телезвезды умные, глупые,добрые и злые, честные и подлые однако есть у них нечто общее; телегеничность, запоминаемость, яркий узнаваемый образ.
12.04.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиясбек, Текебаев, Сариев, Отунбаева, Атамбаев, Турсун Акун ж.б. абийирдүү инсандарыбызга элдин да, Кудайдын да батасы тийип, өмүрлүү болушсун!
SUPER.KG видео
13.04.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Een mykty reportaj!!!Temir.A.S tuura aytat.7-apreldeeldinnastynda kamazdyn prisebine chygyp alyp elge kayrylganyn korbogondor,7-aprel jonundo kabary joktor dep esepteym jana aytkanyna koshulam.Ushunchalyk bey tartip,yimany jok adamdar bar ekendigi tan kaltyrat jana okundurot. "Otunbaeva ozu ok attyrdy"-deship.
SUPER.KG видео
13.04.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны ачыган миндеген эл жыйылды
Канча омур, куноосу жок кыйылды
Оз элинден ойдо койдун канкор ай
Бийлигинди, кор дуйнону, тыйынды!

Жаш жигиттер, жаныдан гулун ачкан,
Мерт болушту, огундан мээлеп аткан.
Ушунчалык эмне кылды сага алар?
Сенин да кезин келет, ачык айтсам.

Бийликпи?!-сен энсеген жеттин ага,
А бирок, бетиндеги коону кара
Тушундо уйку бербей арбактары
Жанында дайым журсун 90 бала

SUPER.KG видео
13.04.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча бала чиедей жетим калды
Далай жар, суйгонунон ажырады
Мончоктой молтурогон балдары олгон
Кантебиз зар какшаган апаларды

Билинбей 3 жыл отту жашоо улап
Буто элек сот жагынан дале сурак
Токтобойт коздун жашы улам сайын
Эми аны жакындары качан тыят?!!!
Бакыт Норсек
14.04.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынан да каптагаевти жоготуу зарыл
SUPER.KG видео
14.04.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adiku2010,
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз жашырылды. Эскертүү азырынча!
SUPER.KG видео
15.04.2013. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирип койгула, бирок мобу Алиясбектин министир болуп иштеп, олкобуз учун алгылыктуу, пайдалуу эч нерсе кылалбай койду. Бул озу 7 апрельдин баатыры деп эле министр кылып кармап турганына каршымын. Бул уйлонуу тойлорду откоргондон башка колунан эч нерсе келбейт экен. Министр деген жоопту орун, элибизге, олкобузлогу жаштарга кыргыз тилин, кыргыздын баатырларын жана кучтуу тарыхын пропагандалоо боюнча иш алып барса, мекенчил жаштар тарбияланып, келечекте жаны патриот муун бийликке келет эле.
15.04.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muxammet, aizish, эскертүү!
Кимдир-бирөөнүн абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
15.04.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар арака тоюп барып асманга аткан окко эле урунуп олушту ошто чынында оргинал согуш болду азаматсынар алайлыктар.
SUPER.KG видео
21.04.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондор элди бакпай эле элдер чондорду кошо багып атышат.тайар акчага азо аттай эле семирди го чондор.
16.05.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текебаев ага аябай позитивдуу чечкиндуу .....акылдууу принципалдууу мыкты адам !!!!
SUPER.KG видео
06.08.2014. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлике кадафидей адам келиш керек ошондо гана кр онолот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: