Бакиевдик бийлик кандуу окуялар менен коштолуп, кулагандан бери 3 жыл өттү. Өзүнүн жеке саясий кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар ал күнү каза тапкан жигиттерди «БОМЖ», «баңги», «талап-тоноочу» атап, Кыргызстандын түндүгүнүн түштүгүнө каршы аракети деп да кыйытып, айтор, бул күнгө көлөкө түшүрүүгө далалат кылып келишет. Бирок бир чындыкты эч бирибиз тана албайбыз. Кыргызстанды авторитардык-кландык башкаруудан арылтуу менен катар мурдагы эки бийликтен айырмаланып, Апрель революциясы Кыргызстанга эркиндикти жана бурмалануусу жок ачык атаандаштыкты алып келди. Ошол революциядан соң Бакиевдин учурунда алар менен коюн-колтук алышып иштеп жүрүп, кийинчерээк четтетилип калган айрым саясатчылардын жылдызы жанды. Мисалы, Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаровдун. Бакиев бийлиги кулатылбаса алар минтип өлкөнүн негизги фигураларына айлана алышар беле? Ишенүү кыйын. Апрель революциясынан соң парламенттик шайлоо болуп, анда эң көп орунду «Ата Журт» партиясы алды. Эгер шайлоо жыйынтыктары мурдагы бийликтегидей болуп бурмаланса, Убактылуу өкмөткө оппозициядагы «Ата Журт» биринчи орунду алар беле? Жок, алмак эмес. Ошентип, Апрель революциясы Камчыбек Ташиевди өлкөнүн негизги фигураларынын бирине айлантты. Бул инсан ойлонулбаган бир кадамы менен гана беделине бир аз шек келтирип алды. Анда албетте, Апрель революциясынын айыбы жок.
Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg
Далили жок билдирүү жазуудан алыс болуңуз.
Жебейм ичпейм жумушка велик м-н барып келем,новостройкадан батир алам арзаныраак.Ош базардан продукта алам.Секенхенден кийинем.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эрежелер менен жакшылап таанышып келиңиз,10 күн банга!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга болбойт.