
28-марттан 31-мартка чейин Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында баскетбол боюнча мектеп окуучулары арасында өткөн облус аралык мелдеште Нарын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда 3-орунга жетишти. Бул мелдешке ат салышканы Бишкек, Токмок, Балыкчы, Каракол жана Нарын шаарларынан окуучулар барышкан. Жеңишке жетишкен командалар атайын дипломдор жана медалдар менен сыйланышты. Калган командалар кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
Бул макала гезитибиздин Нарын аймагына гана тиешелүү бетине чыккан.