
2-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэринин жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин кубогу болуп өттү. Бул кубокто калаадагы орто мектептердин окуучулары спорттун волейбол түрү боюнча мелдешишти. Жалпысынан мелдешке 10 мектептин окуучулары катышып, алардын ичинен №6-мектеп жеңип чыгып, кубокко ээ болду. Ал эми кыздар арасында болгон таймашта шаардагы №9-мектептин кыздары жеңишке ээ болушту. Салтанатка Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Калмырзаев жана шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыковдор да күбө болушту.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.