Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ОҢ РУЛДУУ АВТОУНААЛАР ЖҮРГҮНЧҮ ТАШЫЙ АЛБАЙ КАЛАБЫ?

№546 19-25-апрель, 2013-ж


«Оң рулдуу автоунааларды колдонууга тыюу салынат» деген сөздү уккан оң рулдуу автоунаа ээлери «биз кантебиз?» деп турган кези. Ооба, чындыгында, кашыктап каражат чогултуп сатып алган унаанын кийинкиси эмне болот деп чочулагандар көп. Бирок учурда каралып жаткан мыйзам баарына эмес, болгону аталган автолор менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат экен. Анын себеби эмнеде?

МЫЙЗАМГА ТҮШҮНДҮРМӨ
Жакында ЖКнын транспорт, байланыш жана курулуш комитетинде «Автоунаалар жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Мыйзам депутаттардын колдоосуна ээ болуп, президентке жөнөтүлдү. Эгер президент тарабынан колдоо тапса, анда 1 жылдан кийин оң рулдагы автоунаалар такси кызматынан алынат. Бирок оң рулдагы автоунааларды Кыргызстанга ташып келүүгө жана жеке жарандардын өзүнүн айдап жүрүүсүнө чек коюлбайт. Эмне себептен баарына чек койбой, болгону жүргүнчү ташууга чек коюп жаткандыгын аталган мыйзам долбоорун палатага алып чыккан комитеттин жетекчиси, депутат ЖУСУПАЛИ ИСАЕВ мындайча түшүндүрдү:

– Эгемендикти алгандан бери, тилекке каршы, автоунаалар боюнча мыйзам кабыл алынган эмес. Азыр ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бирден унаа бар. Унаа жөнүндө мыйзам жок жашоо бул – биздин эл мыйзамсыз жашоо менен калыптанып калган деген сөз. Жаңы мыйзам долбоорунда оң рулдуу автоунаалар жөнүндө да каралган. Эмне үчүн дегенде, бир мамлекетте бир тараптуу эле жол эрежеси бар. Жол кыймылынын эрежеси боюнча да китеп бирөө эле. Ал сол рулдуу автоунааларга ылайыкталган. Ал эми биз Кыргызстанда эки, мындайча айтканда, япондордун жана кыргыздардын мыйзамы менен жашап жатабыз. Мына ушундан улам жол эрежесинде баш аламандыкты алып келүүдө.

 

«МЫЙЗАМГА БИЗНЕСМЕНДЕР КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА»
– Эреже бузуулар боюнча анализ жүргүзүү үчүн МАИ кызматкерлерине тапшырма бергенбиз. Анализде көрсөтүлгөн бир мисалды айтайын. Мына, шаар ичиндеги таксиге отурдуң. Жолдо баратып бир жерден токтотуп, түшүүгө туура келип калды. Такси жол четине токтоду. Бирок сен каягынан түшөсүң? Түшөйүн десең капталыңда машина өтүп жатат. Эмне, айдоочу биринчи өзү түшүп, анан ал тараптагы эшиктен сени түшүрөбү? Мындайча айтканда, сени жолдун так ортосуна түшүрүп жатпайбы.
Эми биз жүргүнчү ташып эмгектенгендерге дароо эле тыюу салып жаткан жокпуз. Эгер жүргүнчү ташып иштейм десе, 1 жылдын ичинде автоунаанын рулун сол жагына которсун. Рулду которууга
1000 доллардын тегерегиндеги каражат кетет. Буга айдоочулар деле, эл деле даяр деп ойлойм. Бул мыйзамга карата учурда оң рулдуу автоунаа ташып келгендер «биздин укугубузду бузуп жатасыңар» дешүүдө. Бирок, тескерисинче, алар Кыргызстандын жарандарынын укугун бузуп жатышат. «Мыйзамдын демилгечиси болгон депутаттар сол рулдуу автоунаалардан турган алыска жүргүнчү ташуучу каттамдарынан акча аз түшүп калгандыктан, бул мыйзамды киргизип жатышат. Себеби оң рулдуу автоунаалар чоң атаандаштыкты жаратууда» деген ойго мен такыр кошулбайм. Анткени демилгечи топтогу бир да депутаттын андай жүргүнчү ташып иштеген ишкана же бизнеси жок. Биздин көздөгөнүбүз – жол кыймылын иретке келтирүү,- деген оюн билдирет эл өкүлү Жусупали Исаев.

«МИНИВЭН ТАКСИЛЕРГЕ ТЫЮУ САЛСА ДЕЙБИЗ»
КРнын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору ЭДИЛ БАЛТАБАЕВге кайрылдык:
– Биз дагы алыскы Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын сыяктуу каттамдарда оң рулдуу автоунаалардын ичинен минивэндерге жүргүнчү ташып кызмат көрсөтүүгө тыюу салуу сунушун киргизгенбиз. Себеби алыскы жолдо баратып, алдындагы унааны ашып өтүүдө, карама-каршы тараптан же артынан келаткан унааны байкоодо айдоочуга кыйынчылыкты жаратат. Анын кесепетинен жол кырсыктарына кабылып жатышат.
Ошондой эле минивэнге 7-8 киши батат. Ал жолдо баратып кокус кырсыкка учурап калса, анын баары жабыркайт. Айрым учурда каза болуп жатат. Мен өзүм дагы оң рулдуу автоунаа айдап жүрдүм. Айдоочу оң жагында отургандыктан, биздин жолдордо бир топ эле ыңгайсыз. Андыктан минивэн таксилерге тыюу салса дейбиз. Алсак, республика боюнча жалпы 1240 жол кырсыгы катталып, анын ичинен 197 киши каза тапса, 1812 киши жаракат алган. Булардын ичинен оң рулдагы автоунаалар катышкан 227 жол кырсыгы катталган. Анда 31 киши каза таап, 372 киши ар кандай жаракат алган.

«ДЕПУТАТТАР ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КӨЗДӨП ЖАТЫШАТ»
ЭРКИН БАЯМАНОВ, «Ата Журт» фракциясынын бөлүм башчысы, оң рулдагы автоунаанын айдоочусу катары мыйзам долбооруна каршылыгын төмөндөгүчө билдирет:
– Мыйзам, биринчиден, туура эмес кабыл алынган. Анткени депутаттык фракцияларда каралган жок, коомдук угууларда талкуудан өткөн жок. Экинчиден, азыркы учурда завод, фабрикалар иштебейт. Мыйзам күчүнө кирсе, оң рулдуу автоунаалар менен жан баккандарга оор болот. Алар ишсиз калышат. Мындан улам көмүскө иштөөгө жол ачылат. Шашкасын алып салат да, эл ташып жүрө беришет. Мунун айынан мамлекетке салык түшпөй калат.
Оң рулдагы автоунаалардан жол кырсыгы көп катталып жатат дешүүдө. Бул туура эмес. Эрежени сактасаң, оң болобу же сол рулбу, жол кырсыгына эч кандай таасирин тийгизбейт. Менимче, алар өз кызыкчылыгын көздөп жатышат. Себеби алыскы аймактарга жүргүнчү ташыган кичи автобус каттамдарына айрым депутаттар ээлик кылат. Мына ошолорго 7 орундуу таксилер атаандаштык жаратканынан улам келип чыгууда деп ойлойм. Анткени япондордун унааларынын жылы жаңы, бардык шарттары бар. Ал эми кичи автобустарда эч кандай шарт жок. Жүргүнчү болсо жаңыларына качырат. Кичи автобустарга эл аз түшүп, пайда аз болуп калгандыктан ушул мыйзамды көтөрүп чыгып жатышат деген ойдомун.

СТАТИСТИКА
Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында автоунаалар жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланып, анда Кыргызстандагы автоунаалардын саны боюнча маалымат берилген. Алсак, республика боюнча жалпы 890 миң 532 даана автоунаа бар. Алардын 600 миңден ашууну жеңил автоунаа, 92 миңи жүк ташуучу автоунаа, 6 миңи автобус, 5 миңи кичи автобус. Ал эми оң рулдуу автоунаалардын саны 52 миң 360 даананы түзгөн.

СӨЗ СОҢУНДА...
Ал эми оң рулдуу автоунааларды такси катары эмес, жеке адамдар өз иштери үчүн айдай берсе болот. Бирок мында суроо жаралат. Эмне алар жана сол рулдуу автоунаа ээлери таксилерден айырмаланып, жол эрежесин баары сакташабы? Таксилерге тыюу салса эле оң рулдагы автоунаалар сүзүшпөй, кырсыктын саны азаябы? Алыс жолго каттап жаткандардын такси же такси эмес экенин кантип айырмалашат? Же жүргүнчүлөрдүн чекесинде "такси жалдап баратат" деген жазуу барбы? А балким, 50 миңден ашуун автоунааны сол рулга алмаштырууда түшө турган пайда кимдир бирөөлөрдү кызыктырып жаткандыр?.. Деги эле бул оң рулдуу автоунааларга тыюу салуу кимге пайда, кимге зыян?

Кубаныч Сыдыков

«Супердин» сурак бурчу
ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮҮ КЕРЕК?

Кенжебек уулу Жумакалый, айдоочу:
– Жол кырсыктары сабатсыз айдоочулардын көбөйүп кеткендигинен улам көп катталып жатат. Айрыкча айдоочулук күбөлүктү сатып алган рулдагы айымдар көбөйдү. Алар биринчи эле оң рулдуу унааларды сатып алышат. Эгерде 10 күнгө рейд жүргүзүп, айдоочу айымдарды көчөгө чыгарбай койсо, жолдо бир топ кырсыктар азайып калгандыгын байкашмак.

Топчубай Калыев, инженер:
– Тиешелүү органдар айдоочулардын баарын окутуусу керек. Күбөлүктү сатып алышып, чала сабаттуулуктун айынан кырсыктар көбөйдү. Айдоочулардан эле көрө бербей, алар жүрүүчү жолдорду да кеңейтип, аң-чөнөгүн түздөп койсо жакшы болмок. Себеби жөнөкөй чуңкурдан айланып өтөм деп, кырсыкка кабылып калышы мүмкүн.

Чыңгыз Мирзаев, жеке ишкер:
– Мисалы, ИИМде же МАИде иштеген бир эле тууганың болсо, ал сага эң оңой жол менен жана тез аранын ичинде күбөлүк алып берет. Азыр баары эле оң рулдуу унааларды айдап калышпадыбы. Мындай унааны башкарган айдоочу капталдан келаткан унааны көрбөй калып сүзүшүп кеткен учурлар да көп кездешет.

Арзыгүл Жумабекова, жеке ишкер:
– Маршруткалар көбүрөөк жол эрежелерин бузушат. Аларга "аялдамаларга гана токтоп жүргүнчүлөрдү салыш керек" деген талап коюш керек же алардын баарын токтотуп салып, чоң автобустарды киргизүү зарыл. Бир күндө бир нече ирет эреже бузуп кармалган маршруткалардын айдоочуларын кезиктирсе болот.

Сайкал Асейинова, усулчу:
– Байкаганымдан рулдагы аялдар жол эрежелерин көп бузушат. Алар кырсык учурунда да паникага көбүрөөк алдырып, кооптуу учурларда алсыз келишет. Аял болобу, эркекпи, дегеле күбөлүк алып жатканда өзүнүн коопсуздугу үчүн деле жогорку квалификацияга ээ болгондо гана жолго унаа башкарып чыкса дейм.

Алия Акунова, педагог:
– Коррупцияны жоймоюнча буга окшогон маселелер өлкөбүздө жоюлбайт. Акчаң болсо бир сааттын ичинде айдоочулук күбөлүк жасатып алса болот. Себеби мамлекет ушундай деңгээлге келип калган. Жыл сайын айдоочуларды МАИ кызматкерлери, тиешелүү органдар сынактардан өткөрүп турса болмок.

Аким Эмилбеков, юрист:
– Коррупциянын баарын МАИ кызматкерлери жасап жатат. Эгерде эреже бузуп, МАИчиге түшсөң, акча карматып, бошонуп кете бересиң. Мындайга барган айдоочу кайра эреже бузбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ал үчүн жолдорго камераларды орнотуп, МАИ кызматкерлерин алып салыш керек деп эсептейм.



Оң рулдуу автоунаалар жүргүнчү ташый албай калабы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
SUPER.KG видео
19.04.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Урматтуу супер инфо он руль машинаны кыргызстанга алып кирууго тыюуу салынганбы же алып кирсе болобу тактап билип маалымат берип койсонуздар!? рахмат!
SUPER.KG видео
19.04.2013. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мееси чирип кеткендин баары бийликде тетиги ак уйдо отурушат,оң рулдагы овтону эми корушуптурбу,башында эле киргизбей койбойт беле,туштон кийин олум житим коп болуп жатат деп суйлоп калышыптыр,баары кырылып ирип чиригенден кийин анан бийликтегилер ээ мындай кылыш керек же тигиндей кылыш керек деп болбогон созду былжырап сылжырап суйлой беришет.
SUPER.KG видео
20.04.2013. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зееригип отуруп ушуну ойлошуптурда кичине элдин акчасы коросун дешиптирда сол руль машиналар баары эскирди оң руль машиналар да жанылар эски машинаны азыр эээээчким минбейт
SUPER.KG видео
20.04.2013. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргыздар кыйын президенттер жинге тийсе алмаштырып кубалап жибиеришет деген соз калп экен мен байкадым
ушинтип олтураберет экенбиз кайгырыып
эмнедеген жаман нерселер болуп кетти элдин колунан эч нерсе келбейт экен
митингке эл озу чыкты деген созго ишенбейм негизи
SUPER.KG видео
20.04.2013. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизге азыр дух жетпей жатат жаштарга жагымсыз жанылыктар тунултуп салган эч кимге ишенбейт.
ал эми ошто жаштарда бир аз болсода дух бар сыяктуу байкадым себеби артымда мелис турат деп башын которуп журот кыргыздар
эгер бийликтегилер башка улутту колдоп экинчи тил кылабыз деп ийбеселе
SUPER.KG видео
20.04.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул ошол он рульду солго откозуштун жолун ойлоп таап бизнес кылам деген адамдардын ойлоп чыгарганы бул он руль машина менен бир адам такси кылып уй булосун багып жатпайбы баасыда арзан сол рульга караганда элдин акчасы ушул он руль машинага жетип атат башка мамлекетердегидей бизде айлык маянасы ашып ташып аткан жери жок эл озун озу зорго багып келе жатат ар бир адам жол эрежеси менен айдаса жол кырсыгы болбойт кебирлери ичип айдайт албетте жол кырсыгы коп болот
SUPER.KG видео
20.04.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул законду кабыл алуу менен жол кырсыгын азайтабыз деген депутат мменен гаинин кызматкери абдан жанылышып жатат.
1.Биринчи кварталда бардыгы 1240 жол кырсыгы катталса,
227 Дтп он рулга тиешелуу болсо, 1013 Дтп сол рулга тиешелуу болуп жатпайбы.
2.Авто унаа куболугун бергенде жакшылап окутса кандай машина болбосун айдоочуга айырмасы жок.
Бардыгын жакшылап анализдеп туруп анан законду кабыл алса болмок.
SUPER.KG видео
20.04.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр ушул тапта машиналардын баасы боюнча Кыргызстанга башка олколор сутанып жаткн кези болчу.Карапайым калктын копчулугу машиналуу болуп суйунуп турганда ээми ушуну ойлоп табышыптырда.Элдин еле шорун кайната берет экенда булар.
SUPER.KG видео
21.04.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он ролду автоуналарды токтотуп эле корсун бизда жон карап турбайбыз
SUPER.KG видео
21.04.2013. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эшектин тушоосун эптеп чече алышпайт да...!Карапайым элдин капчыгын андыган жепжутаттарыбыз эми ушул ыкманы пландап атканына кыжырым кайнайт!Алынарга карап иш кылсанар эн туура болбосо да туурага жакыныраак болот эле!!!
SUPER.KG видео
21.04.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хм,ойлоп тапкандары жакшы шылтоо экен.он руль айдап эле депутаттын баласы жол эрежесин бузуп адам олгон эле го.бул он солдон эмес,бул деген акчага айдоо куболугун сатып алгандан,чондор ошого конул буруш керек сатпай жакшылып окуп аласын десе жакшы эле болот болуш керек.карапайым элге эле кыйын кайсы туура эмес закондорду чыгара беришсе.
SUPER.KG видео
21.04.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сол руль деп жазам деп алмаштырып алыптырмын.
SUPER.KG видео
22.04.2013. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madanbek: Айтып жатпайбы болгону такси кызматындагы машиналарга деп. Мындай алып келмек тургай, айдап журо бер деп.
SUPER.KG видео
22.04.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ей манкурт бир еле кыргызстанда емес башка мамлекеттерде еле журбойбу мындай машинелер алар емне унчукпай еле журбойбу
SUPER.KG видео
22.04.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол мыйзамды кабыл алгандары ттура эмес, себеби дол кырсыгы болсо деле алар он рулдуу автоуналар учун эмес, айдаган адмдан коз каранды. дагы да болсо Кыргызстан ТС кошулса, сол рулдуу унаалар аябай кымбат болот
SUPER.KG видео
22.04.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр кыргызстанда Он рулдуу машиналар кобойуп жатпайбы. ошол себептен дагы статистика осуп жатат жол кырсыгы боюнча.сол рулдуу болсо деле ошондой болмок. Элди арзан сапатту машина айдоо укугунан ажырпашы керек . Уй булоосун багып жаткандар канча.Ушул эле калды эле. мындан башка маселелерди карабайбы
22.04.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul myizam tuura emes,azyr Kyrgyzstanda 70 paiyzy on ruldagy avtounaalar anan el tashyp ui bulosun bakkandar kantip ookat kylyshat.Deputattar eldi oiloboi kaira elge but tozushat eh Deputattar deputattar.
22.04.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдорду кеңейтиш керек. Бишкек-Ош жолу 4 машина бата турган болуш керек. Болбосо жанагы жүк ташуучу машиналардан ашып өтүү кыйынга туруп, ошондон авария көп болууда.
22.04.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл озун проблемасын озу бутуруп атат депутатар аралашбай эле койсун
22.04.2013. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол он ролду автоуна айдап таксистер уй булосун багып жатат окмоттон эчнерсе сурабай наборот ошолор падент алып нолог толойт окмотко кайра
23.04.2013. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пр.рулъ.машынага асылгандан мурун кыргыз.н ошол маш.н донгологун чыгара алабы.же дтп болгон жарандын чыгымын мамлекет толоп берипжатабы,мамлекетке,депутаттарга караганда 1пр.рулъ.бир уйбулону багып жатат.андай кыйын депутат экен анда япония м-н келишим тузуп солрулдуу машына чыгартып бербейби.элозу сатып алат.праваны 28жаштан жогору бериш керек.
23.04.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рулду которууга 1000 доллардын тегерегиндеги каражат кетет экен. Эмне азап, кошумча чыгым болуп, андан коро башка эле сатып алган жакшы да. А негизи ошондой которуу биздин практикада болгон бекен?..
23.04.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
республика боюнча жалпы 890 миң 532 эле авто унаа бар экен да ееее, :))))) ошонун 500 мини мини ошто б.со керек.
SUPER.KG видео
23.04.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка жумушуңар жокпу,элдин көпчүлүгү ушу менен тирчилик кылып жатканын билесиңерби деги.Биринчи завод,фабрика куруп берип койуп анан асылгылачы!!!!!Оң рулбу солбу ПДД бирдей эле болсо керек,мен үчүн кыйынчылыгы деле айырмасы деле жок
SUPER.KG видео
23.04.2013. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген лоббисттердин кылып жатканы. Алардын Европадан Америкадан машина ташыган чон бизнестери бар. Алардын баасын тушуруп турган ушул япон машиналары. Булар ушинтип кичинеден баштап анан биротоло запрет кылгылары бар. Алдагы депутат соройдун денгеелин карабайсынарбы, закон жок ошон учун закон чыгардык деп.Карапайым элге каршы закондорду чыгарганды токтотушпайбы булар. Рулду алмаштыра койгон 1000 доллар эле деп. Ошол 50000 ичинен жок дегенде 25000и такси да. 25000 уй-булону ойлоду бекен ошол.
SUPER.KG видео
23.04.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентибизден суранабыз ушул элге каршы жазылган законду кабыл албоонузду. Россияда изилдоо жургузулгон Калининград (99% сол руль) жана Владивосток (98% он руль) шаарларында, 100000 машинага канча авария болот деп 1 жыл ичинде. Калининградда 2% кобуроок болуп чыккан. Бул закон 50000 кишинин укугун бузганы турат. Ал машинаны алып жатканда укуктарыбыз бир болуп туруп эле, анан бир продажный депутаттын айынан укуктарыбыз чектелип калабы?
23.04.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кан соргучтардын ойлоп тапканы бул. Эх, чондор качан элдин канын соргонду токтотосунар?! Качан элди ойлойсунар?! Зыяндан башка пайданар жок! Мыйзамды биринчи озунордон баштасанар болмок. Таасын айтылган соз бар эмеспи, биринчи озунду уруп кор, оорубаса, анан башканы ур деген. Пр.руль автолорду жок кылгандан мурда, депутаттардан кол тийбестикти алып салыш керек!
26.04.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭРКИН БАЯМАНОВ менен Аким Эмилбеков, юристин создоруно кошулам.
SUPER.KG видео
28.04.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин депутаттарга кыларга иш жок жакында тракторлого тийгишип рульу ортосунда талаада жол эрежесин бузат деп дагы закон ойлоп табышат :)
Ким билет бальким депутаттар арасында кебир кыларга иши жоктор аныда ойлоп жатышат :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: