Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БАКА ЖЕП АЙЫГУУГА МҮМКҮНБҮ?

№548 3-май-9-май, 2013-ж


Тосток көз бакаларды элдик дарыгерлер ооруларды айыктырууда колдонуп келет. Бирок бул жаатта көптөгөн суроолор бар. Мисалы, баканын чындап дарылык касиети барбы? Кандай түрү колдонулат? Табыптар менен врачтар бул боюнча эмне дешет? Дары үчүн деп кармай беришип, баканын тукуму үзүлүп баратат деген чынбы? Буларга жооп издеп, изилдеп көрдүк.

«БАКА РАКТЫ АЙЫКТЫРА АЛБАЙТ»
Адегенде «элдик дарыгермин» дегендерге кайрылып, бизди кызыктырган суроолорду жаадырдык.
ДҮЙШӨН ЧОМО УУЛУ, табып, Кара-Балта шаарынын тургуну:

– Дарылыкка баканын кайсы түрлөрү колдонулат жана алар уулуу эмеспи?
– Бизде Көлдүн кызыл колтук бакасы менен кашка баш бакасы, анан Кочкордун кызыл колтук бакасы колдонулуп жатат. Көбүнчө кургатып, порошок кылып, пайдаланышат. Кээ бири кургатылган баканы шорподой кайнатып ичишет. Айтылган бака түрлөрү уулуу эмес. Бирок туура эмес кургатып, көгөрүп кетсе, анда адам ууланат.

– Эл айткандай, буларды жеп рак оорусунан айыкса болобу?
– Мүмкүн эмес, кандай бака болбосун ракты айыктыра албайт. Анткени анда рактын вирусун өлтүрүүчү касиет жок. Бирок жесе, шишик менен ооругандардын иммунитети көтөрүлүп, жашоосу биртке болсо да узарат.

– Анда кандай ооруларды айыктырууда колдонулат?
– Ички органдардын бардык ооруларында, нерв жана муун ооруларында колдонулат. Бирок баканын өзүн гана колдонсо күчү жетпейт. Сөзсүз дары чөптү кошушу зарыл. 4-5 жыл мурун Кочкордун бакалары баалуу болчу. Бирок кыргыздар да, кытайлар да кармап сатып, тукумун үзүштү.

– Сиз да баканы колдоносузбу?
– Азыр колдонбойм. Мурун курамына бака кошулган чөп дарылар менен айыктырган кардарларым көп эле.

– А дарыны кантип жасачу элеңиз? Ыкмасын айтсаңыз...
– Баканы тирүү бойдон 1 жума муздак сууга салып, сууну алмаштырып турса, ичиндеги жаман нерселер чыгып, тазаланат. Анан аны кургатып, дары жасаса болот. Сатылып жаткандардын ичи (ичегилери) тазаланбаган. Ошонун кантип дарылык касиети болсун?! Бака менен оорулууну, мисалы, 15 күн дарыласаң, 25 бака жана дары чөптөр керектелет.

– Өзүңүз жеп көрдүңүз беле?
– Бир жылдары панкреатит болуп ооруп, айыгуу үчүн кызыл колтук бакалардын 90 баласын тирүү жутуп, дарылангам.

«БАКА МЕНЕН 8 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАРЫЛАЙМ»
«Ысык-Көл облусунда Айна аттуу элдик дарыгер бака менен көп дарылайт» дегенди угуп, байланыштык. Өзү тууралуу ачык айткысы келбегени менен, бака тууралуу буларды айтты
:
– Баканы миома, гастрит, муун, залалдуу жана залалсыз шишиктерде колдоном. Аларды Ысык-Көлдөн кармап келип, мага өткөзүшөт. Кармап, ооздорунан жип өткөрүп туруп, тамдын чатырына тирүүлөй асып коюшат. 15 күн илинип турат, бул убакта оозунан керексиз нерселердин баары чыгып, тазаланып, кургап калышат. Андан соң мага алып келишет. Мен эт майдалагычтан өткөрүп дары жасайм. Дарыны кечинде тамактан соң жешет. Дарылануу курсу оорунун стадиясына жараша ар кандай: 10, 15 же 21 күн. Күндө 1 бакадан желет. Учурда эмчектин рагына туш болгон бир кардарым бака менен дарыланууну баштады. Ал 21 күн дарыланат. Жыйынтыгына карап, кайра да жеш керекпи же жокпу, анан чечем. Бака менен болжолдуу түрдө 35-40 адамды айыктырдым.

«БАКАНЫН ӨЗҮ МЕНЕН АЙЫКТЫРУУГА МҮМКҮН ЭМЕС»
ОМОРБАЙ НАРБЕКОВ, «Бейиш» илимий изилдөө институтунун жана элдик медицина борборунун башкы директору:

– Баканын дарылык касиетин айтсаңыз...
– Баканын өзү менен ооруну айыктырууга мүмкүн эмес. Сөзсүз дары чөптөрдү кошуш керек. Андыктан бакаларды жөнү жок кыра бербейли дегим келет. Баканын өзүн жеп иммунитетти гана көтөрсө болот. Мен жалаң дары чөптөрдөн жасалган дарылар менен айыктырам.

«ГАЙМОРИТТЕ КОЛДОНОМ»
НУРЛАН МАМЫРОВ, табып, Талас районунун Таш-Арык айылынын тургуну:
– Касиети күч деп Көлдүн кызыл колтук бакасын колдоном. Менде жок учурда кардарлар өзү ала келсе, дары жасап, дарылап берем. 12 жашка чейинкилерге болбойт. Аны упадай майдалап, гайморитте, тамак ооруда адамдын каңшаарына үйлөйм. Сакайгандар көп эле. 1 курс дарылоо 7 күндү түзүп, ага 1-2 бака кетет.

«БАКА ЖЕДИМ, БИРОК ЖАРДАМЫ БОЛБОДУ»
Бака менен дарыланган кызды таап, сөзгө тарттык. ЭЛЕОНОРА, 28 жашта:
– Менин муундарым ооруйт, артрит. Врач жазган дарыларды алган соң жакшы болуп калгам. Кийин оорум кайра кармаганда айылда чоң энемди таштай албай, ооруканадан дарыланууга шарт жок болду. Ошондо чоң апам бир табыпка алып барды эле, ал мага «бака жейсиң» деди. Аргасыз макул болуп, 7 күн жедим. Бирок жардам болбой, кайра врачка баргам.

«БАКА ЖЕП АЙЫГУУГА БОЛБОЙТ»
Элдик дарыгерлерден соң врачтардын пикирин билүү үчүн аларга кайрылдык.
АСТРА АРЗЫМАТОВА, Улуттук онкология борборунун паллиативдүү жана реабилитация бөлүмүнүн жетекчиси:
– Учурда рак менен ооругандар, анын ичинде ашказан, өпкө, эмчектин шишиги менен ооругандар толтура. Бул оорулардан, дегеле рак оорусунан бака жеп айыгууга мүмкүн эмес. Андыктан өз учурунда врачтардан дарылангыла демекчимин.


Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, профессор МАКЕН МУСУРАЛИЕВ:
– Табыптарга түрдүү оору менен ооругандар көп кайрыларын билип жүрөм. Алар бака, жылан жеп айыгам деп жаңылышат. Адис катары айтарым, аялдардын миома, жатын моюнчасынын шишиги, эндометриоз сыяктуу оорулары бакадан айыкпайт. Андыктан аялзаты өмүрүңүздөрдү молдо, табыптарга эмес, врачтарга табыштагыла.

P.S. Бакалардын базарлардагы баасы канчадан? Дарылык касиети илимий жактан изилденгенби? Алардын тукуму чындап үзүлүп баратабы? Буларга жооптор эмки саныбызда.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
06.05.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле бака дары болсун кызыл колтук баканы кырып бутушту бака м-н дарылайм дегендерди соттош к.к.
06.05.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо учун адамзат эмнени гана кылбайт, бака деп жериген менен бака башка бир улуттун тамагы, дарылык касиети бар учун жешсе жегендир. Керекпи узак жашоо учун же оорудан кутулуу учун жебегенди жейт экенбиз. Кызыктуу маалымат болду мен учун
06.05.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жатаардан алдын 50гр сууга "ФАТИХА"суросун 41жолу окуп ичип жатса олумдон башкасына даба болот деп уккам.
06.05.2013. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mambo87kg, Фатиха суроосун жазып беринизчи анда? менин бойрогум ооруп жатат акыркы 2 аптадан бери
07.05.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mambo87kg, бул чындык!
06.05.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бака жесен да, жебесен да омурун аллахтын колунда. Алам десе бака жемектен башканы жесен деле алып кетет.
09.05.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asya-sky-87, бирок кудайда аракетке берекет, сактанганды сактайм деген экен даа
06.05.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охрана окружаюшей среды куда смотрят
07.05.2013. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтар оздорунун бака жонундо маалыматы жок. Андай нерсени аларга академияда уйротпойт. Анан кантип дарылык жагын айтып беришмек эле. Буларга: химиялык заттардан жазалган дарылар, укол болсо эле боолду. анан бирдеме болсо эле операция деп чыгышат. Же бир жыйынтыгы жок. А элдик дарылоо ыкмасы илгертеден ата-бабаларыбыздан бери келген медицина. Мисалы: тамыр кармап диогноз койуп жана ошол ооруну табигый, таза, нукура даары чоптор менен же жан-жаныбарлардын жардамы м.н айыктыруу.
07.05.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakany dary katary koldonso bolot,kalp ele oturup alyp "sottosh kerek,antish kerek,mintish kerek" degendin emne keregi bar!Myndai sozdu oorunu bilbegen adam aitat!Menin jakyn adamym ooruit,bakany koldongondo jardam beret
07.05.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап елеби ее
07.05.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы окурмандар,эмнеге ишенсен ошондон айыгасын,андыктан.мисалы кадимки чайды деле америкадан алып келди,бойроко ото кучтуу дары экен деп бироого берсе,ал ошону ишенуу менен ичсе ошондон айыгат,ошон учун таблеткага да ишенбегиле
08.05.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ay koygulachi,Kitayga jakin bolgonubuzdun paydaları bular,it darimish,baka darimish dep ata-bababiz jebegendin baarin jediner,janibarlardin etine emes,dari choptorgo ishensener adamday bolup...
08.05.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bechara bakaga dele ubal go,tirilooy oozunan asip tashtasa,olturup assa bir jon!
10.05.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын бппрдыгы жон гана себеп. Баардыгы Алладан гана болот. Льаа Ильааха ИльлАллаху!!!
10.05.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин бир таанышым картошка тигип коюп,"Кудай берет"деп коюп карабай койгон,сыйкыр болгон жок,картошкасы,албетте чыккан жок.Андыктан айтар элем,Кудай деп эле келме келтирип отура берсен эч пайда болбойт,аракет кылыш керек!
11.05.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
neo03, siz al adamdan ulgu albanyz da. Ulgunu paigambarybyz MUHAMMAD S.A.V dan alynyz. Anyn kim ekenin taanynyz. Jada kalsa kartoshkany kanday osturuu ekenin uironsonuz bolot. L'aa Il'aaha illAllahu dep men kyskacha jazdym. A siz teren oilonunuz. Bul kelmenin arkasynda kooop mani bar. Alladan gana bolot degen sozdu teren oilonup tushununuz.
11.05.2013. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ki4inekeyimde bizdin waarga da bir tabyp eje gelgen,baka menen darylait eken.Owol kezde ejemin zobu bar ele.Biz dagy bardyk anan.Be4ara ejemin kundo oozuna baka salat,menin da jok jerden moynunda bez bar eken dep,menin moyunuma da koyot,anysy da tybyr4ylap adamdy korkutat.Ki4inekeyinde bardyk nerse kyzyk bolot eken da.Azyr estesem adandyn jurogun ailantat,kuskunu geltiret,al emi ejemin zobu da,menin bezim da ordundan jylgan jok...Med. darylar da jardam berbedi..Baardyk nerse Alladan bolot eken..
12.05.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким пайдасы бар чыгаар. Эми эксперттерда бекеринен айтпаса керек.
07.07.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кишинин адресин билгендер болсо айтып койгулачы сураныч
07.07.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кишинин адресин билгендер болсо айтып койгулачы сураныч
20.08.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйшонбек ага саламатсызбы?Сиздин ден соолука мин кенеш китебиниз дайыма менин жанымда журот,бирок кеебир жерлерине тушунбой калам.телефон аркылуу сурасам болобу? Жана номеринизи бераласызбы.Менин ном +79268759681
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: