КЫРГЫЗЧА БИЛБЕЙСИҢБИ, ЧОҢ КЫЗМАТКА ДА КЕЛБЕЙСИҢ...
№549 10-май-16-май, 2013-ж

Совет бийлиги өкүм сүргөн жылдарда Кыргызстанда кыргыз тили өгөйлөнүп келди. Бул, албетте, кыргыздарды кыжалатка салып келген. Андыктан эгемендүүлүк жылдарында коомчулук эки армияга бөлүндү: кыргыз тилдүүлөр жана орус тилдүүлөр. Ошол эки топтун ортосунда мына 22 жылдан бери тымызын күрөш жүрүп келет. Мындан улам ЖКда «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселе көтөрүлгөндөн бери демилге туш тараптан тепкиге алынып келе жатат. Демилгечиси болуп депутат Урмат Аманбаева саналат. Долбоор үчүнчү окууда кабыл алынды. Бирок... кабыл алынган документ колдонулабы же кагаз жүзүндө кала береби? Анткени анда Баш мыйзамга дал келбей турган учурлары өтө көп. Өзгөчө талкууларды мамлекеттик тил боюнча административдик жоопкерчилик жаратты.
Бизге бүгүн өз ишин мыкты билген адистер керекпи же эне тилинде сайрагандан башка колунан эч нерсе келбегендерби?
Өлкө президенти мыйзам долбоорго кол коёрдо анын чийки жактарына көз жумбаса керек.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2
А орусча билбеген, бирок колунан бардык иш келген кыргыздарды буга чейин ким ойлонуп коюптур же орусча суйлогондордун баардыгы эле интеллигент адамдарбы?