ТАШИЕВГЕ ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛАТ...
№549 10-май-16-май, 2013-ж
Москва шаарындагы «Кыргызстан» соода борборунда «БАЙЛАНЫШТА» аттуу борбор ачылып, ал Орусиядагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү максатын көздөйт.
- 1-майга карата өлкөдө ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 4745 АДАМДЫ түздү. Буга чейин өлкөдө 255 адам бул дарттын айынан каза болгон.
- КРнын Акыйкатчы институтунун расмий сайты ХАКЕРЛЕРДИН чабуулуна кабылды.
- 2012-2013-окуу жылдарында өткөн жылга салыштырмалуу мектептерде апта ичиндеги сабактардын саны 21 СААТКА кыскарат.
- Май айынан тарта жаратылыш газынын 1 метр кубу 14,97 сомго бааланып, 4 ТЫЙЫНГА кымбаттады.
- Жергиликтүү калк иштелип чыккан энергиянын 43 пайызын керектесе, электр энергиядагы жоготуу 23 ПАЙЫЗДЫ түзөт.
- Азиздер үчүн Чыңгыз Айтматовдун «Жамиля» повести БРАЙЛЬ ШРИФТИНДЕ, кыргыз тилинде басылып чыкты.
- Өткөн жылы Кыргызстанга келүүчү 14 ЖАҢЫ АБА КАТТАМЫ ачылган.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджетке 24,7 МИЛЛИОН сомдук зыян келтирилген. УКМК буга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
- 2012-жылы уюлдук байланыш абоненттеринин саны 6,5 МИЛЛИОНГО жакындады.
- Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Социалдык өнүктүрүү министрлик кызматына КУДАЙБЕРГЕН БАЗАРБАЕВдин талапкерлигин жактырып, Энергетика жана өнөр жай министрине ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВди сунуштады.
- Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынын кеңеши жердеши, ЖКнын депутаты КАМЧЫБЕК ТАШИЕВге эстелик орнотуу чечимин кабыл алды.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Тараза билет элдин салмагын. ,-дейт туугандар. Биз кыкендерде ар деген граммолекула да жокта. Ташиевге цементтен эстелик тургузгуча башка маселе чечсе эмне болот эле,ошого кеткен акчаны ач -жетимдерге,балдар уйуно берсинчи. Ошол Кудайгада,адамдаргада жагарлык иш болмок.
Туура Ош коогаланында жардам берди Ташиев, бирок мунун баардыгы эчаак эле пландаштырылган иш экендиги азыр билинип олтурат. Жада калса азыркы митингге чейин спонсор болушууда. Так что, эстеликпи, музей салып алабы мага демек, элдин кадыр баркына татыктуу инсандар гана элдин журогундо болот. Кээ биринер Манас атабызга тенеп жибериптирсинер, уят, Ташиевди кантип салыштырып жатасынар!!!!
Москвада "Кыргызстан” соода борбору кайсы метродо жайгашкан? Айтып койгулачы билгендер.
Бул жерде бөлбөй эле өз ой-пикирин жазып жатат! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калдырууга жол берилбейт!
3 күн банга!