Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖЫГЫЛГАН АЙДЫ КӨРДҮК, ТУРГУЗБАДЫК...

№349 10-16-июль, 2009-ж.


Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат...
Ооба, ак булутту аралап бараткан ай сыяктуу Таттыбүбүнүн ажайып ажары өзү сүйгөн асманга төөнүп кеткендей. Кыргыз киносунун жылдызы, сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо 12-июлда 65 жашка чыкмак. Аз жашаган өмүрүндө зор бийиктикке жетип, эл оозунда калган таланттын аялуу өмүрүнө, аялдык татаал тагдырына көз чаптырып өтүүнү туура таптык.

Соң-Көлдө өткөн балалык

12-июль. Жайдын толук күндөрү­нүн биринде жарык дүйнөгө жар салып перзент келди. Эшикте ойноп жүргөн агалары купуя кубанычты туйгандай, бири-бирине жылмая карашты. Атагы таш жарган болочок сахна жылдызы ушинтип жарык дүйнөгө келген эле. Чоң атасы Турсунбай үч эркектен кийин келген кызга Таттыбүбү деген ысымды ыроолоду. “Таттыбүбү төрөлгөн күн күнү бүгүнкүгө чейин эсимде,- дейт агасы Нуркан. - Анын ыңаалаган ыйы азыр да кулагымда тургансыйт. Апамды төрөтүп жаткан аялдар бизге сүйүнчүлөп, оозубузга май томуруп салганы да эсимде. Таттыбүбү төрөлгөндөн баштап эле үйүбүзгө кут киргендей болду.”
Талантка кандайдыр бир деңгээлде үйбүлөсү да таасир берсе керек. Чоң атасы Турсунбай дабанга аты чыккан чоң комузчу болсо, атасы Мырзаалы кадимки Токтогулдун шакирти болгон экен. Ал эми ажайып сулуулук Таттыбүбүгө апасы Калыйбүбүдөн мураска калган. Ушундай өнөрлүү үйбүлөдө эрке өскөн Таттыбүбү агаларын ээрчип эркекче кийинип, эркекче ойноп чоңоёт. Агаларынын ичинен өзгөчө жакыны Нуркан эле.
Убакыт өтүп, Таттыбүбү көргөн көздү суктандырган сулуу кыз болуп чоңоёт. “Шайдоот, ачык-айрым Таттыбүбү ар дайым жароокер жылмайып турчу. Анан ийрим деген нерсени калтырчу эмес. Ырга, бийге, волейболго, баскетболго катышып, бийиктикке секирүү боюнча алдына киши салчу эмес. Өзү дагы бойлуу эле”,- деп эскерет агасы Нуркан.

Он алты жашта келген атактуулук

Таттыбүбү 15 жашында республикалык кароого катышып, “Гүлкайыр” деген ырды аткарып, эл көзүнө түшөт. Агасы Нуркан аспапта ойноп коштойт. Ошол замат комиссиянын жетекчиси ага-карындашты Москвага окууга чакырышат. Бирок ошол эле учурда атайын Таттыбүбүгө киносценарий даярдалып, “Салиманын ыры” деген кыска метраждуу фильм тартылмай болот. Бул он алты жаштагы Таттыбүбүнүн атактуулукка карай бет алган биринчи кадамы эле. Фильмди Кара-Балтада тартып жаткан учурда Ташкент театралдык институтунан таланттуу улан-кыздарды жыйнап жүргөн топ келип калат. Башкы ролду ойногон кызды көрүп, алар да дароо окууга чакырышат. “Биз мурун Москвага барабыз деп дегдеп алган элек. Ошондуктан Ташкентке барбайбыз деп так кесе айттык. Алар болсо “ата-энеңерге жакын болосуңар. Жок дегенде экзамен тапшырып койгула” деп көндүрүштү. Мейли деп экзамен тапшырып, өтүп кеттик. Кызыгы, биз менен жүргөн Сүйүнбек деген жээнибиз бар эле. Анын артисттик өнөрү күчтүү болсо да, бою кичинекей деп экзаменден кулатып коюшту. Үчөөбүз Жумгалдан бери келип, биртуугандай болуп калган элек. Таттыбүбү болсо “Сүйүнбек барбаса, мен да барбайм” деп ыйлап жатып алса болобу. Айла жок Сүйүнбекти да өткөрүштү. Ошентип, киного тартылып айылга бардык. Тим эле баатырларды тоскондой тосуп алышты. Биз болсо ата-энебизге Ташкентке окууга өткөнүбүздү айтпайлы деп чечтик. “Бизди киного кайра чакырып жатат” деген шылтоо менен экөөбүз ата-энебизди алдап, Ташкентке кетип калдык. Ошентип, студент болгонбуз” деп эскерет агасы Нуркан.

Жуурулушса талант менен сулуулук

Ташкенттеги театралдык институтту бүтүп келгенден кийин Таттыбүбү Кыргыз драма театрында иштеп калат. Ал кезде аты таанылган артисттер жаңы таланттарды “шефке” алып таптап чыгарышчу. Таттыбүбүнү көрөрү менен Бакен Кыдыкеева “шефтикке мен алам” деп өзүнүн кол алдына алат. Ошол кезден тартып Таттыбүбүнү өлгөнгө чейин үстүнө түшө калып коргоп келген жалгыз гана кесиптеши Бакен Кыдыкеева болгон дешет. Таттыбүбүнүн театрдагы эң биринчи эмгеги “Кызыл жоолук жалжалым” пьесасындагы Аселдин ролу эле. Ошонун атынан кызынын атын Асел коёт. Ушундан соң куду дүрт эткен өрттөй таланты ачылып, тез эле убакытта Таттыбүбү деген ат кыргыз жеринде дүңгүрөйт. Сырткы сулуулугу эле эмес, талантынын күчтүүлүгүнөн башкы ролдордун биринин артынан бирин жаратат. Башкы ролдор жалаң Таттыбүбүнүкү болуп, ал катышат деген пьесаларга эл кезекке туруп калышкан. Муну менен эле тим калбастан, театрга удаа эле киного сунуш түшө баштайт. “Кыргыз керемети” деген атакка ээ болгон ошол 60-70-жылдары кыргыз кино дүйнөсүн дүйнөлүк аренага тааныткандардын бири Таттыбүбү Турсунбаева эле. Эң биринчи аткарган ролу “Акмөөр” болгон. Андан кийин эле «Уркуя», «Кызыл алма», «Атадан калган туяк», «Саманчынын жолу”, «Сүйүү жаңырыгы» кинолоруна тартылат.

Арманда кетти бир ак куу...

Сулуулукту аянбай берип, атакка жеткиргени менен Жараткан Таттыбүбү­нүн аялдык бакытын, инсандык тагдырын жарды кылып койгондой. Таттыбүбүгө кимдер гана кол сунбаган. Бирок ошол көп адамдын ичинен Таттыбүбүнү аздектеп, өмүр бою сүйгөн киноактёр Болот Бейшеналиев эле. Болот менен Таттыбүбү "Акмөөр" тасмасында бирге тартылган. Балким, ошол чыныгы сүйүүдөн улам фильмдеги роль өзгөчө жандуу аткарылса керек. Эки таланттын тагдырлары бирикпей, так эле фильмдеги Акмөөр менен Болот сыяктуу өмүр жолдору “мунарык, мунарык” деп кайчы өтүп кеткендей.
Ал кезде жылдызы жанып турган актриса кимиси чыныгы сүйүүсүн, кимиси жөн гана кооз сөздөрдү айтып, алдап жатканын таназарына албаса керек. Жанына жаш кезинде жакын барып, "бактым бол" деп чакырган Болоттун сунушуна эмнегедир макул болбогон экен... Бир жагынан жеке турмушу өзү каалагандай болбой, күйөөсү Имаш менен ажырашып тынса, экинчи жагынан көрө албастыктын курмандыгы болгон тура. “Булбул сайраган жерде бака чардабайт” дегендей, Таттыбүбүнүн нукура таланты, сулуулугу атаандаштарынын тамагына туруп калган сөөк болгон окшобойбу. Өйдөлөп баратканыбызды буттан тартып, кулап бара жатканыбызды тебелеп-тепселеген көрпенделик ай...
Таттыбүбүгө биринчи жолу моралдык сокку “Акмөөр” тасмасы тартылгандан кийин болгон экен. “Мына, Лениндик сыйлык берилет. Приказ чыкты” деп жатып эле орто жерден Таттыбүбү куру кол калат.”Уркуя” тасмасында да Токтогул сыйлыгына режиссёр, оператор ээ болуп, “Уркуяны” Уркуя кылган Таттыбүбү унутта калат. “Манастын уулу Семетейде” да Каныкейдин ролу Таттыбүбүгө даярдалып жатып, берилбей калат. Таттыбүбү бул катаал жашоонун темирдей мыйзамдарынан жабыркап, өзүнөн-өзү чүнчүп, өзүнөн-өзү качып, терең орго түшүп бара жатканда, кол сунган жан болбоптур.
Табиятынан баладай ишенчээк, жан дүйнөсү назик жан бул соккуларды көтөрө албады. Ийилип сынып берди. Эрегишкендерге ушул гана керек эле. Талантын кор тутуп, театрдан “жараксыз актриса” деп чыгарганга чейин барышкан экен. “Арак ичти”, “моралдык жактан бузулду” деп уудай ушакка чылашты. Сыймыгын, даңкын, чекеге бүткөн шорун, арылбас арманын көтөрүп жүрүп чарчаган Таттыбүбү 37 жаш кырчын курагында агасынын айтуусу боюнча, киши колдуу болуп кете берди...

«Таттыбүбүм –аткан таңым, көк асманым»

Таттыбүбү эженин өмүрүнүн урунттуу учурларын агасы Нуркан баян­дап берди.
– Агай, эженин мүнөзү тууралуу айтып берсеңиз.
– Таттыкем жумшак, ак дил, назик жан эле. Балалыгындагы эркелиги кийин жароокер жылмаюуга айланды. Эл Таттыбүбүнүн тышкы сулуулугуна суктанса, мен анын ички сулуулугуна суктанар элем. Таттыбүбүнүн алдыга жулунбаган жөнөкөй, басмырт мүнөзү бар эле. Жадакалса сүрөттөрүндө да окчундап элдин артында же четте турат. Байкасаң, бир да сүрөтүндө «мен мына» деп чакчайып тиктеп түшкөн жери жок.
– Таттыбүбү менен Болот Бейшеналиевдин сүйүүсүн аңыз кылып айтып жүрүшөт. Ушул сөздүн канчалык чындыгы бар?
– Эми экөө тең жер алдында го. Кудай акы, экөөнүн ортосундагы байланышын билген жокмун. Бул тууралуу Таттыбүбү мага эч нерсе деп айткан эмес. Болот Таттыбүбү өлгөндөн кийин көп жылдан соң мага кайрылып: “Нуркан, Таттыбүбүгө арнаган ырым бар эле. Буга сен гана мыкты обон чыгара аласың. Карап көрбөйсүңбү”,- деди. Ошондо гана Болоттун сезимин билдим.
– А күйөө балаңыз Имаш Эшимбеков кандай адам эле?
– Экөө окуп жүрүп, бул жакка келип баш кошушту. Алгач жакшы эле жашачу. Кийин Таттыбүбүнүн даңкы чыкканда, күйөө балабыздын да таскагы чыкты. “Эмнеге менден биринчи “Заслуженныйды” аласың?” деп Таттыкеме көп кол көтөрчү тура. Кээде этин көгөртө уруп, эртеси эл байкабай калсын деп ваннага муздак сууга түшүүгө буйручу экен. Ошентсе көгала болгон жерлери билинбей калчу тура. Ошентип, он жыл ыйкы-тыйкы болуп жашашты. Акыры ажыраштырып алдым.
– Таттыбүбү эженин акыркы күндөрүнөн кеп салып берсеңиз.
– Ошол жылдары айылда жүрүп калдым. Азыр жок дегенде жанында өзүм болсом, мынчалыкка жетпейт беле деп ойлоп кетем. Таттыбүбү өзү деле мага эч нерсе деп айтчу эмес. Бир эле жолу телефон чалып мени үйүнө чакырды. Столдун үстүнө тамак-ашын, шампанын коюп коюптур. Ошондо кургурум минтип айтты: “Нукен, мен театрда иштеген он беш жылдын ичинде биринчи жолу женсоветтен быйыл түштүм. Ошону белгилеп коёлу деп чакырдым”,- деди. Көрсө, ушунчалык ур-тепкиге алып, моралдык жактан сындырып коюшуптур. Он беш жыл бою тынбай жаман жагын айта берсе, адам кантип чүнчүбөсүн... Кийин уксам, тигилер Таттыбүбү эртең менен келе электе аракты бөлмөсүнө чачып, кийимдерине сиңдирип коюшчу тура. Анан ары-бери өткөндө “тиги дагы ичип келиптир. Арак жыттанып жатат” деп артынан сөз кылышчу экен. “Жараксыз актриса, театрдан чыгарабыз” дешип, бирок Бакен Кыдыкееванын жардамы менен кайра калтырышыптыр. 30 жашында таланты ташкындап, башкы ролдорду ойноп, дүйнөгө таанылып жатканда “жараксыз” дегенге кайсы туз ургурдун оозу барды, билбейм...
– Эженин өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет. Сиз аны акыркы жолу качан көргөнсүз?
– Ошол эле жылы апам кайтыш болуп кетти. Эркектерге да анча эмес, кызга жаман болот экен. Таттыкемдин кыйналып жүргөнүн көрүп, кичине да болсо эс алсынчы деген ой менен курортко жолдомо алып берип жаткырдым. Жаткырган күнү эле мени командировкага үч күнгө айдап жиберишти. Азыр ойлосом, атайын ушундай кылышкан окшойт. Үч күндөн кийин келсем эле Таттыбүбү курортто жок. Дайынын эч ким билбейт. Врач же медсестралар да сөзгө келбей коюшту. Издебеген жерим жок, моргго чейин чалдым. Акыры психоневрологиялык ооруканадан таптым. Энтигип жетип барсам, “карантин” деп жазып коюшуптур. Таттыбүбүнүн жанында үч курбусу бар экен. Аларды коё берип, эмне үчүн мени коё бербейсиңер деп урушуп кеттим. Акыры Таттыбүбүнү чакыртып алып сүйлөштүм.
– Таттыке, эмне болду?- дедим. Көзү бакырайып, жашылданып калган экен. Ызаланганда ушинтип кетмейи бар эле.
– Билбейм Нукен, өзүм да түшүнбөй жатам. Сен кеткен түнү эле “Тез жардам” менен зордоп, ушул жайга алып келишти. Эмнеге экенин билбейм,- деди.
Эмне деп соороторумду билбей калдым. Көрсө, ошол биздин акыркы көрүшкөнүбүз экен. Репетициям бар эле. Бирок жүрөгүм элеп-желеп болуп кыйналганымдан, балдарды таратып жиберип үйгө жөнөдүм. Үйдө театрдын дөө-шааларынын баары отурган экен. “Таттыбүбүздөн ажырап калдык” дешти. Сөөгү да Ала-Арчага коюлбай калды. Ал жакка «Народный» сыйлыгын алгандар гана коюлат деген мыйзам бар эле. Таттыбүбүнү Орок айылындагы адырга койдук. Коштошуу учурундагы анын сулуулугун сөз менен айтып жеткире албайм. Эл сулуу дешкени менен, мен элес деле алчу эмес окшойм. Акыркы мүнөттөгү сулуулугу башкача эле. Апакай жүзүндөгү тарам-тарам кызылдар да өчпөптүр. Кирпиктери эми ачылып кетчүдөй, ууртунда күлкү ойноп турган экен, каралдымдын.
– Ооруканадан эмне деген диагноз коюшту?
– Таттыбүбүгө мен кеткенден кийин медсестра кыз тамчылатма дары куйган экен. Ошол боюнча кайра келбейт. Ал дары түгөнүп, мээсине аба чаап кетет. Диагнозун “башында шишик бар” деп коюшту.
– Эженин артында калган балдары тууралуу кеп салсаңыз.
– Кызы Асел турмушка чыгып, өз турмушу менен. Ал эми уулу Канат болсо, үйбүлөлүү. Кесиби боюнча стоматолог. Таттыбүбү өлгөндөн кийин анын эмгеги унутулбас үчүн көп мээнет кылдым. Театрдын жанындагы гүлбакча Таттыбүбүнүн атынан коюлсун деп чуркап, акыры мүдөөмө жеттим. Эми, буюрса, ал гүлбакчага быйыл эстелигин коюу максаты алдымда турат.
Ушундай, окурман, “сулуулук дүйнөнү сактап калат” дейбиз. Бирок сулуулукту биз сактап кала албаган экенбиз... Эмнеси болсо да, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элеси эч качан унутулбайт.

Сыйлыктары

  • Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти.
  • Уркуянын образын мыкты аткаргандыгы үчүн «Советтик граждандардын эрдиги үчүн» дипломун алган.
  • «Кызыл алма» фильминдеги бейтааныш кыздын образы үчүн (Швейцариянын Локарно аймагында өткөн Бүткүл дүйнөлүк 28-ки­но­фестивалында) Ардак грамота менен сыйланган.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
12.06.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга келген бир суулууу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: