Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВАНЫН ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

№550 17-май-23-май, 2013-ж


«АЙБАНДАРЧА КОЛ САЛУУ, КОРКУТУУ – БУЛ ЭМНЕ ДЕГЕН ШУМДУК?»
Бул сөздү мындан 3 жыл мурда КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева айтып катуу капа болгон эле. Тактап айтканда, 2010-жылдын 2-январында ырчы айым жолдошу Таалай экөө белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-токмокко алынган. Үйдөн чыгып баратканда экөөнү күтүп турган бейтааныш 3 жигит кол салып сабап, «бирөөнү капа кылып жүрөсүң, жөн жүр» деген эскертүү сөзүн айтып коркутуп кетишкен. Ырчыга карата жасалган бул чабуул биринчиси эмес. Ал окуядан бир нече күн мурун бир концертке барганда Айчүрөк айымдын машинасын талкалап кетишкен. «Сен бирөөнү таарынткансың, жөн жүр, балдарың жетим калат» деген өңдүү телефон чалып коркутуулар да болуп турган.
Ырчы айым укук коргоо органдарына арыз жазган менен, тилекке каршы, ошол убакта бул кылмыштын бети ачылбай калган. Анткени ал Бакиевдин бийлигинин тушунда эле. Ал окуядан соң Айчүрөк айым ооруп да, коркуп да катуу жапа чегип жүрдү. Бул иштерди мурда кол алдында жүргөн, көз алдында чоңоюп тарбияланган бирөө кылдырып жатканын көпчүлүк боолгологон. Айчүрөк айым өзү билип турса да, «ооба, ошол» деп айткан эмес, «Кудайга койдум» деп тим болгон. «Менин турмушумда ушундай жаман окуя болуп кетти. Мындай нерсени душманыма да каалабайм. Айбандарча кол салуу, коркутуу – бул эмне деген шумдук?!» деп көзү жашылданып маек берген эле. Андан бери далай суулар акты, айлар өттү. Качан сураба ырчы айым «ооруканада жатам» деп айтчу. Өмүрүнө коркунуч, ден соолугуна зыян алып келген ошол чуулгандуу окуяны эч унута албастыгын айтып эле келет.

«АТКАРУУЧУЛАР КАРМАЛДЫ, БИРОК АЙЧҮРӨК АЙЫМ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫ»
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз эстрада жылдызы Айчүрөк Иманалиеванын өмүрүнө кол салды деп шектелгендерди 3 жылдан кийин таап, кармады. Бирок ырчы айым кылмышка шектелип кармалгандарга карата «доом жок» деген арыз жазып бериптир. Анысын ырчы өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугунан корккондугу деп түшүндүк.

Окуя тууралуу УКККББнын бир кызматкери төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул кылмыш ишине шектүү адамдар кармалды, бирок Айчүрөк Иманалиева тосмо арыз жазып, токтотконго туура келип, буюртма берген адамдарды тактоого жетишпей калдык. Өзү аягына чейин турса жакшы болмок. Жабырлануучулар мындай тосмо арыз жазып коюп, иш сотто «сынып» калган учурлар көп. Айчүрөк айымды да түшүнсө болот, үй-бүлөсүн ойлоп, аялдык кылып чочулап койду окшойт. Ага кимдир бирөөлөр телефон чалып коркутушкан, ошондо нерви чыдабай кетти окшойт. Биз да бир сутка бою Айчүрөк Иманалиеваны кайтардык. Кимдер коркутуп чалгандыгын биз болжолдуу билебиз, тосмо арыз жазбаганда аягына чыкмакпыз. Эми учурда камакта жаткандардын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктайт. Сот тосмо арыз жазылгандыгын эске алып аларды бошотуп жибериши мүмкүн. Азыр деле кеч эмес, эгер Айчүрөк Иманалиева кайра арыз жазса, бул кылмыштын түбүнө жетебиз.

«КАРМАЛГАНДАР КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ»
Андан соң ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси РАФИК МАМБЕТАЛИЕВге кайрылсак, ал бул иш боюнча төмөнкүлөрдү билдирди
:
– 2010-жылдын баш чендеринде белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеваны жана анын жолдошу Таалай Жумабековду концерттен чыгып Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү үйүнө кирерде 3-4 белгисиз адам эч себепсиз эле ур-токмокко алып, сабап кетишкен. Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол убакта короодо жүрүп кылмышка күбө болгон адамдар суралган. Бирок кылмышкерлер аныкталбай, иш токтоп турган.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында биздин башкармалыктын кызматкерлерине «бул кылмышка Бауржан Карышкырбаев, Таалайбек Ысманов жана Самар Жолдошов дегендердин тийиштиги бар» деген оперативдүү маалымат түшкөн. Анан бул ишти биз өз карообузга алганбыз. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бул кылмышка шектелип 1988-жылы туулган Бауржан Карышкырбаев жана 1985-жылы туулган Таалайбек Ысманов колго түшүрүлдү. Экөө тең Камчы Көлбаевге тиешелүү кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү. Аларды жабырлануучу жана күбөлөр таанып, ушул деп көрсөтүп беришти. Таалайбек Ысманов деген бизде мурун кылган башка кылмышы (орган кызматкерин сабагандыгы) үчүн издөөдө жүргөн. Экөө тең Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Бул кылмышка тиешелүү дагы 2-3 жаран бар, алардын үстүнөн да иштеп жатабыз. Учурда тергөө аяктап, сотко жөнөттүк.

КАРТ ЖАРАСЫ КАЙРА ТЫРМАЛДЫ
3 жыл мурунку окуя бүгүнкү күнгө чейин уланып, телефон чалып коркуткандар болуп келе жатканын Айчүрөк айымдын сөздөрүнөн улам билдик. Эл алдына жаркырап-жайнап чыгып жүрсө «буларда кайгы жок» деп ойлошот. Сыртынан кайраттуу көрүнгөнү менен, көөдөнү ооруп, көкүрөгү жашка муунуп турганын ырчы айым менен сүйлөшүп отуруп байкадым. Аны дүпөйүл кылган нерселер дале бар өңдүү. Ушул окуя тууралуу бар чындыкты мына төгүп салам деп баратып, эмнегедир кетенчиктеп, «балким, бир күн акыйкат жеңип чыгар» деп үмүттөнө үн катпай тилин тишине катып калат. Анткени эне жүрөгү чочулайт, балдарынын, жакындарынын өмүрү үчүн да кооптонот. «Арызын алды, демек, коркту» деп жыйынтык чыгарган да туура эмес. Анткени жашоодо кылмыштар жазасыз калбайт. Сот аркылуубу, Жараткан аркылуубу, айырмасы жок. Ошон үчүн да жашоо – бумеранг дешет.

«Супердин» сурак бурчу
ШОУ-БИЗНЕСТЕГИ ИЧ АРА КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮЛӨРДҮ ЧОГУУ-ЧАРАН ЖӨНГӨ САЛА АЛАСЫЗДАРБЫ?

Турусбек Жумалиев, алпаруучу:
– Эгерде бизде мыйзам жакшы иштесе мындай адамдарды жок кылуу оңой эле. Мындай кылмышка баргандарды мен маңкурттар демекмин. Жашоодо өз ордун таба албаган коркок адамдар гана бирөөгө заказ бердиртип коркутуп-үркүтүшөт.

Кенже Дүйшеева, ырчы:
– Шоу-бизнесте ички согуш, тышкы согуш деген түшүнүк бар. Ич ара тартыштын негизги себеби акча болушу да мүмкүн. Мындайда өздөрү эле ич ара чечип койсо болот. Бирок жамандык кылган адам бүгүнкү күнү жыргашы мүмкүн, эртең эки эсе жамандык тартып каларын унутпаш керек.

Мирбек Иманбеков, ырчы:
– Шоу-бизнестин арасындагы адамдар эле коркутуп-үркүтүп жатса, аны ич ара чечишип алганга болот. Эгер сырттан адамдар аралаша турган болсо, анда ар бир ырчы өзү чечиши керек. Мен бул өңдүү көйгөйлөрдү эч кимди аралаштырбай дайыма өзүм бүтүрүп келем.

Асел Турдалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Кайсы гана өлкөнүн жараны болбосун, өз өлкөсүнүн мыйзамдарына баш ийип жашашы керек. Эгер маданият чөйрөсүндө ушундай көрүнүш кайталана берсе, баарыбыз чогулуп сүйлөшүп, маселени мамлекетке, сотко жеткирбей өзүбүз чечишибиз керек.

Бакыт Букаев, шоумен:
– Азыр элдин баары, чоңдор баш болуп маселеси болсо крим дүйнөнү аралаштырып чечип жатышпайбы. Эгер мамлекетте тартип, мыйзам иштебесе, мыйзам жазган депутаттар өздөрү жаман иштерге аралашып жүрсө, биз кайдан чечебиз ал маселени? Биз алардын алдында алсызбыз.

Бегимай Туратбекова, актриса:
– Ич ара чечкенге каршымын. Себеби досуң деле бир күнү касың болуп калып жатпайбы. Ич ара чечсе деле болот, бирок мыйзам деген мыйзам. Колу менен жасаганды моюну менен тартыш керек.Ич ара чечишүү болбогон нерсе.

star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(99)
20.05.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
чындап эле Бакиевдин еч тиешеси жок бул жерде кошбогулачы аны бул карандай гана черный черный пияры Айчурок эжекебиздин менин оюмча
20.05.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика эле кылган. Башка кыздары менен антип деле чатакташкан эмес да. Кантип өзү чоңойткон адамга кол салдыртсын? Адамдык сапатынан тайып бараткан го сулуу кыздын көзүн май басып. Кенже айткандай, кимге жамандык кылсаң кийин айланып эле башыңа келет, ошону да ойлонуп коюш керек.
20.05.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
venchik,
Кой, чон кыз. Антип бироону жамандабагыла, аны ошол нерсенин устунон кармап албагандан сон. Ким кылса да, ошол нерсени озу корот мындан 2 эсе болуп...
20.05.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Бегимайдын айтканына мен да кошулам. Ким болбосун, мыйзамды бузган сон, ошол мыйзамдын негизинде оз жазасын алыш керек. Антпесе мыйзамдын кереги жок болуп калат.
20.05.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тээгэлэ Анжелика буюртма берип атканда жанында тургандай жазыпсынар да.Бай дегендей анын жолдошунун байлыгын санап кордунор беле? Бул жашоодо баары бумеранг кайтат бир куну.
20.05.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сырты жалтырак ичи калтырак деген ошо да ушундай ишке кантип барды деп ойлойсун, бул жерде бай куйоосунун деле куноосу жок ал байкуш Анжеликанын кылыгын билген деле жок болуш керек
20.05.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы Айчурок эжеден кечирим сурадым деп койот биринчи кудай кечирсин
21.05.2013. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asel86, кудайдан сиз учун Анжелика кечирим сурайт го дейм.....окуп алып!
21.05.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AsyaAsya, бул Анжелика сенсин да,сен эч теке кылбасан Айчурок эжеден эмнеге кечирим сурайсын,ошол кызык,значит бул жерде сенин да тиешен бар.эми элге уят болосун коросун го.
20.05.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо Камчы колбаевдин сотунда айтылып жатпайбы, мага баланча депутат акча карыз болчу, анан мени Камчы Колбаевдин алдына чакырып коркутту деп. Депутаттар крим дуйносун аралаштырып, маселелерди чечишип жатса, ырчыларга эмне дейбиз.
Чыгармачыл адамдын дурогу назик болот дейт го, эгер заказ берген адам чыгармачыл дуйнонун кишиси болсо, озунун журогу чыдабай эле жакында олуп калат болуш керек.
20.05.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого жамандык кылгын келип жатканда Аллах Тааланы,анын алдында жооп берээринди эстесен оюндан дароо кайтасын.Бул оюнан кайта албай,ушундай кылмыштарды жасап жургондорду кудайы жок,шайтандын кызматкерлери деп билем.Эмне болсо да Аллах Таала туура жолго салып,кылган куноонор учун омур бою кечирим сурап отосунор деген тилектемин.Айчурок эжекеге ийгилик,аман болунуз,сиздин артынызда калдайган калын эл турат,эч нерседен коркпонуз,Аллахым ден-соолук берсин.
20.05.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз билген назик айым Анжеликанын колунан ушундай иштер келип жатса,башкасы кулун кокко сапыратго....Анжелика кечирим сурадым деп актанганы менен озунун беделине чооон дак калтырды,аябай окунучтуу.
Ананда Бакиевди неге ортого кыпчый кетишкен,тушунсом буйрубасын.Же Бакиев менен сулуу айымыбыз биргеликте киши жалдашканбы ыя?!))))))Качкын ажобуздун ошол кезде Айчуроктонда важный проблемаларга белчесинен батып журбоду беле.Куюшканга кыпчытпайле койбопсунардааааа))))
21.05.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, Бакиевти бул жерде куноолу деген жок просто ошол иш болгон кезде Бакиевтин ызы чуусу болуп калган ошон учун сот болбой ошол кезде издоо болгон эмес деп жатат кылмышкерлерге.Бул жерде Айчурок эжеге кол салган кимдин колунан келгени корунуп эле турбайбы
20.05.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми тоок уурдалсада,тээ Бакиев президент болуп турганда болгон окуя,эгер ал болбогондо тоогум уурдалбай калмак, Бироону бироо жыга чапсада ким куноолу Бакиев куноолу болуп,экс ажобуз озунчоле приколго айландыго.Байкуштун кулагы жакында ушактардан кызара берип, узулуп тушсо, тан калбай эле койгула....)))))
20.05.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
анжелика кылганына ишенбейм себеби ал озу да эне тим более ал эмне кылсын апасындай болуп калган аялга кол салдырып айчурок экоо жакшынакай болуп жарашып алганда дагы ортосуна от жакпагылачы эне бала болуп журо беришсин концерттерди коюп
21.05.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08, туптуууууура!!!!Ийгилик!!!Уй-булолоруно бакыт!!!экоо тен Кыргызымдын улгу алчу айымдарынан!!!чогуу ырдап да чыгышса экен ,ичи куйгондорду мат кылып!!!
21.05.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AsyaAsya, ай шумдук,Анжелика ушундай созду озун айткандан уялбайсынбы просто кулкум келет,сенин колундан мындай чыккынчылык келип жатса кантип сенден улгу алсын кыздар.просто соз жок экен сага.
20.05.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айчyрok эже cиздин эмгегинизди эл баалайт . Адам yбагында kимдин жардамы менен бyтyна тyрyп, эл koзyнo koрyнгoнyн бат эле yнyтат эkен,бирok ycтyдo Аллах баарын koрyп тyрат
21.05.2013. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azem2013, туура айтасыз,Аллах коруп турат деп!!!Сизди да коруп ,угуп турат!ким эмне унутуп,туура эмес иш кылганын айтып беришибизге убакыт да баарыбызга келээр,кыйналып калба,жалган суйлоп!!!
20.05.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
айчурок эже,душманды алыстан издебе,колтугунда жаткан душман болуп чыгат деген соз озу туптуура!сиз аркылуу атак данкка жетишип ,ыраазычылыгын айткандын ордуна,минтип кол салып отурган адам жакшылык корбосун ылайым!!!соз ээсин табат!айчурок эже,сизге ийгилик!
21.05.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika2009, ошо колтугундагы адамды душман кылып тарбияласа керек да!Жини келсе аялы куйоосун олтуруп деле жатпайбы???Ошо назик аялды куйоосун олтургудой кылып жаткан ким,мисалы?????Куйоосу озу!!!Балким жакшылыкка жакшылык жарашса да жарашпай жаткандай кылып жаткан ушакчылар ырбатып жатат!!!Айчурок эже сизди,акылдуу айым катары эле эсептечумун,Элге озунузду кечке ушинтип жарыялаганыныз туура эмес го!!!Милиция оз ишин так аткарып отчетун бердиби,озунуз койберипсиз,же Анжеликаны карматыш керек беле?
21.05.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AsyaAsya, ошо колтугундагы адамды душман кылып тарбияласа керек да дегенин эмне аны жаман болсун деген эмес да,просто ал адамдын башы жок
01.06.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AsyaAsya, ай иииййй анжелика....эми кезек куйооно жеттиби???
20.05.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыныр иш кырк жылдан кийин билинет дейт элибизде. Аны ким жасатып жатканын билуу да алыс эмес.
20.05.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
сулуу болуп туруп озунон бир топ улуу адамга тийди темболя байга,Анжелика еле кылган бул ишти,Айчурок еже деле жакшы билет аягы Анжелика болуп чыгышын ошого тосмо арыз жазган,не болсода бакан кызы мееримин берип,аны Анжелика бир тыйынгада баалабайт.
20.05.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Анжелика кылса анда молодец Анжелика. Айчуроктун характерин билет кандай адам экенин билет ошого жасатты да. Андан да Анжелика куйого тийгенде капа болуп кралбастык кылып жургон. Эсли оз кызындай болуп мээримин токсо Батасын берип жакшына узутмак.
20.05.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Keshaa, Туура айтасын себеби Анжелика акылдуу айым. Айчурок эжебиздин эле кара пиары андан коро жаны ыр жазбайбы эжекебиз коптон бери жаны ырларын уга элекмин.
21.05.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jibeka09, жоок Анжеликаны акылдуу деп кантип айтып жатасынар,бул кылганы кылмыш болуп жатса,Анда кылмыш кылган адамды колдой берели Кыргызстан кандай болуп калат экен
22.05.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanu, ким билет Айчурок эженин Анжеликадан башка деле душмандары бардыр баарынар Анжеликага эле асылбай.же доказательства барбы экен?
20.05.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бая күнү бир гезиттен да окудум эле, сөз Анжелика тууралуу эле болубаткансыйт. Капыстан эле кечирим сурап калганында да бир мандем барбы дейм. Бирок ишене албай турам Анжелика ошол ишке барганына. Балким тигилер Анжелика суранбаса деле кылышкандыр.
20.05.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Super info yrchylardyn oiun surap atyp Anjelikanyn da oiun surap korboit belenger? Anjelika ozuno tiesheluu komentterge srazu chyga kalyp joop jazchu ele go a emne bul jolu unu chykpai kalgan"
Tochno...
21.05.2013. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Pozitiff, ошо суперге кирбей окубай эле койсо экен!!!Не кылат чындыкты айтам деп силерге чыркырап!!!кудай карап турат!!!
21.05.2013. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AsyaAsya, ой аябай жан талашыпсын го эмне мынча биз да билгенибизди жазып жатабыз
20.05.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айчурок эже кечиримдуу ак конул айым экен,буга чейин эле ким заказ кылганын билген болчу,бул сабагандар табылганга чейин эле кечирим сурап баргандарды кечирген,мындан аары ортонордо ынтымак эле болуп турсун анжелика экоонордун.
20.05.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эски нерселерди чукуламай жакпайт алар чечишип албады беле.
21.05.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Салам,окурмандар!!!Жуз пайыз Анжелика сабаткан эмес!И мындай нерсеге эч качан барбайт!Эртеден кечке озу менен озу тыпырчылап иштеп жургон адамга жалаа жалган жаап куноого батпагыла!!!Кумон да санабагыла!!!Мейли канчоонор билерман болуп,ушул ушакчы журналисттерге кошулуп Анжеликаны жамандай бергиле-аны ошончо бейишке жакындатып,башка куноолорун мойнунарга иле бергиле!!!Ал туура кылат бул жакка кирбей,и окубаса экен эч нерсени!!!Жон жерден адамдын журогун оорутпай жашайлы Кыргыз-туугандар!
21.05.2013. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
AsyaAsya, Анжелика сулуу чымчык боло бербе кызым биз сени жакшы билебиз.... бирге Швейцарияга барбадык беле))) Актаныштын кереги жок! Болбосо анын эртеден кечке иштегенин...бул жакка кирбегенин, окубаганын сен Анжелика озунон башка ким билмек эле!
21.05.2013. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
AsyaAsya, Апееееей Анжелика уят барбы деги сенде? Ушакчы журналисттер деп ошондо сен кимди айтып жатасын? Супер инфонубу? Эгер билсен Айчурок эже аркылуу анан Супер-инфо аркылуу сен таанылгансын! Эми Супер-инфонун журналисттери ушакчы болуп калдыбы сага? Мен Супер-инфонун журналисттерин сыйлайм канча артистерге жардам берип элге таанытып журот ошолордун арасында сен дагы барсын! Суперчилерден айланып кет!!!!!!
Модератор shasi түзөттү 23.05.2013 11:50
24.05.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AsyaAsya,(Анжелика) сен жонундо соз боло электе эле актана баштапсында ээх аябай куусун ушул жерде башын иштебей калыптырда озун токмоктоткондугуну билдирип алдын. Жогорудагы актанууну жазбасан эле сенин эч ким чыгармак эмес и токмоктотконунда билинмек эмес.
Модератор admin_superstan түзөттү 24.05.2013 14:12
21.05.2013. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен филармонияда иштейм. Маданият министирлиги аркылуу Швейцарияга, филармонияда иштеген группа менен жоноп аткан жерибизден. Чыркыратып бир кызыбызды списоктон чийдиртип эч кандай филармонияга тиешеси жок, уну жок Анжеликаны ордуна кошуп Адыл Бакиев кошо барган! Чон артисттерди козго илбей, жолдошу бар экенине карабай кыздардан болунуп Анжелика Адыл Бакиев менен бир болмодо жаткан! Бул ачуу чындык комментарийди очурбогуло! Эгерде тактагынар келсе филармониядагы артисттерге кайрылгыла!
21.05.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kanushai, созунуз туура эмес чыгып калпыныз далилденсе-гезиттин биринчи бетине жана-ушак учун соттолосуз!!!Суйлоштук!!!
21.05.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Kanushai, ичин куйуп туз жала!!!Эртен Анжеликанын куйоосуно ушул созунду кайталап бересин!!!Мен чындык учун курошуп сени табам!!!Мен алыс адамы болсом да,Анжелика мындай жолго эч качан барбайт деп созум берем!!!Ичин куйгон АКМАК!!!
21.05.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AsyaAsya, ай Анжелика сен эмне эми Канышайды коркутуп жатасынбы Айчурок эже бутуп?! Соз бергидей сен эмне Кудайсынбы? Анжелика озун экенин билинип калды!!!
21.05.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AidaiAlieva, Анжелика корсо дагы корорбуз не дээрин!!!
21.05.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
AidaiAlieva,мен озум эртен Буйруса куйоосу Урматты ,Анжеликаны таап аягына чыгышын суранам!Себеби сендей адамдар бул ушакчы жашоону бузган бузукуларсынар!!!
23.05.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
AsyaAsya, Анжелика ушунчага барып уят болбой эле койсон болмок, ачыкка чыгып алып ар кимди коркутуп-уркутконунду токтотуп АДАМ болсон боло!!! бет тырмалык кылып урушпай. колундан ушунча арам иштер келээри бетинде жазылып турат!
21.05.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Kanushai, Окуп чыктым интервьюсун,Камбаркан ансамбли менен барыптыр,кимдин ким менен жатканын ошол адамдар айтып берет сага!!!Келесооо бар сура ошолордон билбей дагы бир ушакты угуп алып апырта бербей!!!ар бир адам оз созуно далил бар болсо суйлосун!!!Соттолуп кетпегиле жалган учун,айтып коеюн,жардам катары!!!
21.05.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ai4urok ozu dele aityp 4ikpadi bele wvecariaga kim arkiluu barganin bilem dep kop ei juzduulonbosun anjelika bolboso betine koiup berem degen menin mes ai4urok ayimdin super infogo bergen interviewsunda bar
24.05.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_07,Айчурок ошол Швейцарияда болгон окуяларды айтып берип баштаганда сабалып кеткен,ал жерде калп эле менин байкем деп ошол мужик менен туноп жургону чын турбайбы,э?Коп нерселреди айтпа деп коркутуп,сабашкан.Сен дагы эми сабалып кетпе;)
21.05.2013. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бир Гана Кудай билет ким буйрук бергенин , ......
21.05.2013. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бул балким Айчуроктун оюну да болушу мумкун... Арыз жазган сон, акырына чейин турбайбы...ушунчалык корксо(тобо кылайын) гезиттерге жарыя кылбай койбойбу?
Анжеликаны куноолобогуло! Эмне озунон чонго тийди деп сындайсынар, анан эмне силерге тиймек беле!,куйоосу бай болсо пешенесине жазганы, куйоосу суйуп эле алып атпайбы? Бул деген аялдык- бакыт!
Мага чынында Айчурогу да, Анжеликасы да кызыктырбайт!
Болгону оюнун токтотушсунчу, окуугум да келбейт ушуларды!
Дагы тобо Бак
21.05.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanushai, AsyaAsya, жеке айтышууларга тыюу салынган!
Kanushai, далили жок жалаа жабууга болбойт.
Сизге эскертүү!
AsyaAsya, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сындар үчүн атайы ачылган тема бар, ошол жакка жазылышы керек, 10 күн БАН!
Модератор shasi түзөттү 23.05.2013 11:54
21.05.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жакта эрежеден чыккан комментарийлер өчүрүлүп, алардын авторлору жазаланды.
Эми баарыңарга эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 24.05.2013 14:10
21.05.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
21.05.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчиден, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
21.05.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика эле деб ойлоб калдым.Айчурок эжеге рахмат айтыб кайра апасындай мамиле кылса болмок.Айчурок эже Анжеликаны алыб чыкбаганда Анжелика ушунчалык дуркуроб озу ойлогондой нерселери болбойт эле.Журот эледа бир жерде мындай эле адам болуб.Азыр журот озун ЗВЕЗДА сезиб.Айчурок эже мн иштеген убагындагы эле ЖАНЫМ деген ырын билем анан ЖОЖОЛОРУМДУ башка ырын уга элекмин турмушка чыкканынан бери.Адамга озу жакшылык жакбайтда.эмнеси болсода куноо кылдыбы жазасын алыш керек АНЖЕЛАСЫНБЫ башкасынбы?
21.05.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info yrchylardyn oiun surap jatkanda Anjelikadan da surap korsongor bolmok, Anjelika ozu jonundo jazylgan komentterge srazu chyga kalyp joop jazat ele go? azyr emne unu chykpai kalgan
21.05.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айчурок алып чыкты ле деп аябай Анжеликаны мындай кылып коесунар бияктан Анжеликанын сулуулугу да бир топ ролду ойнойт, сулуу болбосо айчурок эжекебиз алып чыгалбайт болчу да, конечно Айчурок эже алып чыкты андан ары алып кеткен Анжеликанын сулуулугу и аракетин да эске алсак
21.05.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Damanurcha, ар бир адам озунчо сулуу,жана азыркы кезде сулуу болуш бир паста эле ,салон красотыга кирсен эле жасалма жол менен сулууланып алсан болот,бирок ,адамдык касиеттен кетпеш керек,бул жерде эч кандай сулуулук роль ойногон жок!!!айчурок эже деле супсулуу !!!
21.05.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aika2009, туура соз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: