Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шарттарды түзүү максатында ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы, Бишкек шаарынын мэриясы жана «Плюс» коомдук фонду тарабынан келишим түзүлүп, шаардын 10 жол чырак объектисине көрүүсү начар адамдар үчүн үн коштоочу жабдуулар орнотулат. Келишимдин шарттары боюнча, бардык чыгымдарды «Плюс» коомдук фонду өзүнө алат. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы менен жол кесилиштери макулдашылып, бекитилген. Үн коштоочу жабдуулар 2013-жылдын 13-майында Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишине коюлду.