
КМШ өлкөлөрүнүн, Балтика жана Грузиянын башкы редакторлор клубунун мүчөлөрү менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу болду. Анда Кыргызстандагы абал, келечек пландар тууралуу сөз болду.
Өлкө башчы Кыргызстан Бажы биримдигине кире тургандыгын айтып, «ар бир өлкө өз жолун өзү тандап алат. Евробиримдикке кирсек деле кубанычта болмокпуз, бирок биз Бажы биримдигине кирүүнү тандап алдык» деди. Анын айтымында, 2015-жылы Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деген маалымат азырынча болжолдуу түрдө гана айтылууда.
Акыркы жылдарда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу коңшу Өзбекстандын тынчын алып келүүдө. Бул маселеде өзбек бийлигине маалымат толук жетпегендигин айткан президент ГЭСке каршы болгон Казакстан да сүйлөшүүлөрдөн кийин аларга керек экендигин түшүнгөндүгүн айтты. «Камбар-Ата-1 ГЭСи Өзбекстанга Токтогул суу сактагычындагы суу азайып кеткенде керек болот. Өзбекстандын премьер-министрине документтерди бердим. Менимче, маалыматтар президентке толук жетпей жатат»,- деп кошумчалады.
Кыргызстандын экс-президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин жазаланарына ишенерин айткан учурдагы президент мурунку өлкө башчыларынын тагдыры кийинкилер үчүн чоң сабак болуш керек деп эсептейт.
Мындан сырткары мамлекет башчысы 2014-жылы келишимдин мөөнөтү аяктаган соң АКШнын транзиттик базасы Кыргызстандан чыгарыла тургандыгын дагы бир ирет баса белгилеп өттү.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
Бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга жол берилбейт!
1 күн банга!
Сизге эскертүү!
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат!
Башка колдонуучунун өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз. Дагы кайталанса сайттан четтетүүгө аргасыз болобуз! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
кыргызстанды онуктуройун дедим эле бирок элдер озу менен озу болуп онугуп атышат
деп ким айттыле угуп алып олло кулгомун
жашоодон кыйналып кеттикко баарыбызле
Атамбаев жакшы иштеп жошоо оноло баштаса мен эмнеге атамбаевти жамандамак элем айткылачы
кыйналганыбыздан айтып атабызда.
А Бакиевтин убагы менин эсимде ар дайым жакшы сезимдер менен кала берет аны эч кимин очуро албайсынар мин жамандап